Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:02

Үлпөт кортеждерин азайтуу мүмкүнбү?


Декабрдын ортосунда Ош шаардык кеңеши үйлөнүү үлпөтүнө чыккан кортеждеги машинелердин саны төрттөн ашпасын деген токтом кабыл алган.

Шаар тургундарынын көпчүлүгү мындай чечимди туура деп эсептегени менен, айрымдар муну адам укугун бузуу деп баалашты.

Ош шаары үйлөнүү үлпөтүнө чыккан машинелердин саны боюнча өлкө аймагында алдына эч кимди салбасы тууралуу соңку учурда көп айтылчу болду. Калаадагы нике кортеждери аз эле дегенде кымбат баалуу он машине менен коштолот. Мындай абал шаарда ансыз да бийликти да, жөө жүргөн адамдарды да жүдөтүп келаткан машине тыгынынын ого бетер көбөйүшүн шарттап жатат.

Курманжан Датка көчөсүндөгү Бакыт үйүнө жакын жайгашкан Алымбек Датка эс алуу жайы дайыма үйлөнүп жаткан жаштарга толуп турат. Келин-күйөө жоро-жолдоштору, курбулары жана тууган-туушкандары менен тойду дал ушул жерден башташат. Бир эле учурда 4-5 жуп келгендиктен Курманжан Датка көчөсүнө жаштарды коштогон кортеждер толтура. Ушундан улам бул тегерек дайыма азан-казан түшүп, жол талашып, кээде урушуп-сөгүшүп жатып калышат.

Соңку учурларда колукту-күйөөнү коштоп чыккан машинелер жыйырмага чукулдап баратат. "Лимузин" күнүнө 12 миңден 15 миң сомго чейин, "Жип" үлгүсүндөгү машинелер 5 миң сомдон, "Мерседестер" 3-5 миң сомдун тегерегинде ижарага берилет. Үлпөт тоюна чыккан машинелер шаар көчөлөрүндө башкаларды жөөлөп, жол беришпейт. Ошондуктан кооптуу абал пайда болуп, башкалардын нааразылыгын жаратууда.

Жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн маалыматы боюнча, шаарда соңку бир жыл ичинде кортеждердин катышуусунда кырсыктар каттала элек, бирок кооптуу абалдын жаралышына дал ушул кортеждер себеп болуп жатат.

Акыры жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы шаар кеңешине бул маселени чечүү жагын сунуштап, анын негизинде депутаттар 18-декабрда токтом кабыл алган. Шаардык кеңештин төрагасы Таалай Сабировдун айтымында, токтомго ылайык мындан ары үлпөт кортеждеринин саны төрттөн ашпаш керек:

- Бир эле үйлөнүү тоюна ондон ашуун машине чыкканы айрым үй-бүлөлөргө каржылык зыян келтирүүдө. Мисалы, бир эле "Жип" 5000 сомго чыгат экен. Аз эле дегенде 10 машине чыкканын эске алсак, 50 миң сом машинеге сарпталууда. Ар бир машинеде төрттөн адам болот. Он машинеде 40 адам. Аларды коноктош үчүн кафеге алып барат, ага да 50 миң сомдой акча кетет. Той башталганга чейин эле ЗАГСтын өзүнө 100 миң сом кетип жатпайбы. Ошондуктан биз үйлөнгөндөрдү коштоп чыккан унаалардын саны сүрөткө жана видеого тартып жүргөн машинени эсепке албаганда төрттөн ашпасын деген токтом кабыл алдык.

Облус борбору болгондуктан Ошко туш-туштагы райондордон үлпөт кортеждери келет. Токтомго ылайык, шаардын кире беришинде турган Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын өкүлдөрү төрттөн ашуун унааны калаага өткөрбөйт. Жашоочулардын көпчүлүгү депутаттардын бул чечимин колдоорун айтууда. Алардын бири - айдоочу Ыдырыс Исаков:

- Эгер эл өзүн өзү тыйганда, мындай токтом, мыйзамдарга зарылчылык болбойт эле. Адамдар өзүн тыя албай жатпайбы. Бул ашыкча чыгым да болгону аз келгенсип, жолдордо да кооптуу абал жаралууда.

Деген менен депутаттардын чечимин адам укугун бузуу катары баалагандар да жок эмес. Калаа тургуну Акыл Орозматтегиндин айтымында, үйлөнүү той кишинин жеке иши болгондуктан, ага жогору жактан тыюу салууга негиз жок:

- Бизге өкмөтпү, же мэриябы той өткөрүп алгыла деп акча берген жок. Биз аны өз каражатыбызга өткөрүп жатабыз. Он машенеде чыгабы, жыйырма машине жалдайбы, ар кимдин өз иши. Мен өзүм каалагандай той өткөрө албаймынбы? Чектөө киргизүү – адам укугун, менин укугумду бузуу деп эсептейм.

Үйлөнүү кортежиндеги машинелердин санын кыскартуу боюнча токтомдун аткарылышы Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматында иштегендердин мойнунда. Бирок аны аткарбагандарга кандайдыр бир чара колдонуу механизми азырынча иштелип чыга элек.

Ушундай эле чечим буга чейин Ноокат, Өзгөн райондорунда жана Жалал-Абад шаарында да кабыл алынган. Бирок токтомго баш ийбегендерди жазалоо механизми жазылбагандыктан, ал жерлерде депутаттардын чечими максатына жетпей келет.

Тасмада: Британ канзаадасынын үйлөнүү тою

Британ канзаадасынын үйлөнүү тою
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:13 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG