Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:45

Кылмыштуу топтун кысымы


Кыргызстанда 17-июлда жарык көргөн басма сөзгө баяндама.

“Дело №” гезитинин бүгүнкү 17-июлдагы чыгарылышында “Акыйкатчы Турсунбек Акунду эмне үчүн кызматтан алды?” деген кенен макалага орун берилген.

Анда Турсунбек Акун чечен улутундагы Абулгазы Цароевди кандайча Оренбург облусундагы кеңешчиси кылып күбөлүк бергендиги жазылат. Ошондой эле Абулгазы Цароев кезинде Нарындагы абакта отурган кылмыш дүйнөсүнүн ана башы делген Азиз Батукаев менен кантип жолукканы тууралуу маалымат камтылган. Макалада Акыйыкатчынын Азиз Батукаевди Кыргызстандан башка жакка дарылатуу жөнүндөгү өтүнүчү жана Жогорку Кеңештин комиссиясынын чечими, Турсунбек Акундун маеги дагы кошо басылган.

Ушул эле “Дело№” гезитинде кабарчы Гүлнара Болотбек кызынын “Өздөрүн Батукаевдин тобунан деп атаган бандиттер Москвадагы кыргыз ишкерлерин коркутуп жана өлтүрүп атат” деген макаласында Москвада кыргыз ишкери Данияр Өмүркуловдун 30-июнда мыкаачылык менен өлтүрүлүшү, Орусиядагы кыргыз ишкерлерине кылмыштуу топтун кысымы тууралуу айтылат.

Ушул эле гезитте мурдагы билим берүү жана илим министри Камила Шаршекееванын алдыдагы президенттик шайлоого талапкерлигин коё турганы кабарланган.

Гезитте экс-министр Акылбек Жапаровдун “Мегакомдун” сатылышына байланыштуу пикири басылып, анда өлкөнүн бюджетин толтуруучу ички булактарды талап-тоноого жол берилип, азыркы өкмөт өз кызыкчылыгын ойлоп жатканы айтылат.

Ушул гезиттеги дагы бир кызыктуу макала “Гастарбайтердин ыйы” деп аталып, анда Дагестанда он жыл бою кул болуп жүрүп, бошотулган кыргызстандыктын тагдыры жана орто азиялыктардын кантип алданып, Дагестандагы кирпич заводдорунда мандикер болуп калышканы, Чеченстандан кулдуктан куткарылган кыргызстандык 50 жаран жөнүндө учкай маалымат жазылган.

Мындан тышкары Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун кичүү кызы АКШдан 58 миллион долларга заңгыраган сарай сатып алганы тууралуу маалымат да бар.

“АиФ - Кыргызстан" гезитинин бүгүнкү санында Бажы биримдигине кирүү боюнча президент Алмазбек Атамбаевдин, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин пикири, быйыл Ысык-Көлгө туристтердин аз санда келишинин себептери басылды.

“Тил жана маданият” деген аталыштагы коомдук-маданий гезитте Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин кыргыз тилинин бүгүнкү абалына сереп салган “Биринчи нарк жоголот, анан салт жоголот” деген пикири басылды. Анда Иманалиев кыргыз тилине күйө турган топ, улуттук нарк дөөлөттү алып жүрө турган интеллигенция болуусу шарт экенин айтып, мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн үч жолун сунуштаган.

Ушул эле гезитте эне тил, каада-салт, кол өнөрчүлүк, хореография боюнча дагы макалалар камтылып, Кыргыз эл артисти Кыргызбай Осмоновдун, Темирлан Сманбековдун, эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаевдин маектери басылды.
XS
SM
MD
LG