Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:46

Өспүрүмдүн өлүмүнө мечит себепкерби?


Кыргызстанда балдардын мектепке эмес, мечитке барган учурлары көп каттала баштады.
Кыргызстанда балдардын мектепке эмес, мечитке барган учурлары көп каттала баштады.

Ош шаарынын Жапалак айылында 8-класстын окуучусу асынып алган. Маркумдун атасы муну диний ишенимдин таасиринен көрүүдө.

Өз жанын кыйган Жеңишбек Чоңмурунов айылдагы №34 Чолпонбай Түлөбердиев атындагы орто мектептин 8-классында окучу. Ал 21-февралда өзү жашаган үйдө асынып алган. Баланын атасы Базарбек Чоңмурунов уулунун өлүмүнө диний ишеним себеп болгон деп эсептейт:

- Мечиттеги молдолор өспүрүм балдарга ар нерсени айта бербеши керек да. Балдар бейиш тууралуу эле уга берсе, кыйналганда же бирөөгө таарынганда ошол жакка эле кетейин дейт да. Уулум акыркы кезде мектепке барбай, сабагын таштап салган. Анан эле ушу окуя болду. Азыр өзүмө келе албай жатам. Жеңишбек мурдагыдай эле тамаркада ырдап, короо-жай жыйнап, мал жайгарып жүргөндөй сезиле берет.

Ош аймагында балдардын мектептен качып, мечитке ыкташы көп айтылганы менен чечилбеген маселе бойдон калууда. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов ата-энелер балдардын баскан-турганын дайыма көзөмөлдөшү керек дейт:

Жума намазга барган окуучулар.
Жума намазга барган окуучулар.

- Мектеп окуучуларын "мечитке баргыла" деп мажбурлабаш керек. Эч бир мектепте андай көрсөтмө берилбейт. Бирок окуудан тышкаркы учурда ата-эне дагы баласынын кыял-жоругундагы өзгөрүүлөргө көңүл бурушу зарыл.

Адистер мектеп саясатты окутпаган сыяктуу эле мечиттер да балдарга диний маалыматтарды үстүртөн берүү менен чектелсе туура болот деген пикирде.

Бирок Ош облусунун казысы Самидин Атабаев муунган баланын окуясын кокустук катары баалап, бейиш-тозок тууралуу айтылып турганы ашыкча болбойт деп ишендирди:

- Бейиш - тозок тууралуу баяндар Курани каримдеги бизге берилген аяттар. Тиги дүйнөнүн барына ишенүү ыймандын шарты. Жума намазда бейиш жана тозок тууралуу айтпай коюуга болбойт. Мектеп курагындагы балдарды биз жаман жолго түрткөн жокпуз. Ата-энеге кайрымдуу, мекенди сүйгөн, ыймандуу адам болушуна багыт берип турабыз. Кокустукту мечиттен көргөн болбойт.

Мектеп окуучуларын "мечитке баргыла" деп мажбурлабаш керек. Эч бир мектепте андай көрсөтмө берилбейт.
Куштарбек Кимсанов

Бул арада Ош шаардык милициясы асынып алган Жеңишбектин өлүмүнүн себептерин иликтей баштады. Шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков:

- Экспертизанын жыйынтыгы жана биз топтогон оперативдүү маалыматтардын негизинде тергөө башка багытта өрчүшү мүмкүн. Анткени айрым күбөлөрдүн көрсөтмөсүндө өспүрүм мечитке каттай баштагандан бери кулк-мүнөзү өзгөрүп кеткени айтылган.

Өткөн жылы Ош шаарында 31 адам өз жанын кыйган. Анын бири өспүрүм болгон. Ал эми Ош облусунун аймагында өткөн бир жыл ичинде 14 өспүрүм өзүнө кол салган. Адатта мындай окуялар иликтенбей жабылуу аяк жабылуу бойдон калып келет.

XS
SM
MD
LG