Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:38

Башка өлкөлөрдүн жетегинде калбайлы


Гүлнара Искакова, Кыргызстандын БУУдагы өкүлү, Швейцариядагы элчиси
Гүлнара Искакова, Кыргызстандын БУУдагы өкүлү, Швейцариядагы элчиси
“Азаттык” сайтында өткөн аптада жарыяланган "Кыргызстандын тышкы саясаты өзгөрөбү?" аттуу макала ушул ой-пикирдин жазылышына себеп болду.

Көп тараптуу дипломатия - дүйнөнү башкаруу ыкмасы

Дүйнө коомчулугун кабатырланткан айрым өлкөлөрдөгү адам укуктарынын абалы (мисалы: Сирияда, Мьянмада, Шри-Ланкада, Иранда, Түндүк Кореяда, Суданда, Борбордук Африка Республикасындагы) Женевадагы БУУнун алдындагы Адам Укуктары боюнча Кеңешмеде далай ирет талкууга алынып келет. Ошондуктан бир канча жыл БУУда жана Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунда (БСУ) биздин өлкөнүн өкүлү жана бир нече мамлекетте элчи болуп иштеген адам катары мен дал ушундай маселелерде Кыргызстан өз көз карашын айтышы керекпи деген өңүттө өз оюмду билдиргим келди.
Тышкы саясатта ар бир өлкөнүн таасири анын элчилери менен дипломаттарынын активдүүлүгүнө, чечендигине, алар көтөргөн демилгелердин маани-маңызына жана аларды коргой билүү жөндөмүнө жараша аныкталат.

Эң башында айта кетүүчү нерсе, мындай маселелер -- БУУ, ЕККУ – өңдүү көп тараптуу дипломатиянын алкагында талкууланат, ал эми мындай формат эки тараптуу дипломатиядан көп жагынан айырмаланат. Эки тараптуу мамилелерде ар бир өлкөнүн экономикалык, саясий, аскердик кудурети өтө маанилүү болсо, көп тараптуу алакада бардык мамлекеттер бирдей макамга ээ болот, баары бирдей өз көз карашын билдирүүгө жана чечим кабыл алууда бирдей добушка укуктуу болот. Мындай учурда ар бир өлкөнүн таасири анын элчилери менен дипломаттарынын активдүүлүгүнө, чечендигине, алар көтөргөн демилгелердин маани-маңызына жана аларды коргой билүү жөндөмүнө жараша аныкталат.

Көп тараптуу дипломатия жалпы коомчулук үчүн ачык-айкындуулугу жана парламенттик процедураларга окшош эрежелерди колдонуу менен мүнөздөлөт. Белгилүү болгондой, парламентте кайсы бир депутаттын саясий же экономикалык билим деңгээли эмес, анын сунуштаган идеяларынын, долборлорунун мааниси, көпчүлүктү ынандыра алчу шык-жөндөмү чоң мааниге ээ эмеспи.

Менин оюмча, көп тараптуу дипломатия азыр дүйнөнү башкаруу ыкмасы болуп калды, бул азыркы турмуш чындыгы. Ошондуктан ар бир өлкө дүйнөлүк башкаруу түзүмдөрүндө өздөрүнүн кызыкчылыктарын жигердүү алдыга чыгарып, ал турсун ар тараптан алдыга түртүү аракетин колго алышы керек.


Көп тараптуу мамилени туура пайдалануу - мүмкүнчүлүктөрдүн ачкычы

Кыргызстан Улуттар уюмунун ар кандай аянтчаларында жана башка эл аралык бирикмелерде иш-аракетин активдүү жүгүзүп, кыйла татыктуу жана сыймыктуу орунду ээлей алат эле деп ишенем. Ал үчүн биздин дипломатиялык өкүлчүлдүктөр жана элчилерибиз өлкөбүздүн позициясын, көз карашын так билдирип жеткирүү аракетин активдештирип, ал эми Кыргызстан маанилүү демилгелер менен чыгып турууга тийиш. Парламенттегидей эле «көшөгө артындагы» (чоң жыйын-талкууларга чейинки) иш аракеттердин мааниси абдан чоң.
Көп тараптуу мамилелерди туура пайдалансак биздин мамлекет алдында чоң мүмкүнчүлүктөр ачылат. Буга жетишүүдө башка бир өлкөлөрдүн жетегинде болбой, өз алдыбызча иш жүргүзгөнүбүз абдан маанилүү.

Деңизге түз чыга албагандыктан транзит маселесинде коңшуларга болгон көз карандылыгыбыз, ички рыноктун тардыгы, тез байыта турган табигый ресурстардын дээрлик жоктугу (мунай, газ) сыяктуу себептерден улам эл аралык мамилелерде көз карандысыз, тең укуктуу мамлекет катары калыптанып өнүгүү жагынан биздин мүмкүнчүлүктөрүбүз бир топ чектелүү. Дал ушул себептерден улам көп тараптуу мамилелерди туура пайдалансак биздин мамлекет алдында чоң мүмкүнчүлүктөр ачылат.

Буга жетишүүдө башка бир өлкөлөрдүн жетегинде болбой, өз алдыбызча иш жүргүзгөнүбүз абдан маанилүү. Албетте, Кыргызстан бардык уюмдар менен маселелерге көңүл буруп, кучагына баарын бирдей камтый албайт.

Мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша биздин мамлекет баштап кете ала турган бир нече өтө маанилүү темалар менен багыттарды тандап алып, ошолор боюнча изилдөө жүргүзүп, демилге көтөрүп, башкаларды кошо сүрөп, мамлекетибизди таанытып, сунуштарыбызды алдыга жылдырсак болот.

Белгилүү бир мамлекеттерде түзүлгөн кырдаал жөнүндө пикирибизди айтканда, билдирүүнүн мазмуну баарынан маанилүү. Мүмкүн кээ бир өлкөлөр бизди алсыз, үн катпаган, «баарына макул» мамлекет катары көргүсү келеттир. Менин пикиримде, Кыргызстан кээ бир учурларда өз оюн билдирүүгө укуктуу жана милдеттүү. Андай учурда сөзсүз эле сынга алып, баа берип, кеңеш айтып, же көрсөтмө берип, талап коюу шарт эмес. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып колдоо көрсөтүү, абалды түшүнүү, жетишкендиктерди баалоо, абалдын оңолуп кетишине үмүт айтып коюу туура болот. Ошондой эле өзүбүздүн башыбыздан өткөн окуяларды мисалга тартып, өз башыбыздагы көйгөй, топтогон тажрыйбадан айта кетсек өзүбүз үчүн абдан пайдалуу болот деген ойдомун.

Гүлнара ИСКАКОВА, Кыргызстандын БУУдагы өкүлү, Швейцариядагы элчиси
XS
SM
MD
LG