Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:15

Коррупцияга чалынган реформа


Уюшкан кылмыштуулуктан кийин эле Кыргызстан үчүн мамлекеттик башкаруу системасындагы коррупция чоң коркунуч туудурууда.

Бул тууралуу 30-майда Жогорку Кеңеште өткөн “Кыргызстанга кандай реформа ылайык” деген форумда айтылды. Кыргыз өкмөтү өлкөдө реформа жасоого кызыкдар экендигин айтууда. Ошол эле кезде форумга катышкан саясатчы-эксперттер өмөттүн реформа жасоо аракетинен майнап чыгарынан күмөн санашууда.

Реформанын зарылдыгы

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги өкүлүнүн милдетин аткаруучу Лилиан Дарий Кыргызстан үчүн реформа жүргүзүүнүн зарылдыгын белгилөөдө.

- Бардыгы эле азыр Кыргызстанга экономикалык өсүш жана инвестиция керек деп жатышат. Экономикалык жогорулоо жана инвестиция эки нерседен көз каранды. Булар саясий туруктуулук жана мыйзамдын үстөмдүк кылышы. Ошондо гана өкмөттүн алдыга койгон милдеттери ийгиликтүү турмушка ашат.

Форумдун катышуучулары өзгөчө сот системасын жана укук коргоо органдарын натыйжалуу реформалоо керектигине көңүл бурушту. Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков мындай дейт.

- Укук коргоо органдарын реформалоо бүгүнкү өкмөттүн жана парламенттин негизги милдети. Себеби сот тармагына жана укук коргоо органдарына элдин ишеничи кеткендиги айкын көрүнүш.


Коррупцияны кантип жойобуз?

Ал эми Кыргыз өкмөтү бул тармактарды реформалоо аракетин көрүп жаткандыгын билдирүүдө. Вице-премьер-министр Шамил Атаханов реформалар ийгиликтүү жүрүшү үчүн биринчи иретте сот жана укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштү жоюу зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстан үчүн уюшкан кылмыштуулуктан кийин эле коррупция өзгөчө коркунуч туудурууда:

- Биз Коррупцияга каршы ведомство түзүү чечимине келдик. Бирок бул мурдагылардай болбойт. Алар системалык мамиле болбогону үчүн ишке ашкан эмес. Биз оперативдүү бөлүм түзгөнү жатабыз. Ал жашыруун түрдө укук коргоо органдарындагы, сот системасындагы жана башка министрликтердеги коррупциялык көрүнүштөрдү аныктайт.

Атахановдун белгилешинче, Коорупцияга каршы күрөшүү кызматынын дагы бир милдети -экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү. Буга Кыргызстандагы финансылык агымдарды аныктоо жана өндүрүлүп сатылганга чейинки жолдору белгисиз болгон алтын коррупциясын табуу кирет.

Айта кетсек, Кыргызстан дүйнөдө коррупцияга баткан өлкө катары белгилүү. Эл аралык “Транспернси Интернешнл” уюмунун 2010-жылдагы иликтөөсүндө 178 өлкөнүн ичинен 164-орунду ээлеген.

Натыйжасы көрүнбөгөн реформалар

Өкмөттүк реформалардын натыйжасынан күмөн санагандар да жок эмес. Айрымдар бүгүнкү чийки жана чабал мыйзамдар менен Кыргызстанда реформа жүргүзүү жана коррупцияны жоюудан майнап чыкпасын белгилешүүдө. Ошон үчүн алгач тезинен мыйзамдарды бекемдөө жана аларды Башмыйзамга ылайыктоо зарылдыгын айтышты.

Мудагы депутат, Коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев болсо бийликтин аракети мурдагы рефомалардай болуп, ара жолдо калабы деп чочулайт:

- Жыйырма жылдан бери канча реформа болду. Бир да реформа айтылгандай аягына чыккан жок. Ошондуктан аракеттерге жараша кандайдыр бир өсүштөр болушу мүмкүн. Бирок биз күткөндөй болбойт. Эртең эле жыргап кеткен өкмөт болбойт.

Учурда Кыргызстандагы көпчүлүк министрликтерге реформалык иштер жүргүзүлүүдө. Мисалы, Ички иштер министрлиги дээрлик он жылдан бери реформаланууда. Бирок серепчилер анын эл күткөндөй натыйжасы болбой, кагаз жүзүндө гана калып жаткандыгын белгилеп келишет.

XS
SM
MD
LG