Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

Нарын: балдардын эрмеги дарыя


Нарын шаарын аралап аккан Нарын дарыясынын жанында жайкы аптапта ондогон өспүрүмдөр ойношот. Жыл сайын сууга чөгүп кеткен окуялар катталат. Быйыл андай факты жок болсо да, ата-энелер дайрага кеткен балдарым эмне болду деп сарсанаага батат.

Шаардын этек жагындагы аралчада өспүрүмдөр сууга түшүп жатышат.

Бери жактан каалгып агып жаткан дайрага жакындаган сайын күркүрөп, улам сүрдүү көрүнөт. Бул дарыяга кантип коркпой түшүшөт деп таң калдым.

Сууга чүмкүп чыккандар ташка жатып, күнгө кактанууда. Алардын бири Амангелди:

- 8-класска көчтүм. Бир жылдан бери ушул сууга түшөм. Себеби элдин баары ушул сууга түшүшөт. Коркунучтуу эмес, кудай сактасын. Сууга агып кеткен учурлар болгон эмес.

Турарбек “күндүн ысыгында Нарында же бассейн болбосо, дарыяга түшпөй кайда барабыз” деп кабыргадан суроо койду:

- Биз бул сууга түшкөнү келсек кир болот. Бассейн жок, айла жок түшөбүз. Ата-энебиз деле жибербейт, качып чыгабыз.

Кичинекей көлмөгө түшкүлө дейт, бирок биз бул чоң суунун жээгиндеги көлмөгө келебиз. Кечке чейин жүрбөйбүз, түштөн кийин эле кетебиз.


Суу жээктеги өспүрүмдөр менен баарлашкан соң өйдөлөп чоң жолго баратып, суу сүйрөгөн Жыпара айым менен кобураша кеттик.

”Азаттык”: Сиз балдарыңызды көлмөгө түшкөнгө уруксат берип жибересизби?

- Мен деле жибербейм, кичинекей болсо. Балдары барлардыкы эми өздөрү билет да. Ал жакка жибербейт элем.

Нарын суунун жээги болсо, каяктан жиберебиз. Коркосуң да. Анан балдар өздөрү кетип атат, ата-энесине айтпай эле.


Шаар тургуну Гүлкайыр балдарын Нарын дарыяга коё бербейт, анткени коркот:

- Жок, жибербейм. Андан көрө Ысык-Көлгө жибергеним жакшы. Качып чыгып кетпейт. Анткени баламды көзөмөлдөп турам. Жада калса кошунаныкына бараарда айтып кетет. Ал шар аккан суу, терең, коркунучтуу, кир, муздак. Кантип түшүшөт?

Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Болот Арзыгулов өспүрүмдөрдүн иштери боюнча инспекторлор түшүндүрүү, окуу иштерин жүргүзүшөрүн белгилеп, бирок жайкы аптапта өспүрүмдөр баары бир сууга түшөт дейт:

- Ойноп атып сууга түшүп кеткен факты болгон, мурдагы жылы эки бала түшүп кеткен. Дале дайынсыз.

Акыркы жолу Нарын суусунун 64 аймагы жактагы көпүрөдө ойноп атканын көрүшкөн. Бут кийимдери калып калган. Ал эми дарыянын жээгиндеги көлмөлөрдө түшүп жүргөндөрдүн агып кеткен факты жок.


Нарын шаары боюнча куткаруу кызматынын башчысы Темирбек Касымбеков балдар жасалма чоң арыктарда сууга түшөрүн, 2-класстан 11-класска чейин коопсуздук сабактары өтүлүп турарын маалымдады.

- Кудайга шүгүр, бул жылы сууга чөгүп кеткен фактылар жок. Бирок жай саратанында балдардын баарынын Ысык-Көлгө барганга шарты жок. Жок дегенде шаар ичинде бир канча бассейн болгондо ата-энелеринин да балам дайрага кетип бирдеме болдубу деп эси чыкпайт эле.

XS
SM
MD
LG