Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:54

Ош: коопсуздук күн тартибинде


Июнь окуясынын эки жылдыгы жакындаган сайын элдин көңүлү коопсуздукка бурулууда.

Айрым коомдук уюмдар ушул күндөргө тушташ түштүк аймагында ар кандай чагымчыл иштер болушу мүмкүн деп да болжоп жиберишти.

Мамлекеттик органдар тынчсызданууга негиз жоктугун, тартип сакчылары коопсуздукту күчөтүлгөн тартипке ылайык, коргоп жатышканын билдирүүдө.

Ал эми эки жыл мурда калаба болгон аймактарда карапайым эл күндөлүк жай турмушу менен алек.

Кооптондурган эскертүүлөр

“Кыргызстандын жаңы күчтөрү” коомдук кыймылы 8-июнда Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, Ош аймагында эл арасында тынчсыздануу күч экенин, июнь калабасынын эки жылдыгын утурлай ар кандай чагымчыл иштер болуу ыктымалдыгын эскертти.

Кыймылдын тең төрагасы Кубат Токсобаев тартип коргоо органдары андай аракеттерди алдын-алууга даяр эмес деп сынга алды.

- Жаңжалдан жөнөкөй эле жарандар куурайт экен. Ошондуктан биз элди чагымчыларды ээрчибей, тынч отурууга чакырып жатабыз. Себеби чагымчыл иштер болушу мүмкүн. Мисалы, эки жыл мурда болгондой иштер болуп калышы мүмкүн.

Анткен менен кыймылдын мүчөлөрү чагымчыл окуялардын болушу канчалык чындыкка жакын экенин тастыктаган жок. Андыктан талдоочулар бул сыяктуу тастыкталбаган маалыматтар тескерисинче, эл арасында тынчсызданууну жаратып жатканын белгилешүүдө.

Чындыгында эле июнь окуясынын эки жылдыгы жакындаган сайын калк арасында ар кандай сөздөр пайда болууда. Ош шаарындагы чыр-чатактарды алдын алуу жана тынчтыкты орнотуу менен алектенген “Ирет” коомдук фондунун директору Дилбаркан Мамажусупованын пикиринде, эл көпчүлүк учурда чагымчыл сөздөргө алдырып коюуда.

- Имиштерди эл өзү күчөтүп жиберүүдө. Чынбы, калппы, карабай эле, аларды таратканга жардам берип жатат. Эгер эл эч нерсеге ишенбей, өзүн жакшы кармаса, ар бири тынчтыкка өз салымын кошсо, эч бир жаман иш, эч кандай коркунучтуу нерсе болбойт.

"Тынчтыкты каалайбыз"

Күч түзүмдөрү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 5-июндан тарта күчөтүлгөн тартипке өткөн. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов кандай гана мыйзамсыз аракеттер болбосун, ал элден колдоо таппайт деп эсептейт.

- Ош шаарында жана облусунда, Жалал-Абад жана Баткен облустарында коомдук-саясий кырдаал жана криминалдык абал туруктуу, кооптонууга эч кандай негиз жок. Бирок маалымат айдыңында, эл арасында жана интернетте ушак-айыңдардын, ар кандай терс маалыматтардын пайда болушу эл арасында бир аз тынчсызданууну пайда кылып жатат. Бирок, менимче, кандай гана аракеттер болбосун ал элдин колдоосуна ээ болбойт.

Ал эми Ош шаарынын кыргыз жана өзбек тектүү тургундары кадимкидей эле күнүмдүк тиричилик менен алек. Алардын бир даары “Азаттык” менен маегинде кандай гана болбосун, эл тынчтыкты каалай турганын билдиришти:

"Шаарда жашоо баары өз жолу менен жүрүп жатат. Турмуш-тиричилик жакшы. Жумушка келип-кетип жүрөбүз. Мисалы, азыр майда-чүйдө алыш үчүн базарга барышым керек".

Сабыржан: "Көчөдө адамдар жакшы эле жүрүшөт. Бир аз жамгыр себелеп турат. Жалпысынан алганда, Кудайга шүгүр, жаман эмес. Бирок ар кандай сөздөр чыгып жатат. Менимче, эч кандай жамандык болбосо керек".

Бактыгүл: "Ошто баары жакшы. Адамдар көчөдө бейкапар эле жүрүшөт. Мен почтада иштегендиктен билем, карапайым элде баары жакшы. Эмне үчүн ар кандай сөздөрдү чыгарып жатышканын билбейм".

Бакыт: "Шаарда тынч, эч кандай кооптоно тургандай кырдаал жок. Баары өз иштери менен алек. Мисалы, паркта адамдар кадимкидей эле жүрөт. Тынчсыздана тургандай эч нерсе жок.

Өткөн жылы коогага бир жыл толгон кезде да эл арасын козуткан, тастыкталбаган ар кандай маалыматтар тараган болчу. Анда коопсуздугунан чочулаган кыргыз жана өзбек тектүү айрым адамдар бул күндөрү Ош шаарынан убактылуу чыгып кеткени айтылган.
XS
SM
MD
LG