Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:03

"Ош шейиттерине" - миллиондогон акча


Коогалаңда дайынсыз жоголгондордун сүрөттөрү, июль, 2010-жыл
Коогалаңда дайынсыз жоголгондордун сүрөттөрү, июль, 2010-жыл

Кыргыз өкмөтү өткөн жылы өлкөнүн түштүгүндөгү кандуу окуяларда баш жоготкон үй-бүлөлөргө бир миллион сомдон материалдык жардам берүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Өкмөт капиталдык курулушкан каралган каражаттан 500 млн. сомду ушул жакка жумшоону чечти. Эми бюджетке тийиштүү өзгөртүү киргизип бекитип берүү жагы парламенттен суралууда.

Июнь айында болгон этнос аралык массалык тополоң маалында адам курмандыктарына учураган үй-бүлөлөрдүн “Ош шейиттери” бирикмеси тополоң учурунда курман болгондорго баатыр наамын берүү, материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө өткөн жылдан бери эле пикет акцияларына чыгып, талап коюп келатышкан.

Кыргыз өкмөтү түштүктө өткөн жылы июнда болгон массалык тополоң окуяларда баш жоготкон үй-бүлөлөргө миллион сомдон жардам көрсөтүү жөнүндө чечимди талкуусу жок эле бир добуштан кабыл алды.

Коогалаңда үйүнөн ажыраган Саламат Исакова
Премьер-министр Алмазбек Атамбаев “Ош шейиттери” уюму коюп жаткан талаптар жөндүү деп белгилеп, кайгылуу окуяларда адам курмандыктары болгон үй-бүлөлөргө мамлекет жардам бериши керектигин билдирди.

Премьер-министрдин айткан маалыматы боюнча, адам курмандыктары болгон үй-бүлөлөргө мамлекеттик казынадан баардыгы 500 млн. сом бөлүнөт. Бул бюджеттеги капиталдык курулуштарга каралган бир жарым миллиард сомдун ичинен алынат.

“Ош шейиттери” - өткөн жылы июнда кайгылуу окуялар учурунда жакындарынан айрылган адамдар баш кошкон коомдук бирикме. Аталган бирикменин мүчөлөрү тополоңдо көз жумгандарга баатыр наамын ыйгарууну, миллион сомдон бөлүп берүү жана кан төгүүгө күнөөлүү адамдарды таап жазалоону, кылмыш иштерин сапаттуу тергөөнү талап кылып келатышат. Кыргыз өкмөтү өткөн жылы апрелде бийлик алмашкан окуяларда каза тапкан сексенден ашык адамды баатыр деп атап, алардын үй-бүлөлөрүнө бир миллион сомдон материалдык жардам көрсөткөнү белгилүү.

Түштүк жериндеги адамдар бийлик элге тең карабай жатат деп, июнь айында курман болгондорду дагы апрелдеги окуялардын курмандыктарына теңөөнү талап кылып пикет акцияларга чыгып келатышканына көп болду. Бул талаптарды президент Роза Отунбаева да, премьер-министр Алмазбек Атамбаев да Ошко барганда көп угушкан.

“Ош шейиттери” бирикмесинин мүчөлөрү соңку күндөрү Бишкекке келип, талаптарын билдирип Жогорку Кеңештин алдына да чыгышкан. ЖКнын төрагасы Акматбек Келдибеков чыгып, алардын талабын угуп кеткен.

Бишкекке келип талап коюп жаткандардын бири - Жунушбаева Сапалкан. Анын айтымында бир тууган иниси Акунов Кумарбек 13-июнда Жалал-Абадда снайпердин огунан көз жумган. Артында төрт бала калды. Балдардын апасы он жылдан бери дайын-дареги жок. Сапалкан төрт жетим баланы жалгыз багып атканын, мамлекет каралашпай койгонуна нааразы экенин айтып, түштүктөгү тополоң маалында курман болгондорду дагы бийлик апрелдеги каармандар менен бирдей карашы керектигин талап кылды.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, өткөн жылы өлкөнүн түштүгүндө болгон кандуу тополоңдон кийин 430 адамдын сөөгү табылган. Анын 106 кыргыз улутундагы, 281 өзбек улутундагы адамдарга таандык. Үчөө башка улуттан. Кырк өлүктүн ким экени тактала элек. Ош шаарында 15 адамдын, Жалал-Абад облусу боюнча төрт адамдын дайыны жок. Эки миңге жакын үй өрттөлүп талкаланып, жалпы зыяндын наркы 2 млрд. 200 млн. сомдон ашык болуп аныкталган.

Коогалаң жүздөгөн адамдарды турак-жайсыз калтырды
Кандуу окуялар боюнча бардыгы беш миңден ашык кылмыш иши козголуп, 178 иш сотко ашты, үч жүздөн ашык адам кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Төрт миңден ашык убактылуу токтоп турат, анткени кылмыш кылган адам анык эмес же кылмышка шектүү адамдар кармала элек. Ондогон шектүү адамдарга издөө жарыяланган. Алардын ичинде Кадыржан Батыров, Иномжан Абдрасулов, Жалалиддин Салахуддинов сыяктуу өзбек тектүү лидерлер бар. Алардын кайда экенин тартип коргоо органдары билбейт.

Ош жана Жалал-Абад облустарын калыбына келтирүү дирекциясы бүгүн өкмөт жыйынында отчетун берди. Андагы маалыматтарга карасак, өткөн жылы аймактагы талкаланган турак-жайларды калыбына келтирүүгө 100 млн. доллар бөлүнгөн. Ошто көп кабаттуу он үй, Жалал-Абад областында көп кабаттуу төрт үй курулуп жатат. 261 адам 200 миң сомдон ссуда алган. Бир жарым миңдей адамга 50 миң сомдон жардам берилген.

Президент Роза Отунбаева баштаган бийликтеги жетекчилер июнь айында болгон кандуу окуяларды контрреволюция катары айыптап, баа берип келатышат. Бул окуяларды изилдеп чыккан улуттук комиссиянын отчету парламентте бир топ уу-дуу жаратып, бир катар депутаттар кан төгүүгө жол берген бийлик адамдарынын жоопкерчилиги жөнүндө маселе көтөрүшкөн. Ал эми эл аралык көз карандысыз комиссия өзүнүн тыянагын март айынын соңуна карай жарыяларын билдирген.

Тасмада: Коогалаңда жоголгондордун жакындары нааразы

22-мартта тополоңдо жакындары дайынсыз жоголгон 30 чакты адам Ак үйдүн алдында нааразылык акцияга чыгышты. Алар жоголгондорду издөө иштери солгун жүрүп, табылган сөөктөрдүн кимдигин аныктоо өтө кеч болуп жатканына нааразы болушту.

Коогалаңда жоголгондордун жакындары нааразы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:01 0:00

XS
SM
MD
LG