Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:21

ОшТВ өкмөткө өткөнү калды


ОшТВнын "Күнчабыт" маалымат программасы.
ОшТВнын "Күнчабыт" маалымат программасы.

Оштогу райондор аралык экономикалык сот ОшТВ телеканалынын буга чейинки сатылышы жана сатып алынышы мыйзамсыз болгон деген чечим чыгарды.

Соттун бул чечимине ылайык, эми телеканал мамлекеттин карамагына өтүшү керек.

“Улак тартыш” уланууда

2010-жылдагы июнь коогасынан кийин Ош шаарынын ошол кездеги мэри Мелис Мырзакматовдун ээлигине өтүп, дээрлик 3 жыл бою азыркы өлкө бийлигин сындап, жакында эле орусиялык жаранга сатылды делген ОшТВ телеканалы мамлекеттин карамагына өткөнү турат. Ош облустук райондор аралык соту аталган медианын буга чейин сатылышы жана сатып алынышы мыйзамсыз болгон деп чечим чыгарып, шаардык прокуратуранын доо арызын канааттандырды.

Юстиция министрлигинин юридикалык жактарды каттоо башкармалыгынын өкүлү Эмир Зулпуев мыйзамга ылайык, ОшТВга бүгүн мурдагы ээси Халилжан Худайбердиев ээлик кылып калганын айтат:

- 2010-жылы кайра катталган документтердин баары соттун чечиминин негизинде жокко чыгарылып, 1998-жылдын 28-августуна катталган абалына келтирилди. Жетекчиси Халилжан Худайбердиев.

Сот Ош шаардык прокуратурасынын доо арызынын негизинде ушундай тыянакка келгенин айтууда.

Шаардык прокуратуранын башчысы Атай Шакир уулу прокуратура мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп сотко кайрылганын белгиледи:

- Мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп, прокуратура доо арыз берген. Соттун чечими менен телеканал мурдагы ээси Худайбердиевге өттү, анын үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу да соттун чечими бар. Эми ОшТВ мамлекеттик мүлк болуп калды.

Колдон колго өткөн телеканал

ОшТВ шаардын тегерегиндеги айылдарга чейин көрсөтүлгөн түштүктөгү эң ири медиалардын бири. Аны негиздеген ишкер Халилжан Худайбердиев Ош окуясынан кийин АКШга баш калкалап кеткен. Кийин ал телеканалды Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов куралчан адамдардын коштоосунда коркутуу аркылуу сатып алганын айтып чыккан эле.
Х.Худайбердиев менен К.Кошбаев кол койгон келишимдин фото көчүрмөсү 2-июль, 2010-жыл (1-бет)
Х.Худайбердиев менен К.Кошбаев кол койгон келишимдин фото көчүрмөсү 2-июль, 2010-жыл (1-бет)

Үч жыл бою Мырзакматовго кызмат кылган ОшТВ ал мэрлик шайлоодо утулуп калгандан кийин орусиялык Максим Кротов деген жаранга сатылганы айтылган.

ОшТВнын азыркы жетекчиси Шаирбек Маматокторов оппозициялык маанайдагы телеканалды бийлик тартып алууга ачык жан үрөп жатат деген ойдо:

- Бийлик төрт жыл бою эмнени
Х.Худайбердиев менен К.Кошбаев кол койгон келишимдин фото көчүрмөсү 2-июль, 2010-жыл (2-бет)
Х.Худайбердиев менен К.Кошбаев кол койгон келишимдин фото көчүрмөсү 2-июль, 2010-жыл (2-бет)
күтүп отурду улутташтырбай? Эмне үчүн биринчи кожоюн экинчи кожоюнга мүлктү сатканда унчугушпайт? Экинчиси үчүнчү кишиге, орусиялык жаранга саткандан кийин ушундай чатак чыгып жатат. Бул эл аралык чатакка айланат, мамлекет ачык эле басып алып жатат. Инвестицияларды коргоо мыйзамына ылайык, мындай нерсе таптакыр мүмкүн эмес.

Жеке булактар билдиргендей, буга чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун өкүлү ОшТВнын жетекчисине соттун чечимин көтөрүп барып, анын иш ордун талашуу менен мындан ары телеканал мамлекетке өткөнүн маалымдаган. Бирок Маматокоторов иш бөлмөсүн бошотуп берген эмес.

Эми ОшТВ жакынкы күндөрү шаар бийлигине өтүп, жаңы мэрдин ишмердигин жигердүү чагылдырууга киришээри айтылууда.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG