Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:38

Аттокуров: Жылуулук бергенге даярбыз


Оштогу көп кабаттуу үйлөрдүн бири
Оштогу көп кабаттуу үйлөрдүн бири

Ош калаасынын кышка камылгасы тууралуу “Азаттыкка” Ош шаарынын жылуулук электр борборунун директору Анарбек Аттокуров маек курду.

- Ош шаары өткөн жылдагы коогалаңдан кийин бир топ зыянга учураган. Азыр кышка даярбы?

- Ушул тапта Ош жылуулук электр борбору кышка даярдык иштерин дээрлик бүтүп калды. Кыш мезгилинде жылуулук жана ысык суу бергенге даяр. Бүгүнкү күндө отун маселеси толугу менен чечилген.

Азыр Ош жылуулук борборунда 14 миң 459 тонна мазут бар, 10 миң тонна даярдашыбыз керек эле. Бул өкмөттүн тапшырмасына караганда 115 пайызга, өткөн жылга салыштырмалуу 9 миң тоннага көп. Өткөн жылы ушул маалда болгону 5 миң тонна гана мазут болгон.

Андан сырткары кварталдык жана магистралдык жылуулук түтүкчөлөрүндө бардык жумуштар бүттү. Кудай буйруса 25-октябрдан тарта гидро жумуштарды баштайбыз. Ал бүткөндөн кийин толук жылуулук берүүгө даярбыз.

- Ош шаарында көп кабаттуу 650 үй бар экен, алардын 100гө жакын үйлөрүнөн жылуулук берүү түйүнүн алдырып салышкан экен. Булардын маселеси кандай чечилет, же жалаң эле электр кубатын пайдаланышабы?

- Бул 1991-жылдан тарта жылуулук албай калган үйлөр. Ал үйлөрдүн баары жеке менчик. Батирдин ичиндеги жылуулук түтүкчөлөрдүн иштери аткарылбай калып, жылуулук ала алышпай калган. Ал биздин күнөө эмес, жашоочулар өздөрү ошол иштерин түзөткөндөн кийин биз ар убакыттан кийин жылуулук берүүгө даярбыз.

- Ушул маселеге да көңүл буруп атасыздарбы? Себеби жарык кээде өчүп калышы ыктымал да.

- Бул боюнча иштер жүрүүдө. Ушул жылы көп кабаттуу эки үйдү уладык. Андан сырткары жаңы салынган үйлөрдө да улап, жылуулук берүүнү баштаганбыз.

- Коогалаңда бир топ жылуулук, газ түтүктөрү өрттөнүп, жараксыз болуп калган эле, алар азыр толук калыбына келтирилгенби?

- Ош жылуулук электр борбору Ош шаарынын борбордук көчөлөрүн, 15 чакты медициналык мекеме, 23 мектеп, 12 балдар бакчасы жана башка 63 бюджеттик уюмду тейлейт. Бирок биздин абоненттер жапа чеккен жок. Коогалаңдуу күндөрү Ош жылуулук тармактарын биз коргоого алып, бир дагы адамды жакындаткан жокпуз.

- Коогалаңдан кийин да мектептер, көп кабаттуу үйлөр салынды. Аларга жылуулук берүү маселеси кандай чечилди? Кышында мектептерде окуучулар үшүп калбайбы деген маселе турат?

- Биздин аймакта жайгашкан мектептердин дээрлик бардыгында жылуулук берилет. Жаңы түшкөн үйлөр, мисалы, Раззаков көчөсүндө 75 батирлүү үй бүткөн, жылуулук алышууда.

- Ошол эле жер үйлөр салынган. Аларга көмүр таратылдыбы?

- Аларды билбейт экем. Себеби жер үйлөр жылуулукту бизден алышпайт.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG