Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

Ошто "Тынчтык коңгуроосу" орнотулду


Ош шаарында бүгүн июнь коогасынын эки жылдыгына карата эскерүү иш-чаралары өтүүдө.

Апааттын эки жылдыгын эскерүү иш-чарасы ачык асман астында, атайын жасалган дасторкондун четинде өттү. Капсалаңда жабыркагандар, коомдук активисттер болуп жалпысынын миңдей киши өткөндөрдү эстешти.

Июнь коогасынын эки жылдыгына карата Ошто “Тынчтык коңгуроосу” орнотулуп, бүгүн алгачкы ирет үнү жаңырды. Аны президент Алмазбек Атамбаев какты.

“Тынчтык коңгуроосун” орнотуу демилгеси жергиликтүү бийлик менен Орусиянын Оштогу башкы консулдугу тарабынан чыккан. 50 килограмм салмактагы коңгуроону орнотууга 750 миң сом акча сарпталган. Ага кыргыз улутуна таандык оймо-чиймелер чегерилип, “Дүйнө жүзүнө тынчтык” деген сөз кыргыз, орус жана англис тилдеринде жазылган.

Коңгуроо шаардагы борбордук аянттын жанындагы “Өчпөс от”, “Энелердин көз жашы” эстелик-монументтеринин катарына орнотулду.

“Тынчтык коңгуроосу” алгачкы жолу 1954-жылы Нью-Йоркто БУУнун штаб-квартирасынын жанына орнотулган. Ал бүткүл дүйнөдө тынчтыкты орнотуунун символу катары кабыл алынат.

Андан сырткары, Жапония, Монголия, Филиппин, Германия, Түркия, Польша, Австралия, Монголия жана Мексика сыяктуу өлкөлөрдө да “Тынчтык коңгуроосу” коюлган.


XS
SM
MD
LG