Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:56

Мародерчулук: жаңы демилге талкууда


7-апрелдеги окуядан кийин таланып-тонолгон дүкөндөрдүн бири. Бишкек, 8-апрель, 2010.
7-апрелдеги окуядан кийин таланып-тонолгон дүкөндөрдүн бири. Бишкек, 8-апрель, 2010.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексине “мародерчулук” боюнча атайын берене кириши мүмкүн.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина калайман башаламандык, өзгөчө кырдаалда жана табигый кырсыкта талап-тоногондордун үй-мүлкүн конфискациялап, 10 жылга чейин эркинен ажыратуу боюнча мыйзам долбоорун даярдады.

Кыргызстанда 2005, андан кийин 2010-жылдагы революция маалында ири мародерчулук фактылары катталган эле. Бирок талап-тоногондор жана аларды жоопко тартуу боюнча талаш-тартышка чекит коюла элек.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина Кылмыш-жаза кодексинде "мародерчулук" боюнча атайын берене жоктугунан талап-тоноого баргандар жазасыз калып жатканын айтууда:

- Мародерчулуктан дүйнө жыйнаган, анын кыныгын алган, ошол эле кезде жазасыз каларын бөркүндөй эле көргөн жарандар тобу бар экен. Мен мисалы 2005 - 2010-жылдардагы талап-тоноочулук боюнча кимдер жоопко тартылганын жакшы билбейм. Кимдир бирөө жоопко тартылдыбы? Бул аскердик эле эмес, социалдык көрүнүш да болуп калды. Жер титирөө, балким жол кырсыгынан кийин талап-тоноо болушу мүмкүн. Мисалы, мага унаа кырсыгынан кийин эс-учун билбей жаткан, же каза тапкан адамдардын алтын буюмдарын, акчасын кымырып кеткен фактылар болгонун айтып беришти. Бул деле мародерчулук.

Ирина Карамушкина мындай кылмыштар үчүн беш жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратып, үй-мүлкүн мамлекетке чегерүүнү сунуштап жатат. Эми бул мыйзам долбоорду Жогорку Кеңеш комитеттерге жана жалпы жыйынга алып чыгаардан мурун коомчулуктун талкуусуна коймокчу.

Парламенттеги Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук комитетинин мүчөсү, депутат Канатбек Исаев бул боюнча эң ириде адистердин пикирин билүү маанилүү деп эсептейт:

- Эң биринчи кезекте укук коргоо органдары, соттор бул боюнча өзүнүн оюн айтышы керек. “Ушундай аракеттер ишке ашпай жатат, чечимдер чыкпай жатат, анткени Кылмыш-жаза кодексинин ушул жерлери чийки болуп жатат, ушундай нерселер каралбай калган”, дегендей пикирин айтышы зарыл. Эгер алар мындай берене керек десе, ошого жараша чечим болот. Анткени биз жазган мыйзамдар мамлекеттеги бийлик бутактары жакшы иштеши үчүн жазылышы керек.

Бирок Кылмыш-жаза кодексине “мародерчулук” боюнча өзүнчө берене киргизүү демилгесин колдобогондор да бар. Парламенттеги “Ата-Журт” фракциясынан депутат Курмантай Абдиевдин баамында, талап-тоногондорго азыркы мыйзамдардын негизинде эле укуктук баа берүүгө болот:

- Бир беренеге эле эки-үч жылды кошо коюп, мыйзам долбоор кийримей модага да айланып бараткандай. Мен мына прокуратура чөйрөсүндө 30 жылдан ашык иштегем, Кылмыш-жаза кодексинин бир дагы беренесин өзгөртүп, же кошумча эч нерсе даярдаган жокмун. Анткени бир эле беренени өзгөртүү үчүн бүтүндөй региондорду кыдырып, талкууларды уюштуруп, баарынын пикирин сурап билип, ошону менен катар дүйнөлүк тажрыйбаны да эске алышыбыз керек. Дүйнөдөн бөлүнүп кала албайбыз, анан калса бир топ протоколдорго кол койгонбуз. Азыркы кодексте “талап-тоноо, каракчылык” деген түшүнүктөр бар. Ошол жерге эле кишинин башына кырсык түшкөндөгү жагдайларды да кошуп коюуга мүмкүн эле. Ошол эле кылмыштар туш келе турган беренелер бар. Биздин Кылмыш-жаза кодекси жакшы жазылган, бардык эле кыймыл-аракеттерди камтыйт.

Мукар Чолпонбаев талап-тоногондорго тандалма мамиле болуп жатканына токтолду:

- Бул жерде эң чоң маселе - кимди жоопко тартуу тууралуу бийликтин ой-максатында турат. Эмне себептен 2010-жылы 7-апрелдеги Бакиевдин мүлкүн гана талагандарды жоопко тартып жатат, ал эми калгандардын бирөөнү да жоопко тарткан жок. Бул кызыкчылык бир тараптуу жүрүп жатканын көргөзөт. Экинчи маселе, колунда жоктор, башкача айтканда аткаргандар гана жоопко тартылып, уюштурган, багыт берген адамдар жоопко тартылбай турат. Мына ушул эки маселени гана мыйзам чегинде чечсе, эч кандай талаш-тартыш болбойт эле.

Кыргызстан эки революцияны баштан өткөргөн. Экөөндө тең ири соода жайлар каракталган, ошол кездеги бийликтегилер жана алардын жакындарына таандык мал-мүлктөр тонолгон, банктардан акчалар уурдалган. Азыр Апрель окуясындагы талап-тоноочулук боюнча коомчулукта да, парламентте да талаштуу талкуу аяктай элек.

XS
SM
MD
LG