Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:54

Ош: шайлоочулар эки миңге көбөйдү


Ош
Ош

Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясы 27-мартка белгиленген шайлоону өткөрүүгө толук даяр экенин жарыялады.

Бул жолу шаардагы добуш берүүчүлөрдүн саны парламенттик шайлоого караганда эки миң адамга көбөйгөнү маалым болду.

Ош шаарындагы №5277 шайлоо участогунун кызматкери Нурдин Маматаиров "Азаттыкка" буларды айтты:

- Шайлоону өткөрүүгө даярбыз. Бардык жабдуулар орнотулду. Мурдагы шайлоодон айырмаланып, паспорт да атайын аппарат менен текшерилет. Паспортту сканерден өткөргөндө бул экранга шайлоочунун сүрөтү чыгат. Андан кийин биометрикасы да аппарат менен текшерилет. Баары мыйзамдуу болуп чыкса, бул жактан шайлоочуга чек берилет. Ал чек менен бюллетенди алып, добушун берип, урнага салып чыга беришет.

Бул шайлоого көз карандысыз байкоочу катары “Таза шайлоо” коому көз салууда. Ал уюмдун өкүлү Эльвира Икрамова паспортту текшерүүчү аппараттар иштебей калган учурлар болгонун айтты:

- Бүгүнкү добуш берүү учурунда өзүн тизмеден таппай калды деген маселе болгон жок. Бирок паспортту идентификациялаган ридер деген аппарат бир нече участоктордо иштебей жатты. Бирок бул айып операторлордун катасы болгону аныкталды. Анткени операторлор ал аппаратты бир үйдөн экинчи үйгө алып барганда өчүрүп кайра иштетиш керек экен. Ошондон кийин маселе чечилди.

Өткөн жылдагы парламенттик шайлоого Ош шаарынан 115 миң шайлоочу катталган эле. Бул жолу Ош шаардык кеңешинин шайлоосуна шаардагы добуш берүүчүлөрдүн саны эки миңге көбөйгөн. Бул өзгөрүүнүн себебин Ош шаардык паспорт-виза кызматынын жетекчиси Ринат Алиев мындайча түшүндүрдү:

- Парламенттик шайлоодо Ош шаарындагы добуш берүүчүлөрдүн саны 115 миң болчу. Азыр эки миң адамга көп. Себеби биометрикалык каттоону парламенттик шайлоодон кийин 10-октябрдан баштап улантып, эки апта мурун токтоттук. Ошол аралыкта 2112 адам кошулду. Азыркы тизме мына ошонун эсебинен көбөйдү.

Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдижалил Муратов Ош шаардык кеңешине шайлоону өткөрүүгө даярдык бүткөнүн билдирди.

- Ушул күндө Ош шаарында 117 752 шайлоочу бар. Эртеңки шайлоону өткөрүүгө 73 шайлоо участогу толугу менен даяр. Бул шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн биометрикасы менен паспорттук идентификациясы чогуу текшерилип, анан кийин гана добуш бюллетени берилет. Шайлоо ушундай тартип менен өтөт.

Шаардык кеңештеги 45 депутаттык орунга 13 партиядан миңден ашык талапкер ат салышууда. Добуш берүү шаардагы 73 шайлоо участогунда өтөт.

Шайлоонун жүрүшүнө партиялардан сунушталган байкоочулардан сырткары "Таза шайлоо" коомунан 40 байкоочу көз салат. Добуш берүүчүлөрдү 352 кызматкер тейлейт.

Мындан сырткары эртең Ош облусундагы Сары-Колот, Көк-Бел, Коңур-Дөбө жана Будалык айылдык кеңештерине да шайлоо өтөт. Шайлоого байланыштуу Ош милициясы күчөтүлгөн тартипке келтирилген.

XS
SM
MD
LG