Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:05

Ош: сойкуканаларды үлкөндөр калкалайбы?


Иллюстрация
Иллюстрация

Ошто милиция байма-бай рейд жүргүзгөн менен сойкуканалардын саны кыскарбаганы айтылууда. Айрым эксперттер бул көйгөйдү сойкулукту мыйзамдаштыруу жолу менен чечүүнү сунуштоодо.

Тартип сакчылары сойкулуктун жана анын эсебинен байыгандардын санынын азайбай жатышына мыйзамдын алсыздыгы себеп экенин айтышат. Айрым талдоочулар болсо, бул “бизнестин” артында үлкөн аткаминерлер тургандыктан аны кан буугандай тыйып салуу мүмкүн эмес дешет.

Ош милициясы 2014-жылы 22 сойкукананы аныктап, алардын администраторлоруна кылмыш ишин козгоп, жаза чарасын чектөөнү сотко тапшырган. Ош шаардык милициясынын маалымат катчысы Замир Сыдыков Оштогу сойкуканалардын көбү сауна деген аттын астында иштерин айтууда:

- Атайын операция алкагында акыркы күндө эки сойкукана табылды. Анда 1991-92-жылы туулган, өздөрүн “элитабыз” деп эсептеген жаш кыздар денесин сатып, иштери аныкталды. Тактап айтканда, алар интим кызматы үчүн саатына 1800 сомдон акча алышкан. Анын 500 сомун саунанын администраторуна төлөп турары далилденди.

Милициянын маалыматында сауналар денесин саткан кыздардан 500 сомдон алып турат.
Милициянын маалыматында сауналар денесин саткан кыздардан 500 сомдон алып турат.

Милициянын билдиришинче, акыркы рейдде "Жетиген" жана "Ак-Буура" сауналарынан сойкукана табылган. "Ак-Буура" саунасы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Урмат Аманбаевага таандык деп эл ичинде айтылып жүрөт. Бирок Ош шаардык милициясы сойкукананын чыныгы ээси тергөөнүн соңунда аныкталарын билдирүүдө.

Экс-депутаттын бир тууганы, акыйкатчы Бакыт Аманбаев «Ак-Буура» саунасы эжесине тиешелүү эместигин “Азаттыкка” билдирди:

- Мен анын кимге таандык экенин билбейм. Мен анын ээси Аманбаева эмес экенин билем. Бул ага каршы уюштурулган кезектеги кара пиар. Менин эжем Аманбаева билимдүү, беш убак намаз окуган адам. Эч качан мындай иштерге барбайт.

Жергиликтүү серепчи Төлөгөн Келдибаев Ош шаарында бул "бизнес” бир топ аткаминерлер колдогондуктан "гүлдөп" атат деген пикирде:

- Саунаны жөнөкөй адам иштете албайт. Оштогу сауналардын баары саясатчылардын, чиновниктердин, депутат, министрлердин ээлигинде. Ошто канча сауна болсо, алардын кимге таандык экенин эл деле жакшы билет.

Ош шаары
Ош шаары

Милиция кызматкерлери учурдагы мыйзамдар менен сойкулукту тыюуга болбосун айтышат. Сойкукана "ачкандарга" да оор жаза каралган эмес. Мындан улам Төлөгөн Келдибаев сойку бизнесин мыйзамдаштыруу керек деген пикирде. Ал мындай ыкма ар кандай жугуштуу оорулардын тарашына бөгөт коймок дейт. Тактап айтканда, түшкөн акчаны денесин саткан кыздардын ден соолугуна жумшоону, аларга көз салууга дарыгер бөлүп берүүнү сунуштоодо.

- Сойкукана уюштурган деген айып менен министрди же парламент депутатын кылмыш жоопкерчилигине тарта албайсың. Алар “имаратты ижарага бергем” деп кутулуп кетишет. Администраторду жазага тарткан күндө деле ордуна башкасы келип иштей берет. Ошондуктан сойкуканаларды мыйзамдаштыруу керек. Анда врачы, тазалык шарттары боло турган талаптарды көзөмөлгө алуу зарыл.

Ош шаардык милициясы денесин саткан 97 кызды каттаган. Бирок эл арасында Оштун Масалиев көчөсүндө эле туруктуу иштеген 300дөн ашык кыз бар экени айтылып жүрөт.

Милициянын маалыматында, Ошто ар бир түнкү көпөлөктүн бир түндүк акысы 2 миң сомдон 5 миң сомго чейин барат. Бирок түнкү көпөлөктөр менен иштеген адистердин айтымында, көпчүлүк кыз-келиндер тапкан акчасынын теңинен көбүн сутенерго карматат. Акыр-аягында саналуусу эле жакшы жолго түшпөсө, калгандарынын ден соолугу менен кошо тагдыры да талкаланат.

XS
SM
MD
LG