Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:11

Урандылар арасында бир өмүр өтүүдө


Оштун 73 жаштагы тургуну Любовь Голенко төрт айдан бери урандылар арасында күн өткөрүп жатат.

Марттын этегинде күйүп кеткен үйүн калыбына келтирүү үчүн ага жарым миллион сомдой акча керек болууда. Багар-көрөрү жок кемпир жардам сурап, көп жерлерге кайрылгандан майнап чыга элек. Мамлекеттик кызматкерлер ага карыялар үйүндө жашоону сунушташкан, бирок Голенко андай жерге баргысы жок.

- Бул үйдү мен 16 жыл бою маңдай терим менен курган элем. Кыш заводунан жарактан чыккан кыштарды араба менен ташып, үйүмдү бүтүргөм. Жолдун наркы четиндеги балдар бакчасынан 6 жыл бою ремонттон ашкан акиташтарын топтоп, үйүмдү актадым эле. Баары күл болду.

Любовь Голенконун үйү 28-мартта күйүп кеткен. Каралашар кишиси жок болгондуктан өрттөн калган урандылар дагы эле тазалана элек. Ошентип улгайган аял күйүп кеткен курулуш материалдарынын арасында тирилик кылууда.

Ажатканага баруу үчүн деле үйүлүп калган жыгач-шыйпырларды ашып өтүүгө мажбур:

- Картайып калган кемпирдин ушул жерден кантип өтүп жатканын элестетип көрсөңүз. Төрт айдан бери ушинтип, бир жарым метрдей болгон үйүлгөн урандынын үстүнөн тигил-бул жакка өтүп келем. Адамдар жардам берип жатышат. Бирөө жардам болсун деп жыгач алып келет, дагы бири шыйпыр алып келет. Кээ бирлери нан-чай, азык-түлүк көтөрүп келишет...

Любовь Голенко үйү эмне себептен күйүп кеткенин дагы эле түшүнбөйт. Түн ортосунда үйдүн чатырынан от чыккан. Электр тогунан чагылышуу болду дейин десе, ал күнү үйүндө жарык жок болчу. Ал муну көчөдөгү тентек балдардын жоругу болсо керек деп болжолдойт.

Жалын күчтүү болгондуктан, от өчүрүүчүлөрдүн унаасындагы суу да жетпей калган. Өмүр бою топтогон мүлкүнөн бир заматта ажыраган аял көмөк сурап жергиликтүү бийликке кайрылган:

- Үч-төрт күн мурун мэрия мага социалдык коргоо башкармалыгы аркылуу 5 миң сом берди. Ошонусуна да рахмат. Бирок бул акча эмнеге жарайт? Менин колумдан эмне келет?

Любовь айым 5 жарым миң сом пенсия алат. Анысын имаратты жаңылоо максатында топтоп жатат. Күнүмдүк тирилигин өткөрүү үчүн мечитке барып, элден жардам суроого мажбур болгонун айтат:

- “Уш садоси” гезити аркылуу элден жардам сурап, кайрылгам. Жардам бергиси келгендер үйүмө келип, азык-түлүктөн анча-мынча каралашып жатат. Кээде эртең менен ойгонуп, көчөгө чыксам, дарбазанын астына нан, жер-жемиш коюп кетишкен болот. Мечитке барып, намаз окуганы келгендерден да жардам сурап жатам. Садака бергиле дегенден уялам, бирок башка айлам да жок...

Президенттин Оштогу өкүлү Виктор Черноморец жакында эле Любовь Голенконун абалын көрүп келгенин, анын баш паанегин жаңылоо үчүн жарым миллион сом акча керектигин айтты:

- Мен барып, ал кишинин үйүндөгү абалды көрүп келдим. Чын эле оор кырдаалда жашап жатат. Каралашаар кишиси жок. Мен аны карыялар үйүнө жайгаштырып коёюн деп сунуш кылдым. Кантсе да ал жерде үч маал тамак, жашаганга шарт бар эмеспи. Бирок Любовь айым буга такыр көнбөй койду. Ага кантип жардам берүүнүн жолдорун издештирип жатам. Толук болбосо да, үйүнүн бир бөлүгүн оңдоп, жашаганга шарт жаратып беребиз.

Любовь Голенко 38 жыл бою Ош жана Жалал-Абаддагы медициналык мекемелерде медайым болуп эмгектенген. Кызы жана уулу экөө тең экинчи топтогу майып. Алардын бири Орусияда, бири Казакстанда турат.
XS
SM
MD
LG