Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:11

Ноокаттагы мушташтын табышмагы


Ноокатта эки адамдын сабалышына, биринин өлүмүнө себеп болгон 17 жаштагы кыз айылдан чыгып, дайынын таптыра элек. Ал кыз менен сүйлөшкөнү барып кыздын айылдаштарынан таяк жеп курман болгон жарандын артында үч баласы жетим калды.

Ушул тапта Ноокат райондук милициясы кызды байлап сүйрөөгө, кызга барган жигитти сабоого жана дагы бир адамды токмоктоп өлтүрүүгө шектүү катары 10 кишини кармады.

Ноокатта 30-мартта үч балалуу 32 жаштагы Ахмадилла Абдыкадыров коңшулаш Бостон айылындагы 17 жаштагы кызга түнкү саат үчтө барып, кыздын айылдаштары тарабынан таяк жеп өлгөн.

Ур-тепкиден каза болгон Ахмадилла Абдыкадыровдун жакындары анын өлүмүнө күнөөкөр адамдарды жазалоону президенттен суранышууда.

- Мен Ахмадилланын таякеси болом. Анын артында үч баласы менен аялы калды. Ушуга окшогон бейбаштыкты милиция жакшылап иликтеп, тиешелүү жазасын берсин. Мен ушуну президентибиз Сооронбай Жээнбековдон суранам, - деди өзүн маркумдун таякеси катары тааныштырган адам.

Ош облустук милициясынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин маалыматына караганда, Ноокаттын Бостон айылындагы окуя боюнча тараган видеодон кийин ал кылмышка шектүү катары 10 киши кармалган.

- Учурда Ноокат районунун Бостон айылындагы окуя боюнча “денеге атайлап оор жаракат келтирүү менен өлүмгө алып баруу" жана эки "бейбаштык" иши боюнча кылмыш иштери ачылды. 15 бала шектүү катары аныкталган. Анын ону кармалып, бешөөнө издөө жарыяланды. Үч жигиттин бөгөт чарасы сотто каралып, үй камагына чыгарылды. "Эки жигиттин сабалышына тең бир эле кыз катышы бар" деген сөздөр али толук аныктала элек. Учурда ИИМдин ички коопсуздук кызматы тарабынан жергиликтүү милициянын иши да иликтенип жатат.

Ноокат районунун Бостон айылында 30-мартта ак машиненин ичинде сабалган жигит менен каза болгон киши бир эле кызга барышканы айтылууда. Бостон айылынын тургуну Исраилжан Төрөкуловдун айтымында, эки адамдын сабалышына бир эле кыз себепчи болгон.

- Ошол күнү түнкү саат 2:28де Ахмадилла "Одноклассники" сайтында отурган. Менин баамымда ошондон кийин чыгып, ал ошол кызга жөө барган. Менин оюмча ошол түнү кыз өзү Ахмадиллага чалган же СМС жазган. Ахмадилланын аялы төркүнүнө кеткен экен. Анан Ахмадилла кыздын үйүнө жакындаганда жолдун боюнда топ балдар турган. Менин оюмча бул атайылап уюштурулган. Болбосо түнкү саат 2-3тө эл уктайт да. Ал кызга Ахмадилланын келээрин эч ким билмек эмес. Элдин арасындагы сөздөргө караганда Ахмадилланы чакырган кыз да, видеодо токмоктолгон баланын машинесиндеги кыз да бир.

Айылдагы имиштерге караганда, ошол эле Бостон айылына келген эки эмес, 14 жигит сабалган. Бирок бул сөздү али эч ким ырастай элек. Ошол эле 30-марттын түнүндө Бостон айылында ошол эле кыз катышкан экинчи окуя кайталанган. Ахмадилла Абдыкадыров ошол окуядан кийин каза болгон.

Бостон айылынын дагы бир тургуну Малика Төрөкулова айылды дүрбөлөңгө салган окуяга байланыштуу кызды айыптады.

- Кечээги окуяда биринчи кезекте кызды айыптайм. Ошол кыздын айынан 14 бала сабалган. Кутурган иттей болуп бир баланы 10-15и сабашат. Ушул нерсеге милиция карабайбы? Мен өзбек болсом да Кыргызстандын жаранымын. Ал кызды да, тиги балдарды да тартипке салып тыйыш керек.

Бул арада 30-мартта күндүз таяк жеген Рузмухаммед Азимов окуя тууралуу буларды айтты:

- Менин телефонума бирөө чалыптыр. Мен ага кайра чалдым. Чалсам бир кыз алды. Сүйлөштүк. Сиңдиси экөөнү бир тууганынын үйүнө жеткирип коюшумду суранды. Мен барсам жолдо күтүп туруптур. Мен аларды машинеге отургузуп, эми эле жылганымда балдар жолдон тосуп сабап салышты. Мен биринчи урганда эле өзүмдү жоготуп, кыйкырып-өкүрүп жүрө берипмин. Кийин мени экөө ажыратып коюптур. Азыр алардын бир-экөөнү гана камашыптыр деп угуп жатам. Калгандары качып жүрүшөт. Мени түштө урушкан. Кечинде өлгөн баланы урушкан. Мен ал кыз менен мурда тааныш эмес элем. Мен жакында эле Орусиядан келген элем. Эмне себептен сабашканын айтышкан жок. Мен ошого түшүнбөй жүрөм.

Учурда сөз болуп жаткан 17 жаштагы кыз ата-энеси менен бирге айылдан чыгып кетип, дайынын таптыра элек. Бирок ага чейин ал өзүн байлаган балдардын үстүнөн милицияга даттанган. 30-мартта Ноокат районунда болгон окуя тартылган видео 5-апрелде Орусиядан тараган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG