Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Көчмөндөр оюндары аймактарды аралайт


Президент Кыргызстанда жыл сайын жер-жерлерде Көчмөндөр оюндары өткөрүлөрүн жар салды.

Бул демилге учурда социалдык тармактарда талкууланып, айрымдар мындай оюн-зооктор биринчи кезекте бюджеттен айлык алгандарга, жергиликтүү ишкерлерге түшкөн түйшүк экенин айтып жатышат.

Экинчи тарап эгер айтылган иш-чаралар сарамжалдуулук менен уюштурулса ички жана сырткы туризмдин өнүгүшүнө, аймак аралык ынтымактын бекемделишине өбөлгө болот деген пикирде.

Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунда жүргөн жумуш сапарында Кыргызстанда жыл сайын республикалык деңгээлде Көчмөндөр оюндары өтүп турмай болгонун билдирди:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

- Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнү Түркия мамлекетине өткөрүп бердик. Биз эми мындан ары республикалык Көчмөндөр оюндарын жалпы өлкөбүзгө жайылтыш үчүн жыл сайын ар бир аймакта өткөрүүнү чечтик. Быйыл республикалык Көчмөндөр оюндарын Манас атабыздын ыйык ордосу болгон Талас облусунан баштайлы деп турабыз. Анан кийин эстафета менен ар бир аймакта өтө баштайт.

Ушул тапта президенттин бул демилгеси социалдык тармактарда түрдүү пикирлерге жем таштады. Алардын арасында «мамлекет мындай той-топурга чыгым болгондон көрө жер-жерлерге завод-фабрикаларды ачууну ойлонбойбу», «кайра эле ошол иш-чараларга кеткен каражат бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлердин айлык акысынан кармалышы мүмкүн», «жергиликтүү бийлик иштебей эле оюн өткөрүү менен алек болуп калат» деген жоромолдор арбын.

Ош шаарынын элге билим берүү башкармалыгынын мурдагы башчысы Куштарбек Кимсанов бул демилгеге сын-пикирин айтты:

Куштарбек Кимсанов.
Куштарбек Кимсанов.

- Андан мурда жасала турган жумуштар жок калгансып, оюн уюштуруп, ашыкча чыгым кетирип, өлкөбүзгө, ал тургай мекеме-ишканаларга же ишкерлерге оордук келтирип, анан «булар өз демилгеси менен макул болууда» деген жалган шылтоо менен көрсө да көрмөксөн, билсе да билмексен болуп коюу жакшы жыйынтыкка алып келбейт. Бул оюнду алдыда Түркия өткөргөнү жатпайбы. Андан кийин биз өткөрүп жатсак ал башка маселе. «Аны жер-жерлерде дайыма өткөрүп турушубуз керек» дегенге мен кошулбайм.

Демилгени колдогондор болсо Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын эл аралык брэнди болууга жетишкенин жүйө келтиришүүдө. Алар эгер ички Көчмөндөр оюндары Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык кылбай сарамжалдуу өткөрүлүп турса улуттук оюндарды таанытууга, жайылтууга, улуттук маданияттын өнүгүшүнө чоң салым кошот эле деп үмүттөнүшөт.

Мындай пикирди тутунгандардын бири - Жалал-Абад облусунун Барпы атындагы драма театрынын директору Санжар Берикбаев.

Санжар Берикбаев.
Санжар Берикбаев.

- Көптөгөн театрлар эмне коюп жатканын эч ким деле көрчү эмес, - деп жүйө келтирди ал. - Өткөн Көчмөндөр оюндарында ар бир театр өзүнө бөлүнгөн иш-чараларды аткарып келген. Мисалы, кыз узатуу, келин алуу сыяктуу каада-салттарды көрсөтүү боюнча темалар тийип атпайбы. Ошондой оюндарды коюп барып жатабыз. Ал жактан башка театрлардын да оюндарын көрүп жатабыз. Унутта калган улуттук оюндар жанданып жатат дегендей... Биз көптөгөн оюндарды унутуп калганбыз да. Мисалы, тогуз коргоол, салбуурун дегендерди ошол жерден барып көрбөдүкпү.

Берикбаев ушундай иш-чараларды өткөрүү аркылуу ошол облустун инфраструктурасы да оңолот, чет элдиктер улуттук оюндарды көргөнү келет деп ойлойт.

«РухЭш» сайтынын негиздөөчүсү Олжобай Шакир болсо бул демилгени өлкө жетекчилеринде мамлекетти өнүктүрүү боюнча майнаптуу план жоктугунан улам карапайым калкты той-аш менен алагды кылуу амалы катары баалады:

Олжобай Шакир.
Олжобай Шакир.

- «Улуттук баалуулуктар, улуттук дөөлөттөр» деп чыккандары - жөн гана популисттик кадамдар. Бул саясий чайкоочулук. Мисалы, адамдын ойлоо жөндөмүн өстүрө турган шахмат, тогуз коргоол мелдештери бар. Аларды аймактарга жайылтсак болбойбу? Биз улуттун акыл гимнастикасын ойготкондун ордуна канын дүүлүктүрүп, жүрөгүн туйлата турган жеңил-желпи нерселерге көбүрөөк ооп баратабыз. Мамлекеттин чоң идеясы, стратегиясы жок. Бийлик башындагылардын тапканы ушул болуп жатат. Караламан калкка эмне жагат? Албетте, жеңил-желпи шоу жагат.

Олжобай Шакир учурда бийлик өз чечимдери менен элди ээрчибей, тескерисинче элди өндүрүшкө, жаратмандыкка, прогрессивдүү идеяларга ээрчитиш керек эле деп эсептейт.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз өкүлү Нурдин Султамбаев «Азаттыкка» маалымат берди. Ал өлкө башчысы сөз кылган ички Көчмөндөр оюндары улуттук спорттун түрлөрүн өнүктүрүүнү жана каада-салтты унутта калтырбоону максат кылып, фестиваль вариантында өткөрүлөрүн билдирди. Ал быйыл Талас облусунан башталат.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келатат. Буга чейин дүйнөлүк оюн Кыргызстанда үч жолу өткөн. 2018-жылы ага жалпысынан 300 миллион сомдон ашык каражат жумшалган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG