Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:37

Жоюлган дирекция жолун жапкан төбөлдөр


Мамлекеттик дирекция курган үйлөр. Ош шаары, 28-июль, 2012
Мамлекеттик дирекция курган үйлөр. Ош шаары, 28-июль, 2012

Жоюлуп кеткен Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциясында иштеген аткаминерлер азыркы кызматтарынан алына баштады.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 23-июлда өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Кадаңбай Бактыгуловду иштен бошотту. Өкмөт башчы анын алдындагы маалымат жыйында аталган дирекциянын жооптуу кызматкерлери азыркы ээлеп отурган жумуш ордунан бошотуларын айткан.

Жооптуу кызматтарга "жооп бербейби?"

Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк мамдирекциядагы ири каржылык мыйзам бузууларга, үйлөрдүн сапатсыз курулушуна жана миллиондогон каражаттын эсебинин жоголушуна жол бергендердин учурда жооптуу кызматтарда отурушу мыйзамсыз деп Оторбаевге кат жолдогон болчу.

Кадаңбай Бактыгулов мамдирекцияны мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жетектеп турган чакта анын орун басары болуп иштеген.

23-июлда премьер-министр Жоомарт Оторбаев Бактыгуловду өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары кызматынан бошотту. Буйрукта бирок иштен алуу себеби көрсөтүлгөн эмес. Анын алдындагы маалымат жыйында Оторбаев дирекциянын жооптуу кызматкерлери азыркы иш орундарынан бошотуларын айткан:

- Жогорку Кеңеш өзүнүн токтому менен Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясын текшерүү боюнча өкмөткө да, Эсеп палатасына тапшырма берген. Бирок Эсеп палатасы текшерейин десе керектүү документтердин көбү жок болуп чыкты. Ошондуктан алар бизге кат жөнөттү. Мындай катты парламенттеги коалициялык көпчүлүк да жазды. Мамдирекциянын жетекчилери толугу менен иштен алынат. Ал эми документтерди кайра калыбына келтирүүгө жөнөтүп жатабыз.

Жогорку Кеңеште коалициялык көпчүлүктү түзгөн Социал-демократтар, “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракцияларынын лидерлери Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясында иштеген аткаминерлер боюнча өкмөт башчыга 22-июлда кат жолдогон.

“Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев ири каржылык мыйзам бузууга жол берген аткаминерлердин кайра жооптуу кызматтарда отурганы мыйзамсыз деп атады:

- Мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев дагы ушул маселеден улам, эл ишенимин жоготту деген жүйө менен кызматтан кетти. Бирок анын орун басарлары, акчалардын сарпталышына түздөн түз жоопкер адамдар азыркыга чейин жогорку кызматтарда жүрөт. Анын негизинде коалициялык көпчүлүктү түзгөн фракциялардын лидерлери мындан бир ай мурун өкмөткө өзүбүздүн позициябызды жөнөткөнбүз. Тилекке каршы өкмөт ошондон бери ак, же көк дебейт. Ошондуктан аны элге жарыялап, өкмөттүн эсине салып коюуну туура деп чечтик.

Парламенттеги коалициялык көпчүлүк кызматтан алынсын деп жаткандардын арасында Жалал-Абад облусунун башчысы, мамдирекциянын мурунку жетекчисинин орун басары Жусупжан Жээнбеков дагы бар. “Азаттык” Жээнбеков менен байланышып, бул боюнча пикирин сурады:

- Алар мени эмне себептен кызматтан кетсин деп жазып жатканын түшүнбөй жатам. Ошол жоголуп кетти деген документтер сакталган архивдин деректири болбосом, архивден келген тактама боюнча тапшырылган кагаздардын баары турган болсо мага айтылып жаткан дооматка түшүнбөйм. Бирөө айтса эле иштен алынгыдай оюнчук эмеспиз да. Оторбаев менен эртең жолугам.

Оппозициялык күчтөр болсо мамдирекцияда иштеп кеткен аткаминерлердин азыркы кызматтарынан алынсын деген талапты сынга алып жатат.

Мыйзам бузулдубу?

Депутат, Улуттук оппоизициялык кыймылдын лидери Равшан Жээнбековдин пикиринде, бул өкмөт башчы өзү чечим кабал ала албай турганын көрсөттү, андан сырткары бул мамлекеттик кызмат тууралуу мыйзамды бузуу болуп эсептелет:

- Мамлекеттик кызматта иштеген адам тууганы, же партиялашы, же болбосо санаалашы болбой калса, же жакпаса кызматтан алып салган учурлар болот. Бирок мыйзам боюнча, Эмгек кодексине ылайык адам эгер иштей албай жатса, коюлган тапшырмаларды аткара албай калса, же болбосо ал адам сот чечими менен күнөөлүү деп табылса гана жумуштан алынат. Коалициялык көпчүлүктүн азыркы аракеттери премьер-министр куурчак өкмөт башчы экенин, алардын айтканынан чыга албай турганын дагы бир жолу көрсөттү.

Жогорку Кеңеш ушул жылдын февраль айында аталган дирекциянын ишин эки айдын ичинде кайра текшерип чыгууну Эсеп палатасына тапшырган. Башкы прокуратура болсо дирекциянын жетекчилеринин ишине укуктук баа берүүгө милдеттендирилген. Депутаттык комиссия дирекциянын биринчи төрагасы, мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевди “ири каржылык мыйзам бузууга жол ачкан, үйлөр сапатсыз курулган, миллиондогон каражаттын эсеби жок" деп айыптаган.

Бир айдан кийин “Ата Мекен” ушул эле жүйө менен коалициялык көпчүлүктөн чыгып, өкмөт ыдыраган жана анын негизинде Жантөрө Сатыбалдиев премьерликтен кеткен.

XS
SM
MD
LG