Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:07

Ош - Фергананын аба дарбазасы


Ош эл аралык аэропорту, 9-октябрь, 2013.
Ош эл аралык аэропорту, 9-октябрь, 2013.

Үч өлкөнү камтыган Фергана өрөөнүндө тогуз аба майдан бар, алардын бешөө эл аралык макамга ээ. Калк жыш жайгашкан аймакты 12 миллион адам байырлайт. Алардын көбү Орусия, Казакстан, Украина жана Түркияда иштеп үй-бүлөлөрүн багат.

Фергана өрөөнүндөгү Ош эл аралык аба майданы акыркы беш жыл ичинде чөлкөмдүн аба транспорт түйүнүнө айланып баратканы баарына эле маалым. Ошондон улам Оштун аба майданы жүргүнчүлөрдү тейлөө мүмкүнчүлүгүнөн 298 пайызга ашык иштөөдө.

Ордолуу Оштон өзбекстандык жана тажикстандык жүргүнчүлөр көп учат. Биринчиден, Оштон учуу салыштырмалуу кыйла арзан. Экинчиден, эл аралык каттамдардын саны коңшу өлкөлөрдөгү аба майдандардан көбүрөөк. Үчүнчүдөн, авиакомпаниялардын көптүгүнөн улам, жүргүнчү чөнтөгүнө ылайык жол кире сатып алганга мүмкүнчүлүгү бар.

Андай болгону менен, Фергана өрөөнүндө Өзбекстандын үч эл аралык аэропорту бар. Ал эми Тажикстандын Хожент шаарынан Орусияга Ошко салыштырмалуу каттам көп.

Өзбекстанда жалпысынан сегиз эл аралык аба майдан бар жана калкты бир эле жергиликтүү авиакомпания тейлейт. Фергана өрөөнүнүн Өзбекстанга караштуу аймагында бир эмес, үч эл аралык аэропорт бар. Анжиян, Наманган жана Фергана аба майдандарына өкмөттүн токтому менен быйыл 23-сентябрда эл аралык макам ыйгарылды. Бирок "Азаттыктын" өзбек кызматына жүргүнчүлөр макам жогорулаганы менен, жол киренин баасы жана тейлөө деңгээли өзгөрбөгөнү тууралуу пикир билдиришкен.

"Өзбекстан аба жолдорунун" учагы, Ташкент аэропорту, Өзбекстан
"Өзбекстан аба жолдорунун" учагы, Ташкент аэропорту, Өзбекстан
Жаңы эле эл аралык макам ыйгарылган Өзбекстандын аба майдандарына эми эмне өзгөрөт деген суроону "Азаттыктын" өзбек кызматы Оштон 134 чакырым алыстыкта жайгашкан Наманган эл аралык аба майданынын кызматкерине берди:

– Наманган аба майданына эл аралык макам ыйгарылгандан кийин көп нерсе өзгөрүүсү керек. Биринчиден, маянабыз көтөрүлүшү абзел. Жүргүнчүлөрдү тейлөө маданиятын жогорулатуу зарыл. Мисалы, VIP залы, эне-бала бөлмөсү, жада калса ажатканалар эл аралык деңгээлде болушу керек.

Намангандан Орусиянын жети шаарына түз каттам бар. Ал эми Оштон 105 чакырым алыстагы Ферганадан Орусияга болгону беш каттам бар. Оштон 54 чакырым алыстыктагы Анжиян эл аралык аба майданынан болгону Москвага жана Санкт-Петербургга гана учактар каттайт.

Кыргызстандагы экинчи ири аба майдан болгон Оштон Орусиянын 10 шаарына, Дубайга, Стамбулга жана Үрүмчүгө түз каттамдар аткарылат.

Бирок коңшу Өзбекстандын аба майдандары Ошко атаандаштыкты күчөтүшү мүмкүндүгүн эстен чыгарбоо зарыл.

– Наманган аэропорту эл аралык статуска даяр. Бүт нерсеси бар. Учуп-конуу тилкеси ири самолётторду кабыл алууга жарайт.

Бичкрафт Киң Эйр–350 учагы, Баткен аэропорту, Кыргызстан
Бичкрафт Киң Эйр–350 учагы, Баткен аэропорту, Кыргызстан
Фергана өрөөнүндө жайгашкан Тажикстандын Согди областында иштеген бир эле аэропорт - Хоженттеги эл аралык аба майдандан чет өлкөлөргө 19 түз каттам бар. Алардын баары Орусиянын шаарларына гана учат. Хоженттен Орусияга Ошко салыштырмалуу көп каттам болгону менен, Тажикстандын бул түндүк аймагындагы жүргүнчүлөр ошол эле Орусияга Баткен жана Исфана аркылуу учушат. Баткен облусунан Бишкекке учкандардын 60 пайызы тажик жарандары.

Ал эми Түркияга, Кытайга жана Бириккен Араб Эмираттарына 307 чакырым жол басып, Оштогу эл аралык майдандан сапар тартышат. Тажикстандык жүргүнчүлөр Кыргызстандан учуу эки-үч эсе арзан болгондуктан алар Хоженттен сейрек учат.

Хожент эл аралык аба майданынын генералдык директору Маъруф Махмудовго "Азаттыктын" тажик кызматы суроо салганда буларды айтты:

– Учакка жол кирени, аэропортто көрсөтүлгөн кызматтардын жана күйүүчү майдын баасын биз бекитпейбиз. Кызматкерлердин айлыгы жана башка нерселерди да биз бекитпейбиз, ал авиакомпаниялардын иши.

Хожент аэропорту, Согди областы, Тажикстан
Хожент аэропорту, Согди областы, Тажикстан
"Азаттыктын" тажик кызматы маалымдагандай, Баткен жана Исфана аба майдандарынан Согди облусунун тургундары гана эмес, тээ Дүйшөмбү шаарынан да атайын келип Кыргызстандан учушат. Алардын айтымында, Дүйшөмбүдөн Баткенге же Исфанага машине жол киресин, андан ары Бишкекке учак билетин жана Бишкектен ары Орусияга учкандын баасын кошкондо дагы Тажикстандан түз учкандан эки эсе арзан.

Фергана өрөөнүнүн Кыргызстанга таандык аймагында беш аба майдан бар. Алардын бирөө гана эл аралык макамга ээ. Оштогу эл аралык аэропорттон тышкары, Жалал-Абад, Кербен, Баткен жана Исфанадагы аба майдандар такай ички каттамдарды тейлейт. Баткендеги аба майдан оңдолуп бүткөндөн кийин ал аэропортко эл аралык макам ыйгаруу каралып жатат. Баткен аэропортунун учуп-конуу тилкесин 2200 метрге узартуу, жаңы асфальт төшөө жана имаратын жаңылоо пландалып жатат.

"ТезЖет" авиакомпаниясынын БАэ–146-200 учагы, Баткен аэропорту, Кыргызстан
"ТезЖет" авиакомпаниясынын БАэ–146-200 учагы, Баткен аэропорту, Кыргызстан
Фергана өрөөнүндөгү Кыргызстандын майда аба майдандардын учуп-конуу тилкеси салмагы 22 тоннага чейинки учактарды күндүзү гана кабыл алганга кудуреттүү. Алардын дээрлик көпчүлүгү аймактык аэропортторду калыбына келтирүү стратегиясынын алкагында оңдолуп-түзөлөт.

Жаңы оңдолгон Ош эл аралык аба майданы Фергана өрөөнүнүн чыныгы жана жападан жалгыз ири аба транспорт түйүнүнө айлануусуна ишеним бар. Анткен менен кыргыз авиация өкүлдөрү белгилегендей, ал ойду ишке ашыруу үчүн учурдагы жетишкендик менен чектелбей, учуп-конуу тилкесин оңдоо, аэробекет имаратын дагы да кеңейтүү, талыкпай иштөө жана көптөгөн терс көрүнүштөрдү оңуна чечүү керек.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG