Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:14

Ош: жаңы жол үчүн үйлөрдү бузушууда


Бузулуп жаткан үйлөрдүн бири.
Бузулуп жаткан үйлөрдүн бири.

Жаңы жол салуу муктаждыгынан улам Ош шаарынын чок ортосундагы бир канча үйдү бузууга туура келди.

Тургундардын макулдугун алган шаар бийлиги бузулган үйлөр үчүн 32 миңден 36 миң долларга чейин төлөмөкчү. Ага кошумча шаардын четинен жер тилкеси да берилет.

Бирок жашоочуларды жаңы отурукташа турган жердин шарты кабатыр кылууда. Алар ошондой эле үйлөрдү бузууга мамлекет жардам кылбай жатат деп даттанып жатышат.

Оштун тургуну Ханифа Нурматова жашап жаткан турагынан айрылганы аз келгенсип, бийликтердин жардамынан да кур калганына нааразы. Айрымдардын үйлөрүн мэрияданбыз дегендер бузуп берип жатышса, ага жардам колун сунгандар болбоптур:

- Биз өз эркибиз менен макул болгондон кийин мамлекет да келишимде көрсөтүлгөн талаптарын так аткарышы керек. Анткендин ордуна бизди кыйнап жатышат. Үйдү бузууга келгенде жакшы көмөктөшпөй койду. Өзүм туугандарымдын баарын чогултуп бузуп жатам. Менин күйөөм майып, аял башым менен таш-кышты ташып жүрөм.

Жаңы жолдун ордуна үйү туш келип калган Нурил Атажанов да бийликтин жардамына муктаж болгонун айтты.

Атажанов эми быйыл жаңы көчүп барган жерине үй салып үлгүрбөйт. Ага чейин туугандарыныкында батирде жашап турмакчы:

- Биз да үйдү бузуу үчүн жардам сурасак бербей жатышат. Өзүбүз болсо өлүп иштесек да үлгүрбөй жатабыз. Усталарды жалдап, бузуп бергиле десем, кичине эле жерди 5-10 миң сомго кылып беребиз дешти. Айла жок, иштеп атабыз.

Айласыз көчүрүүгө туш келип калган жашоочуларды баарынан да барган жерлериндеги жашоо кабатыр кылууда.

Көнүп калган жеринен айрылып, башка жерде кантип тиричилик өткөрөөрүн да билбегендер бар.

Гүлчөхандын үйү мындан 2 жыл мурдагы кандуу окуяда күйүп кетип жаңы салынган. Аны да бузууга туура келет:

- Менин үйүм 2010-жылы коогалаңда өрттөнүп кетип, анан салынган. Эми минтип кайрадан эле бузулуп жатат. Жаңы кыштардын баары жараксыз чыгып жатат. Буга да макул болоюн десең жаңы жерде кантип жашаарымды билбейм. Ал жерде суу, электр, газ жок болгондон кийин кантип тиричилик өткөрөбүз? Мамлекет бизди үйдөн чыгарыбыз менен эле унутат. Көчүп барган жерибизде да көмөк кылып турушу керек.

Ош шаарынын чыгыш жагынан кирген Монуев көчөсүн Ак-Буура көчөсүнө чейин узартуу маселеси бир топ жылдан бери эле көтөрүлүп келаткан. Муну ишке ашыруу үчүн Гүлчө көчөсүнөн 23 турак жай жана 2 дүкөн бузулду.

Жалаң өзбек тектүүлөр турган үйлөрдө жалпысынан 39 кожолук бар. Ар бир үйгө 30 - 35 миң доллардан компенсация төлөнүп берилди.

Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Абдимитал Калбеков "Азаттыкка" буларды айтты:

- Эми бул жерде чындап келгенде компенсацияга баары ыраазы болушту. Алгач нааразы болуп жатышкан, бирок кийин баары макул болушту. Үйлөрү бузулгандарга акчадан сырткары Амир-Темир кичирайонунан жер тилкелери берилди. Азыр биз 13 үйдү буздук.

Калбеков ошондой эле үйлөрдү көчүрүүдөн атайын саясат издештин кереги жок экенин жана бул жол шаарга абадай зарыл болуп турганын кошумчалады:

- Борбордук базар, "Келечек" базары жакта, Навои көчөсүндө күндө тыгын, күндө ызы-чуу. Бул жол бүтүп калса, толгон-токой көйгөйлөрдү чечип алабыз. Буга чейин эле пландалган иш, болгону азыр ишке ашып жатат. Анан эми мындан шылтоо издеп, ар кандай саясатка байлап, же улуттук маселеге байланыштыруу болбогон иш.

Жаңы жол аяктаса, Монуев көчөсү болжол менен бир чакырымдай аралыкка узарат. Адистер белгилегендей, ноябрда ал толук бүтүп калат.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG