Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:25

Нарындык дарыгерлердин ызасы


Нарындык дарыгерлер митингде. 3-июнь, 2015-жыл
Нарындык дарыгерлер митингде. 3-июнь, 2015-жыл

Нарын облустук бириктирилген оорукананын дарыгерлери бир ставка менен иштебейбиз дешүүдө. Натыйжада калкты тейлеген доктурлардын таңсыктыгы күчөшү мүмкүн болуп турат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин мерчемине ылайык, дарыгердин бир ставкасы 168 саат менен чектелет. Бирок Нарында дарыгерлер жетпегендиктен көпчүлүгү бир жарым ставкадан - эки ставкага чейин иштешчү.

Бирок 2012-жылы өзгөртүлгөн Эмгек кодексинин 333-беренесине байланыштуу ак халатчандар мындан ары бир ставкадан ашык иштебесин айтып чыгышты. Беренеде дарыгерлердин иш өлчөмүнө, айкалыштырып иштөөсүнө чектөө киргизилип, ага жараша айлык акы да азаяры жазылган.

Нарындык дарыгерлер мындан бир ай мурда эле Эмгек кодексине кирген бул өзгөртүүгө макул эместигин билдиришкен. Ага өкмөт маани бербегенден улам, ыза болгон догдурлардын 70 пайызга жакыны бир ставкадан ашык иштебей тургандыгын тастыктаган арыздарын жазып беришти.

Облустук оорукананын дарыгери Жоомарт Абдыкасымов жагдайды мындайча түшүндүрдү:

- Патриот катары элди ойлоп иштейли десек, азыр врачтардын көбү кредит төгүшөт, балдарынын контрагы бар. Анан аларга деле караш керек да. Бир ай мурун ушуну айтып чыктык эле. Анан министрликке, Жогорку Кеңешке кайрылдык деп биздин жетекчилик айтып жатат. Бирок жыйынтык жок. Эгер жарым ставкага бийик тоолуу шартта иштеди деген кошумча акча кошулбаса, анда баарыбызга эле жумуштун кызыкчылыгы жок.

Облустук оорукананын жаш дарыгери Рысбек Чойбеков алты ай мурда жаш дарыгерлер депозити программасы боюнча үч жылдык келишим менен Нарынга келген. Өзү Жалал-Абаддан. Жаңы жобонун айынан эми ал кайра кетсемби деп ойлонуп жатканын айтты:

- Бишкекте иштеген менен, Нарында иштегендин айырмасы жок болуп атпайбы. Биз бийик тоолуу аймактын айлыгына карап келгенбиз да. Азыр ошондо келген он чакты врач Бажы биримдигине кирсек, тыш жакка барып эле иштесекпи деп ойлонуп атабыз. Анткени айлык аз болгондон кийин бул жакта деле кыйналып иштөөнүн кажети жок.

Дарыгерлер талап коюшту

Нарын облустук оорукананын башкы дарыгери Мурат Атбаев болсо дарыгерлер жетишсиз болгон учурда Нарын медициналык окуу жайдын мугалимдерин күзөткө турганга чакырууга аргасыз болобуз дейт. Ал ушундай кадр жетишпеген убакта ашык иштебейбиз деген дарыгерлер менен өзүнчө сүйлөшүп жатат.

- Айрым дарыгерлер иштебейбиз деп ультиматум коюп жатышат. Мен алар менен сүйлөштүм. Эми Эмгек кодексинин статьясын өзгөртүү үчүн көп убакыт керек экен. Процедуралардан өтүшү керек экен. Ошого чейин элдин да кызыкчылыгын ойлоп, иштеп турушун мен бардык врачтардан, медиктерден суранып атам.

Нарын облустук бириктирилген ооруканада 45 дарыгер жетишсиз. Акыркы жылдары ооруканага жаш кадрлар келгени жокко эсе. Ал эми оорукананын психонаркологиялык бөлүмүнө 30 жылдан бери бир дагы жаш кадр келбегенин аталган бөлүмдүн жетекчилиги маалымдашат.

XS
SM
MD
LG