Линктер

жума, 20-июль, 2018 Бишкек убактысы 07:19

Ошто жалпы колдонуудагы коомдук жолдор үчүн акы алуунун мыйзамдуулугу талаш жаратты. Көчөгө токтогон автоунаадан беш жылдан бери акча алып келаткан Ош мэриясынын ишмердигин прокуратура "мыйзамга туура келбейт" деп эскертти. Шаар бийлиги болсо прокуратуранын ал эскертүүсүн мыйзамсыз деп баалады. Калаанын тургундары көчөдөн акча топтоо улут аралык нааразылыктын булагына айланып баратканын айтышат.

Оштун көчөлөрүндө 10-20 мүнөт турган автоунаа ордунан эми эле козголордо кайдан-жайдан сары желет кийген кароолдор пайда болот да, айдоочудан акча талап кылышат. Мындай адат Ош шаарында 2013-жылы пайда болгон. Ага чейин бир дагы кыргызстандык айдоочу көчөгө коюлган машинеси үчүн "акча төлөш керек" деген түшүнүктү билчү эмес. Атайын автотурук (стоянка) болсо башка кеп эле. Сары формалуу жол кароолдору айдоочудан акча доолап жатып, мэриянын буйругун бетке кармашат.

- Биз Ош шаардык мэриясынын буйругу менен иштеп жатабыз. Биз күн сайын план төгөбүз. Машинелерди токтотууга жана айдап кетүүгө айдоочуларга жардам беребиз. Андан сырткары өзүбүзгө бөлүнгөн тилкени таштандылардан тазалап турабыз. Элдин баары эле төлөй бербейт. Урушуп, талашып, элден араң акча алабыз, - деди алардын бири.

Миллионду "жеген" жолдор бузулууда

Акыркы кезде Кыргызстандагы жол көйгөйү байма-бай көтөрүлүүдө. Жол курууга ким уруксат берет, ким көзөмөлдөйт? Пайдаланып жаткан жол талапка жооп береби? Сапатсыз жолдор үчүн жоопкерчиликти ким тартат? Эмне үчүн бул тармакта коррупция күчтүү?

Бул кызмат 2013-жылы Ошто Мелис Мырзакматов мэр болуп турганда киргизилген. Мырзакматовдун ишин сындап келаткан азыркы мэр Айтмамат Кадырбаев да мурунку мэрдин ал демилгесин жокко чыгарган эмес. Тескерисинче, акы төлөнүүчү көчөлөрдү көбөйтүп, шаар казынасына төлөнүүчү пландын өлчөмүн жылдан жылга көтөрүп келатат. Маселен, Ош шаардык “Автогараждар жана автотоктотмолор дирекциясы” деген мекеме алгач түзүлгөн 2013-жылдары шаар казынасына 600-700 миң сом төкчү. Шаар тургундарынын нааразылыгына карабай ал сумма көтөрүлүп отуруп, эми эки миллион сомдон ашты. Бирок калаа тургундары жөн эле асфальттан акча жасап жаткан шаар бийлигине таң калып бүтпөй келишет. Нааразы тургундардын бири Кубаныч:

- Эми эле ордуңдан козголсоң бири чуркап келет: "Акчасын төлөп коёсузбу?" деп. "Эмнеге төлөп коём?" десең: "Бул жер акы төлөнүүчү жай" дейт. "Тротуардын четине атайын автотурук жасап койдуңбу? Бир тыйын акча короттуңбу? Жок дегенде ошол аңгыл-дөңгүл жерге шагыл төгүп койдуңбу?" десең, "жок, мэрияга акча төлөйбүз" дешет. Мисалы, Зайнабидинов көчөсүндө поликлиника бар. Бала-чаканы эмдеткени кирип чыксаң жол кароол даяр турат, "20 сом бер" деп. Жол кароол кылып көбүнчө аял кишилерди, жашы өтүп калган же нерви жука адамдарды дайындап коюшат экен. Бир нерсе десең ажылдап беттен алат. Айла кетиргенде төлөп жатабыз. Кээде урушуп-талашып бербей коёбуз. Бул коомдук жай да.

Шаар тургундарынын дагы бири Маматнасыр Ибрагимов кадимки машине жана адамдар жөө басуучу жолдор акы төлөнүүчү жайга айланып калганын түшүнө албайт.

- Ушул көчөнү автотурук кылганына баарыбыз эле каршыбыз. Жолдун бир катарын бүт ээлеп турушат. Кайдагы кагазын бетке кармап, 20 сомдон алып жатышат. Автотуруктан акча алыш үчүн атайын жерди бөлсүн, керектүү шарттарды түзсүн. Көчөдөн эле акча ала берет деген эмне? Мында бирөө "автотурук" деп, тротуарды ээлеп алыптыр. "Менчик жерим" дейт. Эмне, жол да сатылып калганбы азыр? Жол сатылбаса керек, жол элдики го!

Түнкү Ош
Түнкү Ош

Ош шаардык прокуратурасы да көчөлөрдү акы төлөнүүчү жайга айландыруу мыйзамсыз экенин белгилеп, шаардын жетекчилигине расмий эскертүү берген. Бирок Ош шаардык мэриясы прокуратуранын бул эскертүүсүн "негизсиз" деп чыкты. Ош мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраилов "көчөгө токтогон унаадан акы талап кылууга мыйзам жол берет" деп билдирди.

- 1999-жылдагы Жер кодексинин 77-беренесинин 8-пунктунда "жалпы коомдук пайдалануудагы жол ижарага берилбейт, акы алынуучу жай болбойт" деп так жазылган экен. Бирок 2015-жылы 23-июнь күнү Жер кодексинин 77-беренесиндеги 8-пунктту алып салышкан. Прокуратуранын сунушу боюнча Ош шаардык мэриясы жумушчу топ түздү. Бул долбоор шаар казынасына акча түшүрөт. Ошондуктан эл муну туура түшүнүшү керек.

Негизи өлкөнүн түштүгү - бир нече жолу улут аралык жаңжалды башынан өткөргөн аймак. Андыктан түштүктөгү бардык райондор менен шаарлардын аткаминерлеринин негизги милдети - аймакта улут аралык ынтымакты сактоо. Бирок Ош шаарынын тургуну Жолдошбек Бөтөнөев дал ушул көчөдөн акча өндүрүү саясаты улут аралык нааразылыктын булагына айланып калганын айтат.

- Түштүктөгү бардык аткаминерлердин негизги милдети - ынтымакты сактоо. Бирок булар ошол ынтымакка көз көрүнөө доо кетирип жатышат. Жалаң кыргыз туугандарды көчөлөргө автотуруктун кароолчусу кылып дайындап коюшкан. Кокустан бир өзбек ошол 20 сомду төлөбөй койсо, анын өзбек экенин эсине салып, мазактап, кемсинтип, баягы жаңжалдарды эсине салып, жарасын жаңыртып, акчасын алып, анан жолго салып жатышканын көрүп эле жүрөбүз. Андыктан бул көчөдөн акча топтоо саясаты Ошто улут аралык нааразылыктын булагы болуп калды десек болот. Экинчиден, илгери Кокон хандыгында Иса олуя деген киши болгон. Салыктын кырктан ашык түрүн ойлоп тапкан. Ошон үчүн Кудаярхан ага “олуя” деген наам берген экен. Бизде дагы ошондой “Иса олуялар” аябай көбөйдү. Кожоюнуна жагынам деп салыктын түрүн ойлоп таап, элди жүдөтүп атышат. Муну токтотуш керек!

Ош шаарындагы көчөлөргө токтогон автоунаалардан акча алуу адаты 2013-жылы пайда болгон. Ош шаарын көрүп, "кылса боло берет турбайбы" деген ылаң өлкөнүн түштүгүндөгү бардык шаарларга тараган.

Учурда бери жагы Жалал-Абаддан, нары жагы Баткенге чейин бүт район-шаарлардын борбордук көчөлөрү акы төлөнүүчү жайга айланган. Расмий уруксат 10 сомго берилгенине карабай, элден 20 сом доолаган өнөкөт да күчөп кеткен учурлар бар.

Шаардын жетекчилиги расмий уруксат бербеген жерлерди өз алдынча ээлеп, элден акча доолаган көрүнүш күч алганы айтылууда. Мындай мисалдардын бири - былтыр ачылган "Достук" чек ара бекети болуп жатат. "Достук" ачылгандан бери ага баруучу жол да автотурук болуп калган. Бирок ал жерден акча алууга ким уруксат бергени эч кимге белгисиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Ыдырыс Исаков

    «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы. 2008-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG