Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:16

Жакиев: Элдешүүгө бардыгы аракет жасаш керек


Коогалаңда талкаланган үй.
Коогалаңда талкаланган үй.

Драматург, Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев июнь коогалаңынын тегерегинде “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Коогалаңды иликтеген эл аралык комиссия өзүнүн корутундусун бүгүн жарыялайт деп күтүлүүдө. Аны азыр коомчулук бир тараптуу болуп калабы, өчүп бараткан отту көөлөй береби же калыс чыгарабы деп күтүп жаткан чагы. Сиз комиссиянын корутундусу кандай болот деп күтүп атасыз?

- Мен да ошол кооптонгондордун катарына кирем. Кандай болот, калыс болобу же калпыс болобу, бул - баарыбызды ойлондуруп атат.

Түштүктөгү окуя боюнча эл аралык комиссиянын алгачкы жыйынтыгы да бир жактуу болуп калган. Бул боюнча Улуттук комиссиянын жыйынтыгын билебиз. Ал калыс болууга аракет кылган, бирок анын да жетишпеген жактары бар.

Айтор комиссиялар көп, ошентсе да окуяны иликтеп, жыйынтык чыгарарда кандай позицияда, эмнеге негиздеп чыгарат - ошол чоң мааниге ээ. Эгер муну эки улуттун касташуусу, кагылышуусу катары эле караса кемчилиги көп болушу мүмкүн.

Бексултан Жакиев
Ошол эки улуттун касташуусуна кимдер себеп болду, кимдер ошол чатакты алып келди? 1990-жылды эске албаганда кылымдар бою ынтымакта келаткан, кошуна, бир тууган калктардын кыргынын кимдер уюштурганын тактап, ачык изилдеп анализ жасабаса бүгүн жарыялай турган комиссиянын корутундусу деле бир жактуу, калпыс, туура эмес болуп калышы мүмкүн.

- Бир кездерде Кыргызстан көп улуттуу, интернационал өлкө, кыргыз эли болсо меймандос эл катары эсептелчү эмес беле. Азыр улутчул аталууда. Эми комиссиянын корутундусу кандай чыкан күндө да Кыргызстан эли кандай кабыл алышы керек?

- Биринчиден, калыс чыкса биз абдан ыраазы болушубуз керек. Эгер калыс болбой калпыс, тайкы, бир жактуу болуп калса өтө өкүнүчтүү болот. Ошондо да кыргыз эли дээринде, башынан токтоо, чыдамдуу, сабырдуу элбиз. Калыстык болбой калса, ушундай болду деп кыйкырып-өкүрбөй, жер сабабай калыстык менен, токтоолук менен кемчиликтерин туура көрсөтүп оңдотуу, түзөтүү аракетин көрүшүбүз керек.

Кыргызстан көп улуттуу өлкө экени чын. “Манасты” ким жакшы билсе, Алтайдан келгендин баарын, көп элдин башын бириктирип Манас бир мамлекет кылган. Мына ушул салтыбыз, ошол тагдырыбыз ушу күнгө дейре келатат.

Биз чындап эле меймандоспуз, чындыгынде эле көп улуттуубуз. Ошол жагын ойлоп жашашыбыз керек. Анан кээ бирөөлөр кыргыздын намысын талашкан - улутчулдук деп айтып жүрөт. Улутчулдук деген Совет доорундагы термин. Башка элдерде, ошол эле Египетти Эркиндик кыймылы жетектеген. Ошолор улутчул деп эле аталган.

Биз муну советтик позициядан эмес, патриоттук сезим катары эле карашыбыз керек. Бирок кыргыздан башка эл жок, кыргыз кыйын деген позицияда болбошубуз керек.

- Июнь окуясынан кийин бир топ элдештирүү, жараштыруу иш-чаралары өттү. Бирок бул деле сындалып, үстүрт болуп атат деген сөздөр айтылууда. 1990-жылдагы Ош окуясында ошол жерде Чыңгыз Айтматов өзү жүрдү эле. Өткөн жылдагы окуяда улуттук интеллигенциянын ролу анчалык көрүнбөй калгандай болду окшойт?

- Бул өтө оор, катуу жараат болду. Күнөөсүз адамдар өлүп кетти. Мындай оор учур оңой менен эле оңоло койбойт. Ушул акыл-эсти түшүнүп турган адамдарда деле ичинде көйгөй туруп алат. Ошондуктан бул бир-эки күндө, эки-үч айда чай ичип эле жараштырып ийчү нерсе эмес. Буга бардык жактан аракет кылыш керек. Өзбек элинде да, кыргыз элинде да абдан кадырлуу, акылман, калыс, көрүп-билип турган адамдар бар. Ошолорду пайдаланыш керек.

- Элге төбөсү көрүнгөн, көрүнүктүү адамдар июнь окуясында барбай койду, элдештирүү иштерине катышпай койду деген сындар да айтылып жатпадыбы?

- Элдин бардыгы убап-чубап баргандан деле иш оңунан болуп кетпейт. Ош окуясында Чыкем барды. Мен ошол кезде ошол жакта болчумун, он күн жүрдүм. Чын-чынына келгенде, сөздүн ачыгын айтканда Чыкемин ошол жерде болгонунан иш оңолуп кеткен эмес, бара койсо эле оңолуп кетет деген туура эмес.

Мындайда кандай жагдайда иш жүргүзүш керек, кеп ошондо болууда. Мисалы өзбектер арасында өзбектер, кыргыздар арасында кыргыздар ишти жүргүзүш керек. Эң негизги элдешүү күнөөлүү, эки элди кагыштырган контрреволюционерлердин бети ачылып, элге көрсөткөндө болот. Аларды жазаламайын, күнөөлүүлөр табылып, бети ачылмайын канталап турган жара оңой менен басылбайт.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG