Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:04

Ош: чыр коштогон форум


ИИМ, УКМК, жергиликтүү аткаминерлер жана жашоочулардын катышуусундагы форумда балдар арасындагы кылмыштуулукту кыскартуу, дегеле тартипти орнотуу маселелери талкууланды.
ИИМ, УКМК, жергиликтүү аткаминерлер жана жашоочулардын катышуусундагы форумда балдар арасындагы кылмыштуулукту кыскартуу, дегеле тартипти орнотуу маселелери талкууланды.

3-мартта Ош шаарында укук коргоо органдары менен элдин катышуусунда коомдук тартипти сактоо боюнча форум өттү. Бирок ал салтанат менен башталып, ызы-чуу менен коштолду.

Форумда облустагы милициянын жана атайын кызматтын жыл ичинде аткарган иштери айтылды. Ага катышкан ички иштер министри Мелис Турганбаев тартипти сактоодо коомчулуктан жардам сурады.

Министрди тосуп алуудагы салтанат

3-мартта эртең менен Оштогу Улуттук драма театрга уюштурулган “Өнөктөштүк коопсуздукка өбөлгө” аттуу форумга келген ички иштер министри Мелис Турганбаевди жергиликтүү бийлик тизиле шар кармаган окуучулардын, аскердик оркестрдин коштоосунда тосуп алды.

Форумга ИИМ, УКМК, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Ош облусунун жана Ош шаарынын тургундары катышып, кылмыштуулукка каршы биргеликте күрөшүү жолдору талкууланды.

- 2014-жылы өспүрүмдөр арасында эле 86 кылмыш катталган. Бул 2013-жылдагыга караганда аз. Бирок 86 кылмыш деген баары бир көп. Ошондуктан бул иштерди аткаруу биздин эле эмес, коомчулуктун, жергиликтүү бийликтердин да бирден-бир милдети. Ошолорду биргеликте аткарсак натыйжа жакшы болот деген ойдобуз. Ошондуктан форумда да кылмыштуулуктун алдын алуу жолдорун жергиликтүү бийлик органдары менен чогуу иштөө маселелерин талкуулап жатабыз,- деди Ош шаардык милициянын жетекчиси Кылыч Жолдошев.

Ош шаарындагы милиция кызматкерлери
Ош шаарындагы милиция кызматкерлери

Форумга катышууга миңге жакын киши келген. Форумга катышуучуларды каттоо саат 9:00дө башталып, 10:15те драма театрдын эшиги жабылды. Бирок форумга атайын келген бир нече киши ага кире албай эшик каккылап кала беришти. Форумга катыша албай сыртта калган аялдардын бири “Азаттыкка” кайрылып:

- Жергиликтүү бийлик бул кылыгы менен бийликти элге жек көрсөтүп жатат. Арыз-муңубузду кимге айтарыбызды билбей жүрөбүз. Уга турган киши жок. Бекинип алышып өздөрүнчө эле шыбырашып жатышат. Карапайым элди укпай эле “дежурларды” киргизип алса, буларды ким жакшы көрөт? Эл бар үчүн алар министр, эл бар үчүн алар чоң. Аты-жөнүмдү айтпайм.

Форумга электен өткөндөр кирдиби?

Форумга кире албай калгандардын арасында Ош шаардык кеңешинин айрым депутаттары да болду. Алардын бири - Улуттар биримдиги партиясынын мүчөсү Рустам Мирзаматов ички иштер министринин катышуусундагы форумга жалаң гана бийликти мактап, жактагандар киргизилди деген пикирде.

- Жөнөкөй эл менен чогулуп, кылмыштуулук менен күрөшүү, алдын алуу тууралуу талкууга катышуу үчүн келгем. Жергиликтүү бийлик кызматкерлерге расмий түрдө “ар бир аймактык кеңештен бештен адам алып келесиң, бүгүнкү күндө иштеп жаткандарды жамандаган сөз айтса, иштен кетесиң” деп алдын ала эскертишкен. Форумга киргендердин 80-90% Турганбаев эмне десе, ошону угуп гана кете турган адамдар. Жергиликтүү бийлик бизде баары жакшы деп, Турганбаевдин башын айландырганга аракеттенип жатат.

Форумга кире албай калгандардын бири - “Улуттар биримдиги” париясынын мүчөсү Сонунбек Жунусбаевдин билдиришинче, ага катышууга болбой турганын айтып, форумда отурган жеринен чыгарып жиберишкен.

Сонунбек Жунусбаев
Сонунбек Жунусбаев

- Эгерде министр жергиликтүү эл менен көзмө-көз сүйлөшөм, элдин арыз-муңун угам деп келген болсо, анда эшикти ачып кош керек эле. Мына азыр 50-60 аксакал, жаштардан да 50-60 киши кире албай кетишти. Мени болсо отурган жеримден сыртка алып чыгышты.

Бул арада форумга кире албай, сыртта тургандардын саны элүүгө чамалап, алардын арасында бийликти кетирүүгө чакырыктар да айтылып кетти. Бул учурда форумдун өтүшүн көзөмөлдөп турган милиция кызматкерлери окуяга байкоо салып турду.

Милиция: форумдун эшиги баарына ачык

Ош облустук ИИБнин маалымат кызматынын жетекчиси Жеңиш Аширбаевдин айтымында, министрлик иш-чарага бардык тараптардын катышуусуна кызыкдар болгон. Ал чакыруулар үч күн мурун берилгенин, Ноокат районунан келген аксакалдардын иш-чарага кирбей калышы уюштуруучулардын шалаакылыгынан болгонун айтып, алар үчүн форумдун экинчи бөлүгүндө эшик ачык экенин билдирди.

- Драма театрга элдин батпашын эске алып, иш-чараны эки жерге уюштурганбыз. Шаар тургундары үчүн ушул Ош улуттук драма театрына уюштурулган. Экинчиси саат экиде, түштөн кийин облустук администрациянын жыйындар залында өтөт. Азыр бул жерге кире албай калгандар ошол жакка барса болот. Анын үстүнө бул иш-чара партиялар үчүн эмес, карапайым элдин үнүн угуу үчүн уюштурулган. Ал эми ноокаттык аксакалдарды уюштуруучулар форумдун эртең мененки эмес, түштөн кийинки бөлүгүнө туштап алып келиши керек болчу.

ИИМ, УКМК, жергиликтүү аткаминерлер жана жашоочулардын катышуусундагы форумда балдар арасындагы кылмыштуулукту кыскартуу, дегеле тартипти орнотуу маселелери талкууланды. Форумдун биринчи бөлүгүнө жалпысынан 800дөн ашуун киши катышты. Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында 750 орун бар. Форумдун экинчи бөлүгү Ош облустук администрация имаратынын жыйындар залында түштөн кийин уланды.

Ош: форумдагы салтанат менен ызы-чуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:55 0:00

XS
SM
MD
LG