Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:03

2018: "Азаттыктан" ак бата


Эл акыны Шайлообек Дүйшеев агабыздын "Ак бата" аттуу ырын "Азаттыктын" күйөрмандарына майрамдык белек катары тартуулайбыз.

Урматтуу кыргызстандыктар!

"Азаттыктын" жамааты кирип келген 2018-жылы баарыңыздарга узун өмүр, чың ден соолук, жарык маанай, бакыт-таалай каалайбыз. Баарыбыз ишибиз ийгиликтүү, идеябыз алгылыктуу болуп, көздөгөн тилектерибизге жеткидей бололу. Үй-бүлөңүздөрдө тынчтык, ынтымак уялап Кыргызстаныбыздын эгемендиги бекемделип, көйгөйлөр азайып, өнүгүүгө бет алалы. Ар бир үйдө баланын күлкүсү жаңырып турсун! "Азаттык" дайыма Сиздер менен!

Жокчулуктун эмес,

Токчулуктун жылы болсун.

Каатчылыктын эмес,

Жакшылыктын жылы болсун.

Күйүттүн эмес,

Үмүттүн жылы болсун!

Кудай деген элденбиз,

Кут дөөлөттүү жерденбиз.

Биз ашчу ашуу жапыс болсун,

Биз кеччү суулар тайыз болсун,

Биз басчу жолдор жайык болсун,

Биз кирчү үйлөр жарык болсун!

Кийимибизге кир жукпасын,

Кирпигибизге чаң жукпасын.

Белесте атыбыз үркпөсүн,

Бешикте балабыз коркпосун.

Айылыбызда кырсык болбосун,

Аякта чайыбыз соолбосун,

Ар качан Жараткан колдосун!

Теңир деген элденбиз,

Теңдешсиз асыл жерденбиз.

Ала-Тообузду аяп алалы,

Азаматтарыбызды таяп алалы.

Кыргызстаныбызды аяп алалы,

Кыз-жигиттерибизди таяп алалы!

Жерибизге кум таштабайлы,

Чөлүбүзгө куу таштабайлы,

Көлүбүзгө уу таштабайлы.

Кыргызды сактап келген

Салтыбыздан ажырап,

Санжыргалуу кыргызды

Сарсанаага салбайлы,

Санаалууга бербейли.

Тартышканга салбайлы,

Талашканга бербейли.

Ата жыттуу Ала-Тоо,

Айдыңына Мал толсун!

Эне жыттуу Жер Эне,

Этегине Эл толсун!

Эл-Жер дүйнө бар болсун!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG