Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:36

Оштон чыккан кытайча шампундар


Бул идиштердин баары Ошто жасалып, жасалма этикеткалар чапталган.
Бул идиштердин баары Ошто жасалып, жасалма этикеткалар чапталган.

Ош шаарында мыйзамсыз түрдө жасалма шампун чыгарып жаткан кытайлык ишкер колго түшүп, сурак берүүдө.

Ал заманбап жабдууларды алып келип, эч кандай уруксат кагазы жок эле миңдеген идиште жасалма шампунду базарга чыгарган. Кол алдында онго жакын кыргызстандык иштеп жаткан экен.

Дүйнөгө таанымал компаниялардан саналган Procter&Gamble, "Зеленый чай" сыяктуу фирмалардын этикеткалары чапталып, Оштон жасалып жаткан шампундар болжол менен жарым жылдан бери сатылып келатыптыр. Бул шампундар аябай кылдат иштелгендиктен, жасалма экени да байкалбайт. Идиши эле эмес, жыты менен түсүндө да айырма жок.

Шампун идиштерин жасоочу жабдуу.
Шампун идиштерин жасоочу жабдуу.
Шаардык Ички иштер башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн адиси Толкунбек Турдукуловдун айтымында, мыйзамсыз шампундардын идишинде Кыргызстанда жасалгандыгы көрсөтүлгөн эмес:

- Шампундардын идишинде "Францияда, Англияда жасалган" деп жазылып турат. Кыргызча жазуусу жок. Оштогу дареги көрсөтүлгөн эмес. Лицензиялары да жок экен. Контрафакт экени көрүнүп эле турат.

Жасалма шампун чыгаруучу ишканага Кытайдын 39 жаштагы Дай Жи Сюн аттуу жараны кожоюндук кылган. Азыр ал шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында сурак берүүдө. Толкунбек Турдукуловдун айтымында, мыйзамсыз ишкана "Текстиль" акционердик коомунун имаратында жайгашкан.

Суюктук түрүндөгү химиялык заттар ушул идиштерде сакталган.
Суюктук түрүндөгү химиялык заттар ушул идиштерде сакталган.
- Ал жерде заманбап сегиз станок болгон. Шампун куюучу идиштерди ошол жерде жасашат экен. Этикеткаларын Кытайдан жасап келишсе керек, аны тактап жатабыз. Андан сырткары аябай көп өлчөмдө суюктук түрүндө жана кургак химиялык заттар табылды. Ал жерден Head&Shoulders, Fux, “Зеленый чай” шампундарынын төрт жүз миңдей идиштери жана этикеткалары алынды. Биз барган кезде сатыкка чыгарууга даяр 4 700 даана шампун бар экен.

Лицензиясы жок чет өлкөлүк ишкер ижара акы үчүн “Текстиль” акционердик коомуна 12 миң доллардан төлөп келгенин айткан. Аталган мекеменин жетекчилиги менен байланышууга жана бул боюнча маалымат алууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Милиция бул мыйзамсыз жумушка уруксат бергендерди аныктоо иштерин жүргүзүп жатат.

Шампун куюга даяр идиштер
Шампун куюга даяр идиштер
Баш жуучу жасалма каражаттарды чыгарууга кыргызстандык жарандар да тартылган. Көпчүлүгү турмушка чыга элек кыздар. Алардын бири, атын атоону каалабаган айым ай сайын 6 миң сомдон айлык алып иштегенин айтты:

- Жарыя боюнча келип, иштеп калдым. Алты миң сомдон айлык беришчү. Бирок бул ишкана мыйзамсыз экенин мен билген эмесмин.

Ишканада жүк ташуучулук жана кароолдук жумуштарга жигиттер тартылган. Алардын бири - Акыл. Ал милициянын суроолоруна мындайча жооп берген:

-Бул каражаттарды кимдер алып келет?
-Билбейм, бизге фирмадан келет.
-Кандай фирма, аталышы барбы?
-Билбейм. Бизге өздөрү алып келип берет да.
-Кимдер алып келет?
-Ар ким алып келет.
-Бул жерде кароолчу болуп иштегенине канча болду?
-Беш-алты ай болуп калды.
-Даярдалган шампундар каякка кетет?
-Анысын билбейм, бизге айтпайт да...

Шампун чыгаруучу бул ишкана Ошто Кытай жарандары тарабынан мыйзамсыз иштетилип жаткан мекемелердин биринчиси эмес. 13-сентябрда шаар милициясы тарабынан мотор майларын мыйзамсыз иштеп чыгарып жаткан кытайлык эки ишкер кармалган. Алар чыгарган майлар “Орусияда жасалган” деген жазуу менен сатылган.

Учурда кытайлык жарандарды Кыргызстанга келип, мыйзамсыз иштөөгө кимдер уруксат бергени жана мамлекетке келтирилген зыяндар такталууда. Андан сырткары, товарлар кимдер аркылуу сатылганы аныкталып жатат. Кытайлык ишкерлерге таандык станоктор жана башка буюмдар конфискацияланат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG