Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:58

Саясий күрөшкө жаңы кыймыл чыкты


"Кашылык көрсөтүү" кыймылы алдыда нааразылык акциялары уюштурулушун четке какпайт. (Сүрөттө оппозициялык кыймылдардын Ала-Тоо аянтындагы митинги. Бишкек, 24-апрель, 2013.)
"Кашылык көрсөтүү" кыймылы алдыда нааразылык акциялары уюштурулушун четке какпайт. (Сүрөттө оппозициялык кыймылдардын Ала-Тоо аянтындагы митинги. Бишкек, 24-апрель, 2013.)

Жаңы түзүлгөн оппозициялык “Каршылык көрсөтүү” кыймылынын лидерлери бийлик бир колго топтолушуна каршы экенин айтып чыгышты.

Кыймылдын уюштуруучулары: милициянын генералы Өмүрбек Суваналиев, мурдагы аскер прокурору Кубатбек Кожоналиев, экс-депутат Бегалы Наргозиев. Алар 18-сентябрда ушундай кыймыл түзүлгөнүн жарыялап, Социал-демократтар бийликти бир колго алып алганын айтып чыгышты. Деген менен мурда өздөрү бийликте жүргөн эски саясатчыларды эл ээрчишинен күмөн санагандар бар.


Каршылык акцияларынын жаңы толкуну башталабы?


“Каршылык көрсөтүү” аттуу жаңы кыймылдын уюштуруучуларынын бири Бегалы Наргозуев кыймылдын максаттары тууралуу буларга токтолду:

- 2010-жылы кабыл алынган Конституциянын иштешин, парламенттин узурпацияланып жаткан ыйгарым укутары кайтарып берилишин талап кылабыз. Булар аткарылбаса каршылык акциялары аркылуу чара көрөбүз. Элдин ишениминдеги өкмөттүн түзүлүшүн талап кылабыз. Партиялардан эмес кесипкөй өкүлдөрдөн турган, партияларга баш ийбеген, партияларга баарын бөлүштүрүп бербей турган өкмөт түзүш керек болот.

Уюштуруучулар кыймылды өздөрү каржылашат экен, бирок алдыда жергиликтүү пикирлештердин жардамына да үмүт артып жатышыптыр. Кыймылдын башчысы Өмүрбек Суваналиев талаптары аткарылбаса нааразылык акцияларына чыгууга аргасыз болоорун айтат:

- Жер-жерлерде биздин штабдар иштеп баштады. Аймактарда пропаганда кылып, таанытуу иштерин жасап, эл менен иштешебиз. Андан кийинкисин өзүңүздөр көрөсүздөр. Талаптар аткарылбаса, мыйзам чегинде чара көрөбүз. Митингдер сөзсүз болот.

Жаңы кыймылдын уюштуруучулары КСДПнын бийликти өзүнө алуу фактылары катары президенттин сырткы мамилелерге аралашуусун, экономикалык чечимдердеги таасирин, аткаруу бийлигинин ишине аралашып жатканын, өкмөт президенттин буйругун гана аткарган техникалык орган болуп калганын айтышты. Ошондой эле бардык жерде социал-демократтардын таасири күч экенин, парламенттеги бийлик алардын гана колуна чогулганын кайталап жатышат.

Ал эми Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков мындай пикирлерди суу кечпейт деп эсептейт:

- Өздөрүнүн алсыздыгынан, элди ишендире албаганынан парламентке келбей калса, келгенден кийин да иштеше албай калса, анан бир аргумент издеп жатышат да. Болбосо биздин партия Жогорку Кеңеште жеке өзү эмес, эки партия менен коалициялык көпчүлүктү түзүп иштеп жатат. Мурда да 5 партиядан көпчүлүк коалицияга ар ким кирген. Эми алмашып башкалар кирди. Анда бул оппозициячылар “Ата Мекен” менен “Ар-намысты” партия катары эсептебейт бекен, аларды басынткысы келип жатабы?


Мурдагылар жана азыркылар


Саясат таануучулар болсо өлкөнүн коомдук-саясий турмушундагы өзгөрүүлөргө, жаңы оппозициялык кыймылдар түзүлүшүнө ар кандай баа берүүдө. Маселен, политолог Аалыбек Акунов оппозиция бийликке жараша болот деген пикирде:

- Азыр жок эле дегенде эки маселенин тегерегинде элдин нааразылыгы күчөп турат. Алар – Кумтөр жана Батукаев боюнча. Анан Жогорку Кеңештин, бийликтин ичинде да ар кайсы маселелер боюнча ажырым, эки тарап, үч тарап болуп бөлүнүү бар. Андан мамлекет, экономика, эл жабыр тартып жатат. Ошондуктан бул оппозициядан дагы элдин кайсы бир бөлүгү өзүнүн кызыкчылыгын көрөт.

Дагы бир серепчи Жыргалбек Касаболотов Кыргызстанда элди ээрчите алган чыныгы оппозиция дегеле болуп көрө элек деп эсептейт. Анын пикиринде, өлкөдө оппозициянын классикалык үлгүсү эмес, мурдагы бийликтегилер менен азыркылар, бийликке келгендер же келбей калгандар деген сыяктуу гана каршы топтор бар:

- Эл ээрчип кете турган жалпы улуттук масштабдагы саясатчылар чыга элек. Андай кырдаалдын өзү да түзүлө элек. Анткени эл өзү көп нерсени көрүп, түңүлгөнүнөн түңүлүп, кыскасы көп нерсеге көзү жетип калды. “Бул жаман, анын ордуна бул келсе жакшы болуп кетет” дей турган эч ким чыга элек. Бирок бул эл саясий турмуштан четтеди дегенди түшүндүрбөйт. Эл арасында улутчул, патриоттук, социалисттик маанайлар жакшы өнүккөн. Бирок алар бириккен жок. Мындай ураандарды көрүнгөн саясатчы колдонуп, өзүнө керек эмес болгондо таштап кетип жатат.

Ошентип саясий саябанга “Каршылык көрсөтүү” деген жаңы кыймыл аттанды. Анын лидери генерал Өмүрбек Суваналиев коомчулукка Каттани (Комиссар Коррадо Каттани - өткөн кылымдын 80-жылдары тартылган Италиянын "Спрут" детектив-сериалындагы башкы каарман) деген каймана ат менен да таанымал. Кезинде ички иштер министрлигинде, улуттук коопсуздук органдарында жетекчилик кызматтарды аркалаган. Соңку президенттик шайлоодо талапкерлигин койгон.

XS
SM
MD
LG