Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:51

Жол кырсыгында каза болгондор жерге берилди


Оринбаевдерди акыркы сапарга узатуу. Ош шаары, 21-апрель, 2015-жыл
Оринбаевдерди акыркы сапарга узатуу. Ош шаары, 21-апрель, 2015-жыл

19-апрелде Казакстандын Жамбыл облусунда болгон жол кырсыгында кыргызстандык 15 адам мерт кеткен. Өкүнүчтүүсү, алардын бешөө бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон.

Ош шаарынын Шейит-Төбө кварталында жайгашкан Оринбаевдердин үй-бүлөсүндөгү аза тоо менен тең болуп турат. Казакстандагы соңку кырсыкта бул үйдөгү байбиче, келини жана үч небереси менен беш киши чогуу каза тапты. Мерт кеткен 62 жаштагы Мавжуда Оринбаеванын иниси Хабибулла Оринбаев буларды айтты:

- Орусияда бир баласы иштечү. Бала-чакасы менен бир топ жылдан бери ал жакта жашашат. Ошолордон кабар алуу үчүн баратып, ушундай окуяга туш болуп отурат. Эжем өзү менен кошо кызын жана үч небересин алып бараткан экен, алар да кырсыкта каза болуп, күйүп кетишиптир. Азыр биз үй-бүлө, тууган-урук, дендароо болуп, өтө чоң кайгыга батып турабыз. Мындай азапты башка эч бир адамдын башына салбасын...

Көз жумган Мавжуда Оринбаеванын кызы Гавхарай 34кө чыккан эле. Неберелери Хадичахон он эки, Аброриддин тогуз жашта болсо, Аббас болгону 7 жашка толгон экен. Алардын сөөктөрү 21-апрелде жеткирилип, жерге берилди.

Маркумдардын зыйнатына келген Ош шаар жетекчиси Айтмамат Кадырбаев көңүл айтып, президенттин атынан бул үй-бүлөгө 500 миң сом жардам тапшырды:

Тажыяга көңүл айтып келген Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев (солдо).
Тажыяга көңүл айтып келген Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев (солдо).

- Бул эми Алланын айтканы, тагдырдын буйругу экен. Күтүлбөгөн жерден болду, пенде экенбиз, аргабыз жок экен. Бул сиздердин эле эмес, бүтүндөй Ош шаары үчүн чоң жоготуу. Кантсе да баарыбыздын бара турган жерибиз ошол, сабыр кылыңыздар. Президент да сиздердин үй-бүлөңүздөргө көңүл айтып жиберди. Эжелерибиздин, инилерибиздин жаткан жери жайлуу болсун.

Мааледеги экинчи чоң кайгы

Бир үйдөн беш адамдын каза болуп калышы бүтүндөй маалени кайгыга чулгап отурат. Анткени мындан толук бир ай мурдараак эле так ушул кварталда башка бир үйдүн беш мүчөсү Орусияда жол кырсыгына учурап, каза болгон экен. №3 Сулайман-Тоо аймактык кеңешинин жетекчиси Мажит Эрбабаев буларды айтты:

- Жумуш издеп кетип, же Орусияга баратып кырсыкка кабылган мигранттар аябай көп болууда. Мындан бир ай мурда эле ушул эле биздин аймактык кеңештен Мамасыдыковдордун үй-бүлөсүнөн, бир кожолуктан беш адам каза болуп калган эле. Алар Орусиянын Свердловск шаарында кырсыкта набыт кетишкен. Мурдараак Ош шаарынын Он-Адыр аймагынан бир адам миграцияда жол кырсыгына кабылып өлгөн. Эми мына, Оринбаевдердин үйүнөн беш киши каза болду. Булардан башка райондун, облустун башка айылдарында чет элден кырсыкта мерт кеткендер көп болууда. Ошондуктан алыска жолго чыкканда жалаң тажрыйбалуу айдоочулар машине минишсе, жалгыз эмес, шерик шоопур менен жүрүшсө, жол эрежелерин да сакташса жакшы болмок.

19-апрелде Казакстанда кырсыкка кабылган унаа. Анда кыргызстандыктар түшүп бараткан
19-апрелде Казакстанда кырсыкка кабылган унаа. Анда кыргызстандыктар түшүп бараткан

Кырсыкта тобу менен мерт кеткен, же жалгыз-жарым каза болгон окуялар мигрант үй-бүлөлөрүндө алгачкы жолу катталып жаткан жок. Казакстан жана Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттар, алардан кабар алуу үчүн бараткан туугандары, же жөн эле чет жакка чыккан жарандар кабылган окуялар аз эмес.

2012-жылы да Алматы-Астана жолунда 16 кыргыз жараны мерт кеткен эле. Өткөн жылы Орусиянын Калуга облусунда кыргызстандык алты жаран кырсыкта жан берген. Мындан сырткары бирди-жарым мигранттар көп каза болушат.

Мигранттарды тооруган кырсыктар

Адистер да мигранттар негизинен курулуш жана жол кырсыктарында каза табарын белгилешет. Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын адиси Салима Исмаилова буларга токтолду:

- Кыргызстанда жашап жаткан адамдарга салыштырсак, миллион адамдын ичинен канча адам өлсө, миграцияда жүргөн миллион жарандын ичинен деле ошондой эле адам каза болот. Аны табигый нерсе катары кабылдоо керек. Бирок мигранттардын көбү 23-45 жаштардагы жарандар болгондуктан, бул куракта кырсык эле болбосо, оору, же башка нерселерден азырак көз жумушат. Мигранттар көбүнчө курулуштарда кулап кетип, же бир нерсе басып калып же улутчулдарга туш келип калып каза болушат.

Орусияда иштеген эмгек мигранттары
Орусияда иштеген эмгек мигранттары

Узак жолдо кырсыкта каза болгондор көбөйгөнүнө карабай мигранттар арасында унаа менен каттоо кооптуу деп саналбайт. Бир эсе жол акынын арзандыгынан улам да баары бир машине менен барып келишет. Бирок ошентсе да Орусия, Казакстан жана башка өлкөлөргө каттаган айдоочулар көп мезгилде жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна эч кандай жазма түрүндө кепилдик беришпейт. Унаанын ичи эки кабатка бөлүнүп, көбүнчө адамдар жатып кеткенге ылайыкталып жасалат. Оштук байкоочулардын бири Кадыр Кубат буларга токтолду:

- Соңку кездери Орусияга эл ташыган кичи автобустар, "Минивендер" көбөйгөн. Алардын жол киреси поезд же учактыкына караганда бир топ арзан болот. Мисалы, Оштон Москвага 7000, Уфа, Самара, Екатеринбург сыяктуу шаарларга 5000 сомдун тегерегинде барышат. Орусияда бир тыйынды да эсептеп, эптеп иштеп жаткан мигранттар арзандыгына карап, анан көбүнчө машине аркылуу каттаганга ыкташат. Жолдун узактыгы үч күндөн беш суткага чейин созулат. Эми бардык учурда эле алар кырсыктайт дегенден алысмын, бирок узак жолдо кырсыкка кабылуу тобокелчилиги көбүрөөк болот деп ойлойм.

19-апрелде Казакстандын Жамбыл облусунда болгон кырсыкта 16 адам набыт кеткен, анын 15и кыргызстандык болгон. Алар түшкөн “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү кичи автобус Оштон Орусиянын Екатеринбург шаарына кетип бараткан. Ичинде он жети жүргүнчү жана эки айдоочу болгон. Мындан сырткары кичи автобус менен кагышкан “Газел” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, казак жараны да каза тапты.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG