Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:26

Ош шаары көгүлтүр отунсуз калды


Ош шаары жана ага жанаша жайгашкан Кара-Суу районунун айрым кыштактары 27-июндан бери көгүлтүр отсуз отурат. “Ошгаз” чарба башкармалыгы Кыргызстандын аймагында түтүк жарылып, ал чукул арада калыбына келтирилээрин ачыктады. Ошол эле учурда калктын газ үчүн карызы 64 миллион сомдон ашканы маалымдалды.

Ош шаарынын тургуну Керим Калыкулов кечээ күндөн бери жердештери көгүлтүр отсуз отурушканын билдирди:

- Чынында бул биз үчүн жаңылык деле болбой калды. Кийинки кезде маал-маалы менен абдан тез өчүрүшүүдө. Ушундан көрө жергиликтүү бийлик же газ чарба башкармалыгы кардарларга жекече мамиле жасаганды үйрөнүшү кажет. Маселен, көп кабаттуу бир эле үйдөн 80 чактысы төлөп, 20сы төлөбөсө, алардын азабын башкалары тартышы абзел эмес, Менимче, газ акысын убагында төлөбөгөндөргө жекече мамиле кылуу зарыл. Анан коркуткансып баарын бирдей өчүрүп таштаган бул адамгерчиликке да жатпайт, ошондой эле акылга да сыйбайт.

Керим Калыкулов газды пайдалануучуларга мындай мамиле дагы улантылса, наарызычылыктын толкунун жаратаарын эскертти.

Ош шаарынын дагы бир тургуну Дилбархан Алимова:

- Менин төрт балам бар. Тамак-аш бышырыш кыйын болуп атат. Мына, биз жер үйдө жашайбыз. Ошентсе да газы жок абдан кыйналып атабыз. Чоңдорубуз Өзбекстан менен тил табышып, алардын акысын убагында төлөп турушу керек. Арийне, карапайым калк коркконунан убагында баарын төлөп жатат. Акчасы көптөр антпей атышпайбы. Көп кабаттуу үйлөрдө жашагандар чындап курубадыбы. Алардын бизге окшоп отун-суусу, аны жаккыдай меши жок. Электр кубаты да чектелүү.

“Ошгаз” чарба башкармалыгынын жетекчиси Таалайбек Максүтов газ берүүнүн кокусунан үзгүлтүккө учурашын мындайча түшүндүрдү:

- Түштүк аймагы боюнча газ түтүктөрүн тейлеген ишкана бар. Ошол ишкананын телеграммасы менен 27-июндан тарта шаарга газ берүү токтотулду. Бул жерде Өзбекстанда айып жок. Биздин ишчилер 65-чакырымдагы газдын басымын атайылап төмөндөтүп жатышат. Албетте бул туурасында шаардын тиешелүү жетекчилерин убагында катуу эскерткенбиз.

Таалайбек Максүтов көгүлтүр оттун токтотулушуна Өзбекстандын тишеси жоктугун, ошентсе да калктын газ үчүн карызы улам көбөйүп бараткандыгын жашырган жок.

- Бүгүнкү күнгө карата жалпы эл 64 миллион сом биздин ишканабызга карыз. Убагында карызын төлөбөгөндөргө адегенде түшүндүрүп жатабыз. Аны да тоготпосо, газ түтүктөрүн кыркып, анан карызыбызды өндүрүп атабыз. Элде айтылып жүргөндөй, Кыргызстан Өзбекстанга карыз эмес. Болгону эл “Кыргызгазга” бересе. Айтмакчы, кышында эки ирет гана газга таңкыстык катталды. Өзбекстандын өзүндө көгүлтүр от таңкыс болгондуктан, бизди 50 пайыз кыскартып турушту. Бирок азыркыга чейин газ таптакыр токтотулган жок. Өзбекстан оштуктар керектеген 32 миң куб газды күн сайын такай камсыз кылып жатышат.

Таалайбек Максүтов бүлүнгөн жай чукул арада калыбына келтирилип, оштуктар газ менен толук камсыз этилээрин кошумчалады.
XS
SM
MD
LG