Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

Тагдыры татаал Канайым Абдыкеримова


Канайым Абдыкеримова
Канайым Абдыкеримова

Турмуш запкысын өмүр бою тартып келаткан аялдардын бири Канайым Абдыкеримова Алайдан.

Ата-энесинен эрте калып, көрүнгөндүн колунда чоңоюп, кийин үч күйөөдөн үч бала, бир небере тапкан бул аялды бүгүн Ошто "Ак жүрөк" кризистик борбору бала-бакырасы менен чогуу багып жатат.

Көчө турмушуна тушуккан бул аял 46 жашта. Ал эки өспүрүм уулу, 18 жаштагы кызы жана жаңы төрөлгөн небереси менен "Ак жүрөк" кризистик борборуна 25-январда келген.

"Азаттыктын" кабарчысы барган кезде аны борбордун жетекчиси Дарика Асилбекова паспорт үчүн сүрөткө түшкөнү жөнөтүп жаткан экен. Көрсө, ушул убакытка чейин жарандыгын тастыктаган документи да жок тура. Ал тургай туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүгү да бар, же жок экенин билбейт. Анын айынан балдары да эч кандай документсиз чоңойуп жатышат.

"Колунда бар кишилер бизге окшогондорго кичине жардам берип, соопчулук кылып коюшса... Бир жерден ижарага батир алып жашайын десем, ага акча төлөш керек. Ашканаларга барып иштеп, эптеп акча таап жүрөм", - дейт Канайым.

Дарика Асилбекова
Дарика Асилбекова
Гүлчө айылында туулуп-өскөн Канайымдын тагдыры бала кезден эле оор болуптур. Ата-энесинен эрте ажыраган жалгыз кыз туугандарынын колунда чоңойгон. Өзүнүн айтымында, балалыгы оор жумуш менен өткөн. Кир жууп, үй тазалап күн кечирген Канайымдын туугандары аны мектепте да жарытаарлык окутушпаптыр.

Ошентип 17ге толо элек кезинде туугандарынын чечими менен 50 жаштан өткөн кишиге баш кошуптур. Бирок Канайым жаңы турмушунан да бакытын таба алган эмес. Ур-токмоктун тозогуна айланган үй-бүлөлүк жашоо көпкө узабай, бир кыздуу болгондо кайра туугандарыныкына кеткенге мажбур болуптур. Андан соң ар кимдин кеңеши менен дагы 3 жолу турмушка чыккан. Ал баш кошкон бардык эле эркектердин биринчи турмушу, балдары болгондуктан, үй-бүлөлүк жашоосу бир-эки жылдан ашпай ажыраша берген:

"Эрдин жана балдарымдын санын көбөйткөнүм менен, бактылуу жашоо өткөрө алган жокмун", - дейт Канайым.

Анын Ош шаарына келгенине көп болгон жок. Туугандарынан жардам болооруна көзү жетпей, көмөк сурап мэрияга барган кезде ал жердегилер аны "Ак жүрөк" кризистик борборуна жөнөтүшкөн.

Эки айдан бери Канайымга жана анын үй-бүлөсүнө аталган мекеменин жетекчиси Дарика Асилбекова жардам берип жүрөт. Документ алуу, жумуш таап берүү үчүн бир топ жерлерге кайрылган Дарика айым, азырынча эч кандай майнап чыга элек дейт:

- Паспортун өзүмдүн акчама бүтүрүп берейин деп, аракет кылып жатам. Бирок туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болгондуктан кыйынчылык болууда. Бул маселени чечип беришиг өтүнүп, социалдык коргоо башкармалыгына кайрылгам. Натыйжа чыга элек.

Кызбурак
Кызбурак
Көчөдө калган үй-бүлөнү кучагына алган "Ак жүрөк" кризистик борбору Канайымдын 8 жана 14 жаштагы уулдарын Оштогу "Өспүрүм балдарды реабилитациялоо жана адаптациялоо борборуна" жайгаштырган.

18 жаштагы кызы Кызбурак колундагы ымыркайы менен борбордун атайын башкалкалоочу үйүндө жүрөт. Баса, Кызбурактын тагдыры да апасыныкынан кем калышпайт. Мектеп көрбөгөн кызды 16 жашында тааныбаган бирөө ала качып кеткен. Оюнга тоё элек секелектин кедейлиги кайын-журтуна жакпай, боюндагы баласы менен көчө жашоосуна кайткан. Азыр анын уулу Байэл 6 айлык болуп калды. "Ак жүрөктүн" кызматкерлери Кызбуракка тамга таанытып, китеп окуганды үйрөтүп жатышат.

Кызбурак 20га толо элек болсо да жашоодон кыйла түңүлгөнү байкалып турду. Күйөөсүнөн көп запкы жегендиктен, кайра турмуш курбайм дейт:

- Башка күйөөгө тийбейм. Баламды эптеп чоңойтуп алсам, ушул мага карайт. Бизге үйбү, же жерби берип коюшса жакшы болмок. Кыйналсам да, баламды чоңойтуп алсам болду…

Кызбурак көпкө сүйлөшө алган жок. Оор тагдыры тууралуу айтып берүү оңойго турбады окшойт, көзүнө жаш тегеренди да, баласын көтөрүп сыртка чыгып кетти…

XS
SM
MD
LG