Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:20

Элден сабыр качканда...


Кыргыз журтунда ич ара түтүмдүүлүк жана ызаатташуу маанайын кантип калыптандыруу мүмкүн?

Рамазан айында бири-биринин күнөөсүн кечиришип, урушкандар жарашуусу керек деген жөрөлгө бар. Бирок акыркы кезде күнүмдүк тиричиликтен тарта мамлекеттин тагдырына таасир берген саясий середе да сабырдуулук, бири-бирин ызааттоо касиеттери солгундап бараткансыйт.

"Арай көз чарай" талкуусуна акын жана жазуучусу Меңди Мамазаирова, Кыргыз либерал партиясынын мүчөсү Манас Саматов, акын жана журналист Зайырбек Ажыматов катышты.

“Азаттык”: Улуу эпостордо айкөл деп, адабияттарда чыдамкай, кайраттуу жана токпейил деп сыпатталган кыргыздарга акыркы кезде токтоо болбой калды, сабыры качты деген сындар айтыла баштады . Бул жөндүүбү?

Меңди Мамазаирова: Бир жагынан алганда бул деле жөндүү сыяктуу сезилет. Азыр бардыгыбыз эле жанталашып, өз көмөчүбүзгө күл тартып, чыдамсыз, сабырсыз болуп баратканыбыз байкалат.

Илгери бизди ата-энелерибиз кенедейибизден “өчтү өчүргүлө, кекти кечиргиле” деген сыяктуу макалдар менен тарбиялап келген. Азыр шартка, турмуштун ритмине жараша адамдардын мүнөзү да, дүйнө кабылдоосу, бири-бирине болгон мамилеси өзгөрүп бараткансыйт.

Бирок баары эле ушундай деп үмүттү үзүп койгон да болбойт. Арасында топуктуу, элге акылын айткан, жакшылыгын аябаган адамдар да абдан көп.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:32 0:00
Түз линк


please wait

No media source currently available

0:00 0:11:49 0:00
Түз линк

Зайырбек Ажыматов: Сабыр качты деген пикирлерге кошулам. Сабыр жөнүндө динде да, улуттук дүйнө таанымыбызда да айтылып келген. Мисалы, “сабырдын түбү сары алтын”, “сабырдуу жетет муратка, ашынган калат уятка” деген макал-лакаптардан улам билебиз.

Сабырдын качканы тууралуу “Менин бабам мендей эмес, башка эле” деп ыр жаздым эле. Кыргыз өзүнүн дүйнө таанымын, улуттук каада-салтын, нарк-насилин, парасатын жоготуп турган мезгилде сабырдуулук деген касиет да качып, көзгө көрүнбөй калып жатат. Биз өзүбүздүн нукура баалуулуктарды сактай албай калдык.

Улуттук өзгөчө сапаттарыбызды таппай калганыбызда болуп жатат. Бирде массалык маданият деп Батышка ыңгайлашып жатабыз, бирде бул жакты, бирде тиги жакты туурап, айтор ушундай агымдардан улут өзгөчөлүгүн жоготту.

Ушундай учурда сабыр деген нерсе да бирде “жылт” деп бир жерден көрүнүп, кээде жоголгон абалда турат. Биз улут катары калыптанмайынча, улут катары өзүбүздү өзүбүз таанымайынча улуу сапаттарыбызды кайтарып ала албайбыз, сабырдуу да боло албайбыз.

“Азаттык”: Заман өзгөрдү, аны менен кошо адамдагы жакшы касиеттер жоголду деп айтабыз. Чын эле жогоруда айткан токпейилдик, чыдамкайлык жана сабырдуулук сыяктуу касиеттер заманга байланыштуу жоголдубу же бул адамдын өзүнөнбү?

Манас Саматов: Сабырсыздыктын тамырынын себеби бир эле. Өлкөдө көп жылдан бери адилетсиздик өкүм сүрүп келе жатат. Сабырсыздыктын тамыры да ошого келип такалат деп ойлойм. Болбосо бул касиеттерди эч ким колубуздан тартып алган жок. Коом, турмуш динамикалуу өзгөрүүдө. Эркиндиктин шарапаты менен биз өзүбүздүн ордубуз дүйнөдө кандай экенин, адилетсиздик канчалык күчтүү экенин көрө баштадык.

Мисалы, жапондор канчалык кыйын күндөрдү башынан өткөрсө да өздөрүнүн ата салтын колдон чыгарган жок. Салт-санааларын бузбай реформаларды жасай билишти. Кыргызстанда Батыштын, Чыгыштын таасири дегендей баары аралашып кетти. Биздин коомдо белгилүү бир даражада адашуу да бар.
XS
SM
MD
LG