Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:32

Кымыз бизнесинин да өз түйшүгү бар


Бишкек – Торугарт жолунун боюнда кымыз бизнеси жанданды. Айрыкча Нарындан Долонго чейинки жолдо боз үйлөр менен желелер тизилип, ары-бери өткөндүн көзүн кызытат.

Илгертеден келаткан Көк-Каптал аты өчүп, "Кырк боз үй" атыккан бул жер жайкысын өзүнчө эле шаар болуп жатып калат.

“Кырк боз үйдө” кырка тизилген жыйырмадай вагондо соодагерлер жашайт. Жол боюндагы үстөлдөрдө бөтөлкө кымыздар, курут-сүзмө катар тизилген. Кымыз саткандар көбүнчө Жерге-Тал, Кара-Чий сыяктуу чукул айылдардан келишет.

Өздөрү бээ байлашпайт, жакын жердеги тууган, тааныш малчылардан алышат. Кымыз сатып иштегенине он жылдай болуп калган Жаңы-Талап айылынын тургуну Кенжегүл бул сооданын кыныгын алган:

- Сезон учурунда келебиз, алты ай соода кылабыз, сезон учурунда чоң эле базар болот. Колубуздан келген курут, сүзмө сатабыз. Быйыл курут кымбат, килосу жүз сом. Ар кимден ар кандай кымыз келет: суу кошулган самопалы да бар, аларды албайбыз, анткени өтпөйт. Анан порошок кошосуңар деп сөз болот. Үй-бүлөбүз менен көчүп келип айыл болуп жашайбыз. Эми бир аз акча түшкөн үчүн келебиз да, бала-бакыраны багыш керек, айылда болсо жумуш жок.

Кымызчылардын балдары да соодага көнгөн, ары-бери өткөн машинелер токтой калса, чымын-куюн болуп жете барышат. Сегизинчи класста окуган Айкүмүш жайкы каникулду жалаң ата-энесине кымыз сатышып өткөрөт экен:

- Литри элүү сомдон, анан көп алгандарга баасын түшүрүп беребиз, 40 сомдон болот.

"Азаттык": Кымыздан башка эмне сатасың?

- Курут, сүзмө.

"Азаттык": Кантип сатасың? "Меникин ал" деп кыйкырасыңарбы?

- Жок, машине токтосо сатабыз, кардар каалаган кишисине барат, талашпайбыз. Май айынын аягында келем, анан сентябрда окуу башталганда кетем.

"Азаттык": Бул жактан тапкан акчаңа ата-энең эмне алып берет?

- Кийинебиз, кышкы азык-түлүктөрдү камдайбыз, өзүбүздүн керегибизге жумшайбыз.

"Азаттык": Канча жашыңан бери чыгып жүрөсүң?

- Бешинчи класстан бери чыгам. Бул жактан ар кандай кишилер алат, кээ бирлери "кымызыңарга суу кошуп коюпсуңар, минтипсиңер" дейт, жакшы кишилер жөн эле алып кетет. Биз негизи таза сатабыз, суу кошпойбуз.

"Азаттык": Кымызды көбүнчө ким алат?

- Кыргыздар, туристтер бир чыныдан эле ичишет.

Бээ байлаган өз кишилерден сүтүн 10-20 сомдон чогултуп келишип, вагондордо бышып чыгышат, каалагандын баары эле келип сата албайт, "таанышың жок кымыз чогулта албайсың" дейт Чынара:

- Жайлоодон күндө алып келебиз, үстүндө ата-энем, байкемдин желеси бар, бир тууганымдан дүңүнөн алып келип сатам.

"Азаттык": Сыр болбосо күнүнө канча литр сатасыңар?

- Эми ар кандай. Кээде жакшы болгондо 50-70 литрден кетет, жаңы башталганда 100-80 сом менен башталып, 25 сомго чейин түшөт, биз кымызды жайлоодон да жакшы бышырабыз, сүтүн алып келип, майы менен. Мен үч кишиникин сатам, бул жерде баары ошондой. Балдарыбыз жакшы жардам берет, баарына жумшайбыз, эми ушунун баары эле эмгек да.

Бул жерде телефон эмес, үналгы, сыналгы да тартпайт. "Кырк боз үй" аталып калганы кымыз жаңыдан сатыла баштаган жылдары кырктай боз үй тигилип, кымыз бизнеси башталган дешет жергиликтүүлөр.

Кыскасы өкмөттөн жумуш сурап же чет жакка кетпестен, байып кетпесе да, анча-мынча оокат-кечесине жеткидей киреше чогултушат.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG