Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:11

Көзгө сүйкүм оюнчуктун көмүскө зыяны


Ошто журналисттер жана ата-энелер чогулуп Ош санэпидемкызматына текшертүүгө тапшырган кытай оюнчуктарынан балдардын ден соолугуна зыяндуу заттар табылды.

"Кара-Суу" базарынан сатып алынган 17 желим оюнчуктун экөөндө формальдегид жана фенол ашыкча экендиги аныкталган. Адистер мындан ары бул оюнчуктарды сатып албоого тургундарды үндөөдө. Ал ортодо айрым ата-энелер болсо үйдөгү кытай оюнчуктарды өрттөй тургандыктарын айтышууда.

Оштогу журналисттер жана ата-энелер топтолуп, "Кара-Суу" базарынан алган желим оюнчуктарды жана металл идиштерди мындан бир апта мурдараак адистерге тапшырган эле. Кадимки эле соода жайлардан сатылып алынган оюнчуктардан зыяндуу заттар чыгып жатканы алардын баарын таң калтырып отурат.

Ош облустук санэпидем көзөмөл кызматынын башкы дарыгеринин орун басары Артык Эралиев экспертизанын жыйынтыгы тууралуу мындай дейт:

- Журналисттер берген 17 түрдүү оюнчук лабораториядан анализден өткөрүлдү. Анын ичинен 6 оюнчукта коркунучтуу, ден соолукка зыян келтире турган каражаттар табылган жок. 7 оюнчукта мындай заттардын бар экени аныкталды, бирок алар нормага ылайыктуу келет. Ал эми дагы эки оюнчукта, атап айтканда кирпиче менен желим топчодо формальдегид жана фенолдун 2-3 эсе ашыкча экендиги табылып атат.

Зыяндуу делген топ менен кирпиче
Зыяндуу делген топ менен кирпиче
Эралиевдин айтымында, 1-2 жыл мурда текшерүү жүргүзүшкөндө да абал ушундай болчу. "Андан бери кызматыбыз өзгөрүп, кайра ордуна келгиче толук иш алып баралбай келдик",- дейт ал:

- Бул уулуу элементтер балдардын ден соолугуна албетте терс таасирин тийгизет. Биринчи кезекте жыты, сыясы колдоруна зыян алып келип, аллергия болушу мүмкүн. Мындан башка дем алуу органдарына таасир этип, приступ чакырышы ыктымал. Ошол себептүү, биз буга көзөмөлдү күчөтүшүбүз керек. Чек арадан өткөрүп жатканда ушул сыяктуу товарлардын документтерин толук карап, адамдын ден соолугуна зыян келбейби, жокпу жакшылап изилдеп, анан киргизишибиз керек.

Ошентсе да ооруканаларга бул оюнчуктардан жабыр тартып кайрылгандар дээрлик кездешпейт. Анткени бул заттардын таасири көп убакыт өткөндөн кийин билиниши мүмкүн. Ош облустук балдар ооруканасынынын дарыгери Элнура Жумашева:

- Бизге келген балдардын аллергия болушуна балким ушундай оюнчуктар себепкер. Анткени ооруп кайрылган балдардын көбүнүн апасы да, атасы да мындай дартка чалдыкпаганын, жок жерден туруп эле башталып кеткенин айтышат. Бирок конкреттүү түрдө "мага бул оюнчуктан жукту, ушул буюмдан минтип аллергия болдук" деп кайрылгандар жок. Азыр бизге бала бир буюмду жутуп алса, же бир жерин кертип алса келет, бирок жукту дегендер жокко эсе. Бирок ошол эле кезде эскертип коюш керек, эгерде кайсы бир буюмдан, же оюнчуктан оору жукса, ал дароо эле билине койбойт. Бир, же 4-5 айда байкалат.

Чет өлкөдөн келген буюм-тайымдарды текшерүү акциясы “Биом” бейөкмөт уюмунун колдоосунда ишке ашты. Демилгени журналист Жылдыз Бекбаева көтөрүп чыккан:

- Оюнчуктар бир чети арзан, анан бир чети көзгө сүйкүмдүү. Ошого карап ата-энелер балдарына ушул сыяктуу оюнчуктарды сатып беришет. Ал эми балдар муну жөн эле ойнобойт, даамын татып көрөт, тиши чыгып калган балдар тиштеп, чайнап, кемирип көрөт. Анан тамагы сезгенип, ашказан, бөйрөктөрү ооруп атат. Бул азыркы күндүн эң талылуу маселеси.

Ошол эле кезде экспертизага тапшырылган Кытайдан келген жибек оюнчуктар менен металл идиш-аяктардан бул зыяндуу заттар табылган жок. Ага карабай айрым ата-энелер балдары буга чейин колдонуп келген оюнчуктарды өрттөй турганын айтып чыкты. Оштогу ата-энелердин бири Айбек Асан уулу:

- Көзүм менен көрүп таң калып атам. Ошол зыян деп айтылып жаткан оюнчуктар бизде эс алуу жайларында өтө көп сатылат. Мына мен өзүм деле эс алып чыгып калган мезгилде балдарыма сатып берип койчумун. Бала деген бала да, кызыгып жатса, пайда-зыянын ойлобой эле алып беребиз. Мына эми көрүп, билип, сергек болуш керек экен деп ойлонуп атабыз. Азыр үйдө балдарыма алып берген оюнчуктарды иргейин деп атам. Зыяндуу делгендерди топтоп туруп ыргытам, же өрттөп жиберем.

Ата-энелер жана журналисттер бул акциянын жыйынтыгынан бийликтер, бажы кызматтары бир бүтүм чыгарат деп үмүт артышууда.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG