Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:19

КГБ Жапаровду жыл адамы атады


Кыргыз гезиттеринин биримдиги - КГБнын айрым мүчөлөрү 21-декабрда маалымат жыйынын өткөрүп, анда камактагы депутат Садыр Жапаровду “Жылдын мыкты адамы” деп табышканын жарыялашты.

Маалымат жыйынына парламенттеги оппозициялык “Ата-Журт” фракциясынын 4 депутаты келип, биримдиктин ишмердигин колдоп сүйлөштү.

Андан соң “Кыргыз гезиттеринин биримдиги” уюмунун теңтөрагасы, “Алиби” гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбеков онго чукул гезиттин кайрылуусун жоопсуз калтырды деп президентке таарынычын жолдоду.

- Президенттен да, анын аппаратынан да жооп болгон жок. Атүгүл телефон чалып, "бул катты эмне үчүн жаздыңар эле, максатыңар эмне" деп сурап койгон жок.

Гезит жетекчиси өлкөдөгү саясий, экономикалык кырдаалга токтолуп, бийликти сынга алды. Маалымат жыйынына келген башка кабарчылар журналисттик ишмердикти саясатка аралаштыруу этикага сыябы деп сурашты. Бабырбек Жээнбеков:

- Мен жаңылбасам, басма сөз каражаттарынын биринчи милдети саясат болуш керек. Өлкөдөгү кырдаалды чагылдырып турушубуз керек, мунун өзү саясат. Бул туура эле. Анткени басма сөздүн бардык өкүлдөрү саясатты чагылдырууга милдеттүү.

“Стан ТВ” телеканалынын журналисти кесиптештери милдеттерин унутуп баратканын эске салды:

- Биздин коомдогу милдетибиз саясат менен алек болуу эмес, элге маалымат жеткирүү. Ал эми кыргыз тилдүү гезиттер биригип алып, оппозицияны ачык колдогонуңардын өзү саясат. Бардык маалымат каражаттары саясат менен алек болууга милдеттүү дегениңиз - абсурд.

Кыргызстан журналистинин этикалык кодексинде журналист саясий ишмердиктен оолак болуусу абзел деп жазылган. "Бирок бул Этикалык кодекске кыргыз тилдүү гезиттер такыр маани бербей жатышат", - деди “Журналисттер” коомдук уюмунун төрагасы Марат Токоев:

- Чынын айтканда гезиттер саясатка катуу аралашып алышты. Бирөөлөрү аргасыздан кылышса, дагы бири атайылап жасап жатат. Журналистте бир эле максат болуш керек - элге калыс, бейтарап маалымат жеткирүү.

Жакында бир катар кыргызча гезит жетекчилери бирикме түзүп, азыркы бийликке оппозицияга өткөнүн жарыялашкан эле. Бирок айрым редакторлор бул биримдикке кирбегенин, же болбосо саясатка аралашып кеткенине каршы экенин билдиришкен.

Кыргызстан сөз эркиндиги жаатында Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдөн кыйла айырмаланып турат. Бирок соңку кездери сөз эркиндиги жоопкерчилик менен тең салмак болбой, атаандаштарын мазактоо, фактыга таянбастан жамандоо орун алганы эл аралык деңгээлде сынга алынган.

Президент Алмазбек Атамбаев "кыргыз тилдүү гезиттер жалаң ушак жазып калды" деп нааразы болсо, башкы прокурор Аида Салянова жалган маалымат үчүн жоопко тартуу зарыл дегендей оюн айткан.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG