Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:49

Ош: кан жолдогу көкөйгө тийген кырсык


Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл тургундары.9-сентябрь, 2015-жыл
Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл тургундары.9-сентябрь, 2015-жыл

Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл тургундары 9-сентябрда Ош-Бишкек кан жолун тосушту. Алар жолдогу коопсуздук чараларын күчөтүүнү талап кылышууда.

Жергиликтүү тургундардын жаалын кайнаткан мындай окуяга 1-класска жаңы барган баланы унаа коюп кетип, ооруканага жетпей чарчап калганы себеп болгон.

Айыл тургундарынын биринин айтуусунда, жолдо коопсуздук чаралары жөнгө салынбагандан улам кырсыктын кайталанышы көкөйгө тийген.

- Неге эч ким көңүл бурбайт? Жол чырак коюп бергиле деп үч жылдан бери какшайбыз. Өлүм-житим дайыма болот. Мына менин баламды да бир жарым жыл мурун машине коюп кетип каза болгон. Андан бери эч нерсе чечилбейт. Же айыл өкмөт, же МАИ чечпейт. Кечээ дагы бир чырактай баланы машине коюп кетти. Ал дагы өлдү. Жети жашка чыкканына араң эки күн болду эле. Канча адамдар өлүп атат?! Унчукпайбыз! Качып кеткени андан көп. Бир айда 30 адам өлгөн учурлар болгон. Жаңы-Арык үчүн ушул жолго светофор коюлмайынча турабыз!

Жол тосууга топтолгон элди таратууга келген айыл өкмөтү Мурат Матраимов да элдин талабы буга чейин тиешелүү кызматтарга жеткирилсе да эч кандай чара көрүлбөгөнүн жашырган жок.

- Бизде ушул Ош-Өзгөн жолу аябай кооптуу болуп турат. Бул боюнча облустук ИИБнин башчысына кайрылганбыз. Алар бул жол эл аралык трасса деп, светофор койгонго уруксат берген жок. Бирок эми эртеден кечке МАИ турат. Ошентсе да жол эрежесин сактабай ушинтип адамдарды уруп кеткендер болуп атат.

Жаңы-Арыктагы кайгылуу окуя 8-сентябрь күнү таңкы саат сегизде катталган. Кан жолдо кырсыкка кабылган окуучу ооруканага жетип жан берген. Кырсыкка себепкер айдоочу дароо кармалган.

Ачууланган тургундар Бишкек-Ош жолун буушту
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:44 0:00

Жол тоскон тургундар менен сүйлөшүүгө район акими, облустук жана райондук милициянын башчылары барып, кыска убакытта жол боюндагы мектептердин тушуна коопсуздук жабдууларын орнотуу убадасын берди. ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынан Жеңиш Ашырбаев тиешелүү кызматтар кооптуу жерлерди аныктоого азыртан киришкенин билдирди.

- Жергиликтүү тургундар, жол астынан өтүүчү жол куруп бергиле деген да талаптарды айтып жатышат. Учурда жолдун кооптуу участкаларына светофор коюлабы же эл айткандай, жер астынан жол курулабы деген варианттар каралып жатат. Кайсы бири тандалса, анын чыгымдары да аныкталат. Анын үстүнө коопсуздук жабдыктарын бир эле Жаңы-Арыкка эмес, кооптуу айылдардын баарына текши орнотуу каралып жатат. Азырынча жол коопсуздугун Жол кайгуул кызматы көзөмөлдөп турат.

Буга чейин Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылынын тургундары Ош-Бишкек кан жолунда кырсыктар көп катталып жатканына карабай, коопсуздук кызматтары абалга кайдыгер карайт деп нааразы болушкан. Айрым айылдык активисттер өз каражаттарына айылга жол чырак орнотууга аракеттенишип, бирок андан майнап чыккан эмес.

Кара-Суу райондук жол коопсуздук кызматынын алты кызматкери 2103 чакырым жолду көзөмөлдөйт. Анын 67 чакырымы эл аралык унаа жол. Облустар ортолук жолдор 303 чакырым, жергиликтүү каттамдар 1365 чакырымды түзөт.

Ош-Бишкек унаа жолунда акыркы сегиз ай ичинде 79 жол кырсыгы катталып, анын айынан 11 адам каза болуп, 163 адам түрдүү жарааттарды алышкан. Ал эми Ош- Сары-Таш унаа жолунда акыркы сегиз айда 51 жол кырсык катталган. Анын кесепетинен 13 адам каза болуп, 101 адам түрдүү жаракаттарды алышкан.

XS
SM
MD
LG