Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:39

Жумгал: чиеленишкен чыр ырбоодо


Жумгал. Камактагы жакындарыбыз ур-тепкиге алынды дегендер райондун борборунда 6 күн бою ачкачылык кармашты.
Жумгал. Камактагы жакындарыбыз ур-тепкиге алынды дегендер райондун борборунда 6 күн бою ачкачылык кармашты.

Нарындын Жумгал райондук сотунда 20-февралда соттолуучуларга өрт койгондугу үчүн камалгандардын жакындары ачкачылыгын токтотту.

10-майдан бери райондук драма театрынын жанына тиккен боз үйдө ачкачылык кармаган отузга жакын аял кечээ нааразылык акциясын токтотуп, тарап кетишти. Алар райондук бийлик өкүлдөрү көңүл бурбай койгонуна нааразы болуп, 19-майдан тарта Бишкекте акция уюштурарын билдирүүдө.

Алардын жакындары 20-февралда сот отурумунда айыпталуучуларга өрт койгон деп шектелип, эки айдан бери Нарындагы убактылуу камоочу жайда жатат.

Камалган төртөөнүн энеси, экөөнүн аялы, жалпы алты киши ачкачылык жарыялашкан. Алар камалгандардын эч кандай күнөөсү жок экенин, тергөөдө уруп-согуп, күнөөнү моюнга алдыруу болгонун айтышат. Күйөөсү укук коргоочу катары гана сотко катышып, бейкүнөө камакта жатканын айткан Дамира Садырбаева митингдин талаптарына токтоду:

- Биринчи талабыбыз - Нарындын ички иштер башкармалыгынын башчысы Нарынбек Молдоисаев камалсын. Себеби, милициялар иштебегендиктен ушул иш болуп отурат. Экинчи талап - Мамбеталиевди өлтүргөн үч милиция камалсын. Ошол сотто коопсуздукту сактай албаган милициялар жооп берсин. Балдар бошотулсун.

Ачкачылык кармагандар арасында жетимиштен ашкан Батма Жунушалиева да бар. Ал сотто болгон окуяда баласынын эч кандай күнөөсү жоктугун айтты:

- Баламдын күнөөсү болсо токмоктобой териштирсе болмок. Күнөөсү болсо эл калыс, балам күнөөлүү болсо мен да мындай кылбайт элем. Баламды окуяда болупсуң, видеого түшүп калыпсың деди. Анан сабаса жан деген кыйын да, макул болгон окшойт. Ал күнү балам тишин дарылатам деп келип туруп калган экен.
Ачкачылык кармагандардын талаптары. 16-май.
Ачкачылык кармагандардын талаптары. 16-май.


Нааразычылыкка чыккан Зуурабүбү Муталиева камалгандар тергөө учурунда милиция кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынганын айтууда.

- Эртең менен жумушка кеткем, анан он жарымда баламды милиция алып кетиптир. Ошол эле күнү Нарынга алып барып, беш күн тынбай сабаптыр. Бөйрөгүнөн согончогуна чейин көгала дейт. Биз бир айдан кийин жолуктук, ошондо колунун көгаласы бир шумдук. Эмне мынча сабады десем, Токтогулов Рустамды сууга салгансың, ошону мойнуңа ал дептир.

Камалгандардын жакындары буга чейин кайрылып кат жазбаган, барып эшик какпаган жери калган эмес. Акыры ачкачылык кармай баштадык, эми талаптар аткарылбаса, 19-майда Бишкекке барып, нааразычылык акциясын улантабыз дешти.

Ачкачылык кармап отурган укук коргоочу Дамира Садырбаева болсо соттогу башаламандыкка милицияны күнөөлүү деп эсептейт:

- Бүт баарын уюштурган өздөрү. Анан үч милициянын бирөөсү жок деп жатышат, бирок аны көргөндөр бар экен. Ак машинеге башка милициялар салып кетиптир.

Садырбаева тергөөнү Нарында эмес, борбордогу Башкы прокуратура жүргүзсүн деген талабын да кошумчалады.

Окуя учурунда 17 милиционер жабыркаганы айтылган. Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын Нарындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Адилет Эшенов милиция айыпталуучулардын коопсуздугуна көз жумган жана башаламандыкка жол берген деди:

- Айыпталуучуга өрт койгонго жол берүү милициянын чоң кемчилиги. Ошол себептен бул чыр барган сайын ырбап жатат. Милиция ошол коопсуздукту сакташ үчүн ал жерде турду да.
Жумгал: Ачкачылык кармаган апалар
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:01 0:00


Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Нарынбек Молдоисаевден пикир алууга мүмкүн болбоду. Анын ордуна орун басары Чолпонбек Бейшеналиев менен телефон аркылуу байланышканыбызда:

- Башаламандыкты алар өздөрү баштады. Ал жерде саналуу гана кызматкер болгон. Коопсуздук сактаганга мүмкүн болбой калган. Канча кызматкер турганын билбейм, коопсуздук боюнча жетекчи анан башка орун басар жооп берет да, - деп жооп берди.

Акыйкатчынын Нарындагы өкүлү Тойгонбай Жаанбаев камактагылардын денесинде кыйноонун белгилери бар экенин билдирди. Ал камакта жаткандар менен жолугуп чыккан.

- Облустук прокуратура эки жолу кыйноолор фактысы боюнча иш козгоодон баш тарты. Негиздер жок, далилденген эмес деп. Бирок кыйноолор болгон, биз акты түзүп, сабалган белгилерди сүрөткө тартып материал чогултканбыз. Бирок милиция танып жатат. Анан кармалган учурда дагы мыйзамсыз аракеттер болгон, бул боюнча дагы билдирген элек. Азыр Ички иштер министрлигинен сегиз милицияга сөгүш берилди.

Ал эми Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Жоробай Абдраимов жогоруда айтылган дооматтарды четке какты:

- Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы кызматтан алынды. Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилерине тартиптик жаза чарасы колдонулду. Эми уруп-согуу боюнча азыр баары эле ошенте беришет. Бардыгын далилдеп берсин, бизди көзөмөл кылган органдар бар. Далилдеген кагазын көтөрүп келсе ынанасың да.

Былтыр декабрда Чаек айылынын жашоочусу Айбек Мамбеталиев Кара-Кечедеги көмүр кенинде каза тапкан. Анын өлүмүнө шектелген жергиликтүү үч милиция кызматкерине кылмыш иши козголгон. 20-февралда окуя боюнча сот жүрүп жаткан учурда жабыркаган тарап темир тордо отурган cоттолуучуларга май чачып, өрттөөгө аракет кылган. Андан жабыркаган айыпталуучулардын экөө ооруканага жатып чыккан. Чатак учурунда жоголгон үчүнчү милиционер ушул күнгө чейин табыла элек.

Нарын облустук соту милиция кызматкерлерине өрт койгон Мамбеталиевдин ата-энеси, туугандарына кошуп жалпы 13 кишини камакка алган.

Айбек Мамбеталиев өлгөндөн кийин кылмыштуу топ менен байланышы болгон деген маалымат тараган.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG