Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:47

Баланы эне таштабасын...


Хамид Лушидзе төрөлгөнү энесин да, атасын да көрбөптүр. Аны төрөт үйүнөн эле таштап кеткени айтылат.

Ал эми ушул эле үйдө Баткенден келген бир тууган үч кыз бар. Улуусу 12, кичүүсү беш жашта. Аларды апасы турмуш-шартына байланыштуу бир жыл мурда убактылуу балдар үйүнө таштап турган. “Укук жана тагдыр” рубрикасынын бул чыгарылышында ушул эки тагдыр тууралуу сөз болот.

Эл аралык уюмдар менен бирге Бишкектин четиндеги Дачная айылындагы “Бактылуу үй” балдар үйүнө баш багып калдык.

Наристелер түстүү кагаздардан гүл жасаганды үйрөнүп жатышкан экен. Дароо эле бири-биринен алыстабай, бири экинчисине жардам берип жаткан үч окшош кыз көзгө илинди. Түстүү кагазды кыркканга, кайра актай баракка жармаштырганга колу эп келбей жаткан кичүүсүнө улуусу үйрөтүп жатты.

Үмүттүү үч кыз

Көрсө алар Майрамгүл, Жаңылай жана Акгүл деген бир туугандар экен. Улуусу 12, андан кийинкиси жети, кичүүсү беш жашта. Аларды апасы турмуш-шартына байланыштуу бир жыл мурда балдар үйүнө убактылуу таштап турган. Ошондон бери апасын көрө элек. Адатта эртең менен жумушка кеткен энесин кечке чейин эле сагынып, зарыгып күткөн баланы элестетсек, бул үч кыздын кусасы опол тоодой болсо керек...

Апасы улуу кызы менен Баткенде турат. Ал эми кыздар “Бактылуу үйдө” тарбияланып, ушул жакта жашап, окушат. Энеси менен кээде телефондон сүйлөшүп турушат. Өзгөчө кичүүсү Аккүл апасынын кыса кучактаганын, эркелетип, саамайынан сылап жыттаганын сагынып, телефондон сүйлөшкөндөн кийин бир сыйра ыйлап алат.

“Бактылуу үй” балдар үйүнүн жетекчиси Индира Розыбаеванын айтымында, кошуна айылда жашаган таежеси кээде кабар алып турат экен.

- Ата-энелерине такыр бара элек, алар да келе элек. Кошуна айылдагы таежеси кабар алып турат. Бирок апасы менен телефондон сүйлөшүп турушат. Телефондон сүйлөшкөндө кичүүсү ыйлап алат. Ар кайсыны айтып, "жол тайгак болуп атат, акча таап жүрөт, апаң келет" деп сооротобуз.

Репортажды бул жерден угуңуз:



Майрам болгондо, же балдар үйүнө өзгөчө коноктор келгенде мактанып, сүйүнчүлөгөнү үч кыз таежесине чуркашат. Киши көп болгонгобу же апасын сагынып турганбы, Майрамгүлдүн сиңдилери сүйлөгүлөрү келген жок. Ал эми Майрамгүл ырчы болгусу келерин, комуз черткенди жактырарын, сиңдилерин капа кылбай карай турганын айтып берди.

Ырдабай, тартынып турганын көргөн Акгүл “бул эркектен уялып атат” деп баарыбызды күлдүрдү. Индира эженин айтымында, үч бир тууган кыздын энеси Баткенде экинчи жолу турмушка чыгып, улуу кызын өзү менен алып калыптыр.

- Биздин эки апабыз бар. Бирөө тигил жакта, бирок сиз бизди багасыз, бул жак бизге жагат деп айтышат. “Төрөгөн эне эмес, баккан эне” деп койот го. Балага кайсы жерде жакшы мамиле жасаса, жакшы сөз сүйлөсө, ошол жер жакшы, башканы тез эле унутуп койот. Кээде үйдө көрбөгөн мээримди ушул жерде көрүшөт. Бирок өз эненин мээримине жетпейт, энелерге "балдарыңарды таштабагыла" дейт элем.

Үйдүн улуусу да, сулуусу да Хамид

Ушул эле үйдө уйгур улутундагы Хамид Лушидзе деген өспүрүм жашайт. Ал “Бактылуу үйгө” алты жашында келиптир. Индира эженин айтымында, Хамид төрөлгөнү энесин да, атасын да көрбөптүр. Аны төрөт үйүнөн эле таштап кеткени айтылат. Кийин багып алган үй-бүлө да андан баш тартып, Хамид экинчи ирет жетим калат. Алты жашында “Бактылуу үй” балдар үйүнө кабыл алынып, аталуу-энелүү болот. Учурда Индира эжени апа, жолдошун ата дейт.

- Мен бул жакка 2000-жылы келгем. Ошондо мен алты жашта элем. Ага чейин Токмокто тарбияланчумун, туугандардыкында. Ата-энемди туулгандан бери көргөн эмесмин. Индира менин апам, ал менин апамдын ордун алмаштырды. Мени өзүнүн балдарындай тарбиялады, өз балдарынан да жакшы көрөт. Мен бул жерде эң улуусумун.

- Окуйсуңбу? Болбосо кайсыга окугуң келет?

- Азыр окубайм. Кайсыга окуй турганымды чече элекмин. Чет жактан, Америкадан окуп келсем деген тилегим бар. Чет өлкөдө окуган досторум бар. Азырынча бул тилегим ишке ашпай атат.

- Кандай проблемалар бар бул жерде?

- Негизинен маселе деле жок. Башкысы балдар чоңоюп атат, бирок үй тар болуп жатат. Бир аз чоңойтуп, жанына балдарга нан, таттуу бышырган жай ачсакпы деген апамдын жакшы тилектери, идеялары бар. Ага мүмкүнчүлүк болбой жатат. Балдар да көбөйдү, үй тар болууда.

- Жакшы бийлейт экенсиң, иш-чараларда дайыма ортодо болсоң керек?

- Өзүм эле үйрөнгөм. Дайыма ортодо болом деп айтпайм, бирок борбордун жанында болом.

Көптөрдүн суранычы менен Хамид лезгинка бийин чимириле бийлеп берди.

“Бактылуу үйгө” келгендердин баары Индира эжени апа, жолдошун ата дешет. Учурда бул үйдө өлкөнүн ар кайсы аймагынан келген 19 бала туруктуу жашап жатат. Болгону тагдыр буларды ушул үйгө бириктирип, бир үй-бүлө кылып койду. Улуусу, биз сөз кылган Хамид, бардыгынын агасы. Ал да калган өзүнөн кичүүлөрдү ини, карындаш катары көрөт. Жол көрсөтөт, үйдө болсо ата-энесинин биринчи жардамчысы. Андан сырткары ошол эле Дачная айылдагы турмушу начар үй-булөнүн балдары да бул жерге келип турат.

Кээде адамдар ар кайсыны айтып даттанып, наалып алабыз. Бирок бул балдардын такыр эле көчөдө калбаганын, аларга эне ордуна эне, ата ордуна ата болгон адамдар бар экенин, кирээр үйү, ичкенге ысык тамагы тамагы бар экенин көрүп шүгүр дедим. Негизи ар бир баланы ата-энеден ажыратпасын.

XS
SM
MD
LG