Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:38

"Алтын-Кен": кайрадан нааразылык


Кытайлыктар иштетип жаткан жоопкерчилиги чектелген "Алтын-Кен" ишканасы экологиялык жана жергиликтүүлөрдү иш менен камсыз кылуу эрежесин дале бузуп жатат. Мындай маалыматты 27-сентябрда Кемин районунун Орловка айылынын жаштары айтып чыкты. Бирок жергиликnүү бийлик муну төгүндөп жатат.

Кемин районундагы Талды-Булак сол жээк кенинде жайгашкан кенди бир топ жылдан бери ар кандай компания изилдеп келген. Ага каршылыгын билдирген жергиликтүү элдин өкүлдөрү “Татыктуу келечек үчүн” деген бирикме да түзгөн. Анын төрагасы Бактыбек Чанчаров “Алтын-Кен” экологияга кандай коркунуч жаратканын мындайча айтып берди:

- Талды-Булак капчыгайында дарыя бар. Ошонун үстүнө цемент куюп, үстүнө калдыктарды таштайт экен. 20 метр бийиктикте, эки тоонун ортосун калдык таштагыч кылып толтурушат экен. Узундугу 2 чакырымдан ашык. Суу көп келип, ал цементтин бийиктигинен ашып кетиши, таштандыны сууга жуушу мүмкүн.

Келишим боюнча, ишкана кызматкерлеринин 90 пайызы жергиликтүү калктан туруш керек. Жаштардын айтымында, 260 кызматкердин 90 пайызы чындыгында жергиликтүүлөр, бирок эсепке кирбеген дагы 300дөй кытайлык жаран иштейт дешти. Ишкана жетекчисинин орун басары Түркмөн Дүйшөбаев мурдараак “Азаттыкка” Кыргызстанда жок адистер улам келип-кетип иштеп турганын айткан эле.

- “Алтын кенде” 224 кыргызстандык, Кытайдын 24 жараны иштеп жатат. Кытайдан дагы адистер келип турат. Ар ким өзүнүн адистиги боюнча келип, долбоорду адаптация кылып жатат. Мисалы, бүгүн геологдор келсе, эртең маркшейдерлер келет.

“Татыктуу келечек үчүн” бирикмесинин төрагасы Бакыт Чанчаров ага ишенбейт.

- Биз апрель айында демилгечи топ менен кенге чыгып иштегендерди текшергенбиз. 5 кыргызстандык киши куруучу болуп иштейт экен, алар адис деп айткан 30 кытайлык жаран деле куруучу экен, бетон куюп жатышыптыр.

Аталган кен 2014-жылы алтынды каза баштайт. Андан тарта Кемин районунун өнүктүрүү фондуна алынган ар бир унция алтындан 7,5 доллар берилип, башка социалдык жайларды курууга көмөктөшүш керек. Ал эми Кемин районунун акими Умар Изабаев жаштар билбей эле мурдагы маалыматы айтып жатышат дейт.
20 метр бийиктикте, эки тоонун ортосун калдык таштагыч кылып толтурушат экен.

- Мурдагы геология комитетинде чоң жыйын болгон. Анда компания дарыянын үстүнө таштанды жайын куруу тууралуу долбоору өтпөй калган. Буга жаш активисттерсиз эле чара көрүлүп жатат. Долбоор кайра иштеп чыгууга жөнөтүлгөн. Техникалык инспекция эскертүү берип, айып салды.

Талды-Булакта 65 тоннадай алтын бар экени айтылган, өткөн аптада өкмөт башчы менен болгон жолугушууда ишкана жетекчиси Чын Жиян Ху 78 тонна алтын бар экенин ачыкка чыгарды. Андан сырткары күмүш, күкүрт да катылып жатат.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ишкана жетекчилигине талаптарды өз убагында аткарууну тапшырып, ошол эле учурда инвесторлордун ишине тоскоолдук кылгандар да жазага тартылат деп эскерткен.

"Алтын-Кен" ишканасы тапкан кирешенин 60 пайызын кытайлык компания, 40 пайызын “Кыргызалтын” мамлекеттик ишкана алат. Алардын келишими 2026-жылга чейин күчүндө болот. Бул жердеги окуя Кыргызстандын бардык аймактарында кен казуу жагдайына байланышкан окуялардын бир көрүнүшү десек да болот.

XS
SM
MD
LG