Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Гезиттеги жарнама далайды нес кылды


Фейсбук социалдык тармагына жүктөлгон сүрөт.
Фейсбук социалдык тармагына жүктөлгон сүрөт.

Кыргызстандагы гезиттердин бирине чыккан “бала сатып алам” деген жарыя кызуу талкууга жем таштады.

Ал жарыяны чыгарган кыргыз тилдүү “Тамчы” гезити ката кетип калганын айтууда. Ал эми адистер Кыргызстанда мыйзамдуу бала багып алуунун шарты татаал, андыктан бала соодасы тымызын жүрөрүн айтып келишет.

“Тамчы” гезитинин ушул жумада жарык көргөн санында “бир жарым жашка чейинки кыз бала сатып алам” деген жарыя чыккан. Ал жарыяны социалдык тармактарда ар кандай өңүттө кызуу талкуулап жатышат. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев министрликтин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы бул боюнча териштирүү жүргүзө баштаганын “Азаттыкка” билдирди. Азырынча жарыяны ким, кандай максатта бергени аныктала элек.

- Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери азыр иштеп жатат. Азыр ким бергени аныктала элек. Ал эми гезит адам сатуу жарыясын эмнеге бергени түшүнүксүз болуп турат, - деди Осмонбаев.

"Тамчы" гезитинин логотиби.
"Тамчы" гезитинин логотиби.

Жарыяда жарнама берген адамдын телефон номери да көрсөтүлгөн. Бирок ал номурга байланышканыбызда эч ким албай койду. Ал эми “Тамчы” гезиттин редактору Жанар Камбаралиева жарыяда ката кетип калганын, кийинки санында коомчулуктан кечирим сурап, оңдоп-түзөтүү беришерин билдирди.

- Жарнама бөлүмүндөгү кыз багып алам дегенди, сатып алам деп жазып алыптыр. Кийинки санында түшүндүрүп, элден кечирим сурап, оңдоп жазабыз. Эми багып алам деп жарыя берген жакшы эле да, жетим жүргөн балдар ата-энелүү болуп калат.

Бирок бала асыроо мыйзамына ылайык, наристени багып алуунун өз шарттары, жол-жобосу бекитилген. “Дайынсыз жоголгон балдардын ата-энелери” коомдук бирикмесинин жетекчиси Бакыт Эгембердиев Кыргызстанда көмүскө бала соодасы кенен тамыр жайганын айтып келет. Анткени багаар-көрөрү жок же таштанды балдарды асырап алуу мыйзамдык базанын жоктугунан түмөн түйшүккө айланган. Эгембердиев бул жаатта өкмөттүн ишин сынга алды:

- Мамлекеттин жетим балдарды кароо боюнча саясаты жок. Ошон үчүн бала сатуу бизнеси өркүндөгөн. Өзүбүздүн жарандар бала багып алууда толгон тоскоолдуктар бар. Анан көпчүлүк ата-эне андай шарттардан өтпөй калат. Биздин жетим балдардын, жоголгон балдардын коопсуздугун эч ким коргой албайт. Мындай жарыяларды балага муктаж болгондор айласыздан жазышат. Өкмөттүн бирдиктүү программа иштеп чыга албай жатканынан бала сатуу токтобой келет.

Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев жогоруда айтылган сын-пикир менен макул эмес. Ал министрликте бул боюнча иштер жүрүп жатканын айтууда. Базарбаев гезиттеги “сатып алам” же “багып алам” деген жарнамалар мыйзамсыз экенин эскертип, бул нерсеге тийиштүү органдар чара көрүшү керек экенин белгиледи.

Адистер жаңы төрөлгөн наристелерди сатуу же сатып алуу муктаждыгын согончогу канабагандарга бала багып алуу мүмкүнчүлүгү жоктугу менен байланыштырышат. Кыргызстанда ымыркай сатуу же сатууга аракет кылуу фактысы көп эле жолу катталган.

Өткөн жылдын ноябрь айында №4 төрөтканадан уурдалган ымыркай бир топ ызы-чуудан кийин кайра табылса, ушул жылдын апрелинде алты айлык ымыркайын 20 миң сомго саткан 17 жаштагы келин Таласта кармалган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG