Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:31

Балдар кордук көргөнбү?


Ош шаарында колу жука үй-бүлөдөн чыккан бөбөктөрдү тарбияга алган Балдар үйүнүн жетекчилигине жана ал жердеги кызматкерлерге нааразы болгон энелер “Азаттыкка” арызданышты. Алар тарбиячыларга балдарды уруп-сөгөт деп кине коюп жатышат. Балдар үйүнүн жетекчилиги муну куру доомат деп атады.

Арыздангандардын бири – жалгыз бой эне Тазагүл Алиева. Анын 3 жашка толо элек кызы күндүз балдар үйүндө тарбияланат. Ал кызынын бетиндеги бармактын изин алгачкы жолу жай айларында көргөн, бирок тарбиячыларга унчуккан эмес экен:

- Жайында баламды үйгө алып барып, жуундурайын десем, бетине чоң кишинин үч бармагынын изи түшүп калганын көрдүм. Таң калдым, жыгылып кеткенби деп да ойлодум. Бирок адамдын колуна жыгылса, анчалык изи чыкпаш керек эле. Ошентсе да тарбиячыларга, Балдар үйүнүн жетекчисине унчукпадым.

Тазагүл Алиева кызы Саулени Балдар үйүнө тарбияга берерден мурда айрым кишилерден ал жерде бөбөктөргө корс мамиле жасаларын укканын, бирок ага ишенбегенин айтат:

- Тарбиячылар балдарды урат деп уккам, бирок ишенген эмесмин. Ошентсе да, менин балама жакшы мамиле кылсын деп, Нурийла деген тарбиячысына белек, акча берип турар элем. Күнүгө эртең менен кызымды таштап, кечке маал алып кетем. Акыркы күндөрү кызым такыр ошол жерде калгысы келбей калды эле.

14-сентябрь күнү барсам, кызымдын тиши канап, бети шишип жатыптыр. Эмне болгонун сурасам, жыгылганын айтты. Ага да ишендим. Кызымды жаздыкка жаткырышып, башына муз тартып жатышыптыр. Муздаткычтагы музду же майдалап койбоптур. Балага этият мамиле жасаш керек да. Ошол күндөн бери баламдын ден соолугу начар, күнүгө дарыгерге каттайм. 13-сентябрда Нурийлага бир чака жүзүм алып барсам, ал чыкпады, башка бир тарбиячыдан киргизип жибердим. Ошондо ичкериден Нурийланын кыйкырган үнү угулуп жатты: “Ач дейм оозуңду, азыр урам, ач” деген. Ким билсин, менин балама бакырып жаткан беле ошондо, же башкасынабы. Мен кызымды өзүмдүн да апама ишенбей, ошол Нурийлага көбүрөөк ишендим эле...


Балдар үйүндөгү кызматкерлердин мамилесине Жаңыл аттуу айым да нааразы. Анын эки небереси ушул жерде тарбияланат.

- Өкмөткө рахмат, Балдар үйүндө бөбөктөрү акысыз тарбиялап, жалгыз бой энелерге жардам берип жатканына. Бирок анын жетекчисине нааразыбыз. Башчы болгондон кийин баарын көзөмөлдөп туруш керек да. Ошол киши көз салбаганы үчүн тарбиячылары каалаганын жасайт. Мен Нурийла деген кызматкерине кайрылып, балдарды урганы туура эместигин айткам. Ал мага “буларды уруп да туруш керек. Бөпөлөй берсеңиз эркелеп, көпөлөк болуп алышат”,- деп жооп берген.

Балдар үйүнүн жетекчиси Эркегүл Сманаалыева ата-энелердин даттануусу негизсиз экенин билдирди. Анын айтымында, бул жерде 3 жашка чейинки бөбөктөр гана кабыл алынгандыктан, алар жыгылып түшкөн учурлар көп кездешет:

- Тепкичтен чыгып же түшүп келатканда жыгылып кеткен учурлар болот. Бала экен да, өзүм басам деп көнбөгөндөрү бар. Же бири-бири менен мушташып, бети-башын көгөртүп алышы мүмкүн. Кызматкерлер урат дегени туура эмес, балдарды сабоодон кудай сактасын. Бул куру доомат. Ар баланын ар кыялы бар, батинкесин кийгизейин десең, өзүм кием деп, анан жыгылып түшөт. Кээде биз аларды бийлегенге үйрөткөн учурларыбызда да жыгылып, бир жерин кокустатып алгандар болот.

Эркегүл Сманаалыева жогорудагы энелер айтып жаткан Нурийла аттуу тарбиячы ата-энелердин даттанууларынан улам жакында жумуштан бошотулганын айтты. Нурийланын өзү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болбоду.

Адам укуктары боюнча "Эдвокаси" борбордун юристи Тайыргүл Чокмоева Балдар үйүндөгү абалды тартип коргоо органдары текшерип, бөбөктөргө зомбулук болгон-болбогонун аныкташ керек деген ойдо:

- Ата-энелердин айтымында, эртең менен баласын алып барган энени эшиктен ичкериге киргизбейт экен. Мыйзам боюнча ата-эне баласы кандай шартта тарбияланып жатканын, эмне тамак берилээрин, кандай жерде уктаарын билүүгө, керек болсо бир күн бою байкоо салып жүрүүгө укуктуу. Мен азыр ошол арызданган энелердин сөзү боюнча оюмду билдирип жатам. Жакында өзүм барып, абалды көрөйүн деп турам. Бул боюнча тартип коргоо органдары да текшерүү иштерин жүргүзүп коюш керек.

Балдар үйүнүн жетекчилигине нааразы болгон энелер топтолуп, шаардык прокуратурага арыз беришкен. Ошондой эле бул маселени көзөмөлгө алуусун өтүнүп, калаа башчысына кайрылуу жазышкан.

Калаанын Ленин көчөсүндө жайгашкан бул Балдар үйүндө учурда 27 бөбөк тарбияланат. Алардын ичинен ону томолой жетим. Калгандары жалгыз бой энелердин жана жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары. Балдардын тарбиясы үчүн акы алынбайт. 32 киши эмгектенген борбор 3 жашка чейинки бөбөктөрдү тарбиялоого ылайыкташкан.

XS
SM
MD
LG