Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:07

Мирбек Атабеков Кытайда да атактуу


Мирбек Атабеков
Мирбек Атабеков
Жакынкы үч-төрт жылдын ичинде кыргызстандык эстрада жылдыздарынын ырлары кытайлык казак, уйгур угармандаргада кеңири белгилүү боло баштады.
Түнкү кулуптарда, элдик дүкөндөрдө, машиналарда, кол-фондордо жаңырган ырлардын арасынан кулакка тааныш кыргыз ырлары угула калса, биз кыргыздар сүйүнүп, көтөрүлүп калмайыбыз бар.

Бирок бул ырлардын көпчүлүгү өзгө улуттарга кыргыз тилинде эмес, өзүбек, уйгур же казак ырчыларынын тили менен жетет. Ушул теманын тегерегинде кытайлык жаш ырчы, ыр жасалгалоочу Асылбек Кыдырбек уулу өз оюн бөлүштү:

- Ооба, акыркы кездерде кыргызыстандык ырчылардын ырларын кытайлык казак, уйгур ырчылары да которуп, ырдай баштады. Бул ырлар тойлордун, түнкү кулуптардын көркүн ачат. Өзгөчө Иляз Абдыразаковтун, анан Мирбек Атабековтун ырлары көбүрөөк ырдалып жүрөт. Бул албетте, жакшы жышаан. Менимче Кыргызыстандын жаш эстрада ырчылары азыр Орто Азыяда алдыңкы орунду ээлейт.

please wait

No media source currently available

0:00 0:01:00 0:00
Түз линк

please wait

No media source currently available

0:00 0:01:00 0:00
Түз линк

Анткен менен ал ырларды которуп, ырдаган ырчылар көп кезде ырдын кайсы улутка таандык экенин, аптору ким экенин эскерип олтурбайт. "Бизде аптордук укукту коргоо органы бар. Бирок ага чет өлкөдөн өз чыгармаларынын апторлук укугунун бузулгандыгы жөнүндө кайрылган эч ким болбогон соң, ырчылар деле каалаган ырларын которуп, ырдап жүрүшөт", - дейт Асылбек Кыдырбек уулу.

Үрүмчүдө Иляс Абдразаковдун «Жаным ай», «Азап», «Лейли», «Сени гана», Семанын «Жагалмай» өндөнгөң ырларын, ошондой эле Бек Борбиев менен Гүлнур Сатылганова сыяктуу ырчылардын чыгармалары казак тилине арбын которулуп, аткарылып жүргөнүн көп угабыз.


Бектур Илияс
Үрүмчү

P.S. автордун жазуу стили сакталды
XS
SM
MD
LG