Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:12

Бахрам Азимовдун ырлары эл оозунда


Кыргыз шоу-бизнесиндеги көрүнүктүү ырчылардын көбү Ош шаарындагы обончу Бахрам Азимовго таандык ырларды аткарып жүрүшөт. Өзбек тектүү музыкант жараткан кыргызча чыгармалардын дээрлик баары популярдуу.

Бахрам Азимов он жылдан ашуун убакыттан бери кыргыз эстрадасындагы ырчылар менен иштешип келет. Анын калемине таандык обондорго жаралган ырлардын көбү элге сиңген.

Ал жараткан ырларды бүгүнкү күндө Мирбек Атабеков, "Кыз-Бурак" тобу, Султан Садыралиев, Алихан, Даниел өңдүү ырчылар ырдап жүрүшөт.

Бахрам Азимов борбор калаадагы эстрада өкүлдөрү менен негизинен интернет жана телефон аркылуу иштешет.

Баса, каарманыбыздын эч кандай музыкалык билими жок. Негизги кесиби журналист. Музыкага болгон кызыгуусу аны ушул чөйрөгө жетелеген:

- Кээ бирлерге музыкалык билимим жок десем таң калышат. Негизгиси, адамда талант болуш керек. Теория да зарыл нерсе, бирок талантың болбосо, баары бекер…



Бахрам Азимов ырчыларга кээде даяр чыгарманы сунуштаса, айрым учурларда обонун жазып берет да, ага сөз жазуу үчүн ырчыларга өзү көмөктөшөт:

- Мен музыканы жазып, сөздөрү кандай ыргакта болушу керектигин муун-муунга бөлүп, “ля-ля-ля” деген сөздөр менен диктофонго түшүрүп, жөнөтөм. Кээде “бир, эки, үч, төрт” деп сандардын аталышын обонго салып жаздырам. Ошонун негизинде аткаруучулар ырдын сөзүн жаздырып алышат...



Бахрам Азимов бир кездери ырчылык менен да өзүн сынап көргөн. Азыр кыргыз шоусунда популярдуу болуп турган ырларды алгач өзбек тилинде жазып, Оштогу майрамдарда ырдаган.

Султан Садыралиевдин "Жөнөкөй жигит", Сайкал Садыбакасованын “Эстедим” аттуу ырларын бир кездери өзү аткарып жүргөн.



Беш-алты жыл мурун Бахрам Азимов кыргыз жана өзбек тилиндеги дуэттерди жазып, кыргыз эстрадасына жаңылык да киргизген болчу. Бул ыкманы күзүндө кайрадан жандантуу аракетинде.



Ырчы Жумагүл Райымжан кызы Бахрам Азимовго таандык “Кайдан болсоң” деген ырды аткарып жүрөт. Ал обончунун чыгармачылыгы гана эмес, адамдык сапаттары да алкоого арзырлык деген оюн билдирди.

- Студиясына кайсы гана убакытта келсеңиз, күлүп тосуп алат. Түндө болобу, дем алыш маалында болобу, телефон чалып, кеп-кеңеш сурасак, астейдил түшүндүрөт. Буйруса, жакында Бахрам аке менен кыргыз жана өзбек тилинде дуэт ырдасамбы деп турам.

39 жаштагы Бахрам Азимов азыр Ош филармониясында эмгектенет. Каарманыбыз көп ырларын өткөн кылымдын 90-жылдарында жараткан. Ал кезде азыркыдай теникалык мүмкүнчүлүктөр жок болгондуктан чыгармаларынын басымдуу бөлүгү сакталбай калыптыр.



- "Кара каш" деген ырымдын казак, уйгур, кыргызча варианттары чыккан. Убагында аябай хит болгон. Тилекке каршы ал ырды сактап койбоптурмун. Мурдагы аудио кассеталарды сактап жүргөндөрдө болушу мүмкүн.

Бахрам Азимов бир гана кыргызстандык ырчылар менен иштешпейт. Анын кардарларынын арасында Өзбекстандын ырчылары да бар. Ушул күнгө чейин ал 300дөн ашуун обон жазган. Анын калемине таандык ырлар кыргыз, өзбек, казак, уйгур тилдеринде жаңырып жүрөт.
XS
SM
MD
LG