Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Прокурордун орун басарынын сырдуу өлүмү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто өз үйүндө асынып алды делген прокурордун өлүмү боюнча түрдүү божомолдор айтылууда. Башкы прокуратура Ош облустук прокурорунун орун басары асынып алганын тастыктаган. Ал эми жакындары бул маалыматты төгүнгө чыгарышууда.

Ош облусунун прокурорунун орун басары Төрө Кожошевдин сөөгү 10-сентябрда эртең менен Ош шаарынын четиндеги Шарк айыл өкмөтүнө караштуу Медресе деп аталган жаңы конуштагы өзү жашаган үйдөн табылган.

Алгачкы маалыматтарда ал асынып өлгөнү айтылган. Башкы прокуратура да Кожошев өз жанын кыйганын ырастады. Башкы көзөмөл органы бул окуяны териштирүү, иликтөө иштери жүргүзүлөт деп убада кылууда. Мекеменин басма сөз катчысы Жаркынай Азиева "Азаттыкка" буларды айтты:

- Биз Төрө Кожошевдин каза болгонун тастыктайбыз. Бирок учурда териштирүү жүрүп жаткандыктан толук комментарий бере албайбыз.

Төрө Кожошевдин үйү.
Төрө Кожошевдин үйү.

Прокурордун сөөгүн туугандары кичи мекени - Кара-Суу районуна караштуу Таш-Арык айылындагы үйүнө алып кетишкен. Маркумдун жакындары анын асынып өлгөнү тууралуу маалыматты төгүнгө чыгарышууда. Өзүн Кожошевдин жакын досу катары деп тааныштырган Калил Ташиев маркумдун сөөгүн көрүп чыкканын айтты:

- Эртең менен айдоочусу адаттагыдай эле келген экен. Досум ооруп калганын айтып, айдоочусун үйүнө жөнөтүп жибериптир. Аялынын айтуусунда, үйгө кирип жүрөгү кармап калыптыр. Артынан аялы кириптир. Аялы мени чакырганынан барсам ээгин таңып, даярдап коюшкан экен. Бетин ачып көрүп, жүзүнөн өөп, анан кайра жаап койдум. Асынып алды деп ойлобойм. Ал такыр оюма да келбейт.

Маркум Төрө Кожошевди жакындары жүрөгү кармап каза болду деп ырасташууда. Ошол эле учурда ал жашаган айылдын эл башы, күбө катары чакырылган Нурали Зулпукаров асынып өлгөндөй тактарды мойнунан көргөнүн айтты:

- Мени милиция чакырган экен, бардым. Мен барганда милициянын тергөөчү эксперттери сөөктү карап жатышкан экен. Мойнунда жиптин изи бар экенин көрдүм, эксперттер да көрүштү. Сүрөткө тартып, иликтөөгө алалы дегенине туугандары макул болушкан жок.

Төрө Кожошев Ош шаарынын четиндеги жаңы конушка эки жыл мурун көчүп келген экен. Кошуналары аны ызы-чуудан алыс, башкалар менен жакшы мамиле кура алган адам катары сыпатташты.

- Мен жакын кошунасымын. Биз менен мамилеси өтө жакшы эле. Үйүнө да көп чакырчу. Чоң кызматта иштесе да анысына чиренбеген, көчөнү бойлой басканды жакшы көргөн киши эле.

54 жаштагы Төрө Кожошев Ош облусунун прокурорунун орун басары болуп төрт жылдан бери иштеп келаткан. Буга чейин ал Баткен, Ноокат, Кара-Кулжа жана Ноокен райондорунда иштеп келген.

Маркумдун сөөгү 11-сентябрда өзү туулган Кара-Суу районунун Таш-Арык айылында жерге берилет. Маркумдун артында алты баласы калды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG