Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:12

Нарында ГЭСтердин курулушу башталды


12-июнда ГЭСтер каскады жайгашкан Нарын районундагы Таш-Башат айылында курулуш иштерин ачуу жөрөлгөсү болду.

Бул иш-чарага келген президент Алмазбек Атамбаев ГЭСтердин курулушун кыргыз экономикасына түрткү бере турган долбоор катары сыпаттады. Нарын -1 ГЭСи 2016-жылы бүтөт деп пландалууда. Калган үч ГЭС 2019-жылы ишке киришет. Буга чейин Орусия менен биргеликте төрт ГЭС курулары макулдашылса, эми дагы экини куруу жөнүндө сүйлөшүү жүрүп жатканы айтылды.

Президент Алмазбек Атамбаев бул курулуш бир гана энергетика жагынан гана пайда алып келбестен, Нарын аймагындагы экономикалык жылышка өбөлгө болот деп ишендирди:

- Бул ГЭСтердин курулушу миңдеген жаңы орундарды түзөт. Курулуш иштери кызыган кезде миңден ашык курулушчу иштейт экен. Ал эми ага тартылуучу айдоочу, кызмат көрсөтүүчү жаатындагы адамдарды кошконубузда дагы көптөгөн жумуш орундары пайда болору анык. Эң негизгиси бул жумушка жергиликтүү тургундар, жаштар тартылат. Бул аймактын экономикалык жактан жакшыруусуна өбөлгө болот.

Буга чейинки макулдашууларда Нарын жогорку каскадында төрт ГЭС салынмак. Орусия башчысы Владмир Путиндин Кыргызстанга келген иш сапары убагында дагы 2 ГЭС куруу жөнүндө сүйлөшүү болгон. Ошентип, жалпы 6 ГЭС салынарын “Русгидро” ишканасынын башчысы Евгений Дод билдирди:

- Кыргыз президенти айткандай бул башталыш эле, Нарын дарыясына алдыда дагы көптөгөн ГЭСтерди салса болот. Орусия менен дагы эки ГЭСтин долбоору быйыл бүтөт деп ишенебиз. Мен ушундай окуяга катышып жатканыма кубанычтамын.

Нарын -1 ГЭСи 2016-жылы бүтөт, калган үч ГЭС 2019-жылы ишке киришери айтылды. Бирок канча каражат салынары так айтылган жок. Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев курулушка 2000ден ашык жумушчу керек экенин жана анын 80 пайызы жергиликтүү тургундар болоорун белгиледи:

- Азыр айтыш кыйын, балким 90-80 пайыз жумушчуну жергиликтүү калк түзөт. Себеби биз Камбар-Ата-2 ГЭСин өзүбүз салбадыкпы. Анан бул жактан деле адистер чыгат деп ишенем.

Курулуш иштерине Нарындан 1500дөй адам учурда жумушка катталган. “Русгидронун” талаптарына ылайык, адистер сынактын негизде алынат. Орток айыл өкмөтүнүн башчысы Миртемир Турдалиевдин айтымында, учурда айылдагы кесиптик лицейден курулушка даярдоо курстары башталды:

- Бизде азыр кошуна айылдагы лицейде балдар окуп баштады. Алар буюрса сертификат алышат. Окуйбуз деген балдар көп, сырт жакта жүргөндөр дагы чалып жатышат. Кесиптик лицейден курулушту окутуп жатабыз.

Нарындын алыскы айылдарында жашаган жаштар да курулуш иштерине иштөөгө кызыкдар, бирок маалыматтын жоктугунан далай жаштар кайда бараарын билбей жатат дейт Куланак айылынын тургуну Айылчы Токталиев:

- Азыр иштейбиз деген балдар толтура. Бирок кайсы жакка кайрыларын билбейт. ГЭСтердин курулушу боюнча теле-радиодон маалымат аз. Ошол жагын жакшыртуу керек.

Буга чейин Орусия тараптан каскадды куруудагы Кыргызстандын өнөктөшү “Русгидро” ишканасы - ГЭСтердин курулушу 5 - 6 жылга созулуп, алгачкы гидроагрегат 2016-жылы ишке кирерин маалымдаган.

Орусия менен биргеликте Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарындагы ГЭСтер каскадын куруу боюнча келишимге былтыр кол коюлган. Ага ылайык, аталган долбоорду толугу менен Орусия каржылайт, үлүш болсо теңме-тең бөлүнмөкчү.

ГЭСтер курулуп бүтсө Нарын, Ысык-Көл облустарын электр жарыгы менен камсыз кылат. Төрт ГЭСтин кубаттуулугу 237 мегаватты түзөт. ГЭСтердин агрегатына суу тартып келүүчү канал 25 чакырымды түзүп, 67 гектар жерди ээлейт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG