Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:35

Борбор Азия университетинин курулушу токтоп калды


Нарын шаарындагы эстелик.
Нарын шаарындагы эстелик.

Нарын шаарында 2000-жылы башталган окуу жайдын курулушу 2012-жылга чейин бүтүшү керек эле.

Бул арада акыйкатчы Турсунбек Акун «Ага Хан» эл аралык кору куруп жаткан Нарындагы Борбор Азия университетинде бир катар күмөндүү жагдайлар бар экенин айтып чыкты. Анын айтымында, аталган кор университеттин курулушун создуктуруп, салыктарды төлөбөй келген.

Нарын шаарынын батыш тарабындагы 230 гектардан ашык жерде 2000-жылы башталган окуу жайдын курулушу 2012-жылга чейин бүткөрүлөт деп мерчемделген. Бирок университеттин курулушу бүгүнкүгө чейин создуктуруп жатканы жергиликтүү айрым тургундардын нааразылыгын туудурду дейт акыйкатчы Турсунбек Акун:

- Негизи университеттин курулушу 2012-жылы бүткөрүлүп, андагы 4-5 кампуста студенттер окуй баштайт деп убада кылышкан экен. Учурда болсо бир да имарат бүткөрүлбөй, курулуш иштери токтоп турат. Жергиликтүү эл болсо "булар калпычы экен", - деп кол шилтеп калышыптыр.

Муну менен катар акыйкатчы “Ага Хан” кору бир катар мыйзам бузууларга жол берген деп ырастоодо:

- Нарында курулушчуларды даярдайбыз деп атайын кесиптик окуу жай уюштуруп, бир нече тургунду кабыл алышыптыр. Алар бул жерде окуш үчүн 39 миң сомдон төлөшүптүр. Кабыл алып жатканда окууну бүткөн соң жумушка орноштурабыз, 500 долларга жакын айлык төлөйбүз деп келишимге кол коюлган экен. Бул убадасын да аткарбай, учурда 180 жаран көчөдө жүрөт. Муну менен катар бул кордун өкүлдөрү 10 жылдан ашык убакыттан бери Кытайга кирип-чыгып, ар кыл нерсени Тажикстандагы Хорогго, Тоолуу Бадахшанга ташып, бирок бажы төлөмдөрүн төлөшпөйт экен.

Акыйкатчынын оюнча, тиешелүү мекемелер университет курулушундагы күмөндүү жагдайларды териштирүүсү зарыл.

Бирок “Ага Хан” корунун өкүлдөрү акыйкатчынын дооматтарын четке кагып, Борбор Азия университетинин курулушунун создугушу боюнча өз жүйөөлөрүн келтирүүдө. Аталган университеттин жетекчиси Богдан Кравченко “Азаттыкка” мындай аргументин билдирди:

- Биз башында 2012-жылга чейин куруп бүтөбүз деп пландап жатканбыз. Бирок ага чейин курулуш иштерин даярдап, имаратты куралы деп экинчи ирет сейсмологиялык текшерүүдөн өткөрсөк, университет жайгаша турган жерде жарака бар экени аныкталды. Мындан улам окуу жайды куруу планын кайра иштеп чыгууга туура келди. Учурда университетти курууга даярдыктар жүрүп жатат. Быйыл күн жылыгандан тарта башкы имаратты куруу башталат да, 2016-жылы күздөн тарта студенттерди кабыл ала баштайбыз.

Ал эми Турсунбек Акундун салыктарды төлөбөйт деген маалыматына Кравченко төмөнкүдөй жооп кайтарды:

- Чындыгында эле кесиптик орто окуу жай ачып, аларды куруучулукка окутканбыз. Бирок окууну бүтүп, жумушка алынбай калгандар акыйкатчы айткандай 180 эмес, 15-16 гана адам. Аларга дагы жумуш караштырып, жакын арада жумушка алууну пландап жатабыз. Ал эми акыйкатчы айтып жаткан бажы төлөмдөрү боюнча айтсак, биздин университет Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан жана “Ага Хан” корунун ортосундагы эл аралык келишимдин негизинде курулуп жатат. Биздин эч кандай коммерциялык пайда көрүү деген максатыбыз жок. Тескерисинче, билим берүүгө көптөгөн каражат жумшап, жергиликтүү элди иш менен камсыз кылып жатабыз. Мындан улам эл аралык келишимге ылайык, бул долбоор бардык төлөмдөрдөн бошотулган. Ошондуктан акыйкатчы мырза жаңылышат

Кравченконун айтымында, учурда Борбор Азия университетинин долбооруна Нарындын 200гө жакын тургуну тартылган. “Ага Хандын” өкүлүнүн бажы төлөмдөрдөн толугу менен бошотулганы тууралуу маалыматын Кыргызстандын Бажы кызматынан да тастыкташты.

Университетке байланыштуу Нарын тургундарынын пикири да ар башка. Бир даары Турсунбек Акундукун туура көрсө, дагы бирлери муну маанилүү долбоорго бут тосуу катары баалап жатат. Маселен, шаардагы активист Эркин Асаналиевдин айтымында, окуу жайдын курулушунун создугушу шаардыктарын ишенимине суу сепкендей болду:

- Алгач университет курулат дегенде баарыбыз сүйүнгөнбүз. Бирок 12 жылдан бери эле эч нерсени бүткөрбөй, нарындыктарды алдап келатат. Эч кандай курулуш курулган жок, болгону бир эки кабаттуу имарат куруп, аны кайра бузуп, сыртын бир күнү ак, бир күнү көк кылып сырдагандан башка эч нерсе кылышкан жок. Биздин жерди, жайытты тартып алып, же курулуш жүрбөйт же эл иш менен камсыз болбойт.

Ошол эле кезде “Нарындын жаш лидерлери” коомдук уюмунун жетекчиси Эрлан Салбаев нааразы болууга негиз жок деген пикирде:

- Бул биз үчүн маанилүү долбоор болуп жатпайбы. Ал жөнүндө начар деле пикир уга элекпиз. Эч нерсе боло электе эле ушунтип кыйкыра берсе бизге кайсы инвестор келсин?

Аравиядагы исмаилиттердин канзаадасы Карим Ага Хандын кору каржылаган Борбор Азия университети - Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстанды камтыган долбоор. Келишимге ылайык, бул университеттин Кыргызстандын Нарын, Казакстандын Текели, Тажикстандын Хорог шаарларында студенттик кампустары курулушу керек. Нарындагы кампуста Борбор Азия өлкөлөрү менен Ооганстандан 1200гө жакын студент билим алаары болжондонгон.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG