Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Ошто “террорчу” деп шектелген бир адам өлтүрүлгөнү маалымдалды


Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды.
Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды.

Бүгүн Ошко жакын Кара-Суу шаарында “террорист” деп шектелген адамдардын тобуна каршы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин атайын операциясы болду. Анын натыйжасында шектелген адамдардын бири өлтүрүлгөнүн “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинен билдиришти. Бирок кеңирирээк маалымат алууга азырынча мүмкүн болбой жатат.

"Азаттыктын" Оштогу кабарчысынын маалымдашынча, Оштон Кара-Сууга кире бериштеги жол тосулган, унааларды укук коргоо органдары тыкыр текшерүүгө алышууда. Бир нече блок-посттор коюлганы тууралуу да маалымат бар.

Бүгүн “Рейтер” маалымат агенттиги Кыргызстандын тартип коргоо органдарындагы жана атайын кызматтарындагы булактарына шилтеме жасап, “Ошто террористтердин киришине бөгөт коюлганы” тууралуу кабарлаган. Андагы кабарга караганда, белгисиз адамдардын тобу бир маршруткада адамдарды барымтага алышкан. Операция учурунда маршруткадагы 15 жүргүнчүнүн эч кимиси жабыркабаганы маалымдалды.

27-сентябрда президент Роза Отунбаева Коргонуу кеңешинин жыйынын өткөрүп, анда шайлоо алдында "жалпысынан республикадагы коопсуздук боюнча кырдаал татаал" деп белгилеген.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG