Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:40

Коалиция спикерликке Жээнбековду, премьерликке Бабановду тандады


Жогорку Кеңеш төрагалыгына Асылбек Жээнбеков, өкмөт башчылыкка Өмүрбек Бабанов башкаруучу коалициянын бирдиктүү талапкери катары аныкталды.

Бүгүн Жогорку Кеңеште төрт фракциядан куралган башкаруучу жаңы коалиция түзүлдү. Анын курамына КСДП, "Республика", "Ата Мекен" жана "Ар-намыс" фракциялары кирди. Тарап кеткен мурдагы башкруучу коалицияга кирген "Ата-Журт" партиясы бул сапар оппозицияда калды. Президенттик шайлоодон кийин көпчүлүк коалиция түзүү милдетин жаңы шайланган мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Кыргызстан социал-демократтар фракциясына берген эле.

Ошентип бүгүн коалиция түзүлгөн соң Жогорку Кеңеш төрагасы жана өкмөт башчы үчүн талапкерлер көрсөтүлүп, эки фракция гана Жогорку Кеңеш төрагалыгына талапкерлерин жылдырды. КСДП Асылбек Жээнбековду чыгарса, "Ар-намыс" Абдрахман Маматалиевдин талапкерлигин көрсөттү. Бирок кыска тыныгуудан кийин Маматалиев өз талапкерлигин алып салды. Натыйжада Асылбек Жээнбековдун талапкерлиги жалгыз добушка коюлуп, 75 депутат колдоду. 8 депутат каршы болду.

Премьер-министрлик үчүн Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин болсо "Республика" фракциясы көрсөткөн. Аны менен кошо дагы үч талапкер көрсөтүлдү. "Ар-намыс" фракциясы Нариман Түлеевдин талапкерлигин сунуштаса, КСДП депутаты Исмаил Исаков "Ак шумкар" партиясынын төрагасы Темир Сариевди, "Ата Мекен" фракциясындагы депутаттык топ Равшан Жээнбековду көрсөттү. Бирок Темир Сариев талапкерлигин алып салып, депутаттар үч талапкер үчүн гана добуш беришти. Талапкерлер "жумшак рейтинг" аркылуу тандалды.

Натыйжада Өмүрбек Бабанов 52 добуш менен алдыга чыкты. Нариман Түлеев 26, Равшан Жээнбеков 5 добуш алды.

Эми коалициялык көпчүлүк тандаган бул талапкерлер эмки шаршембидеги парламенттин жалпы жыйынына коюлат.

Асылбек Жээнбеков
Асылбек Жээнбеков

Асылбек Жээнбеков парламентке КСДП фракциясы аркылуу келген, бир жылдан бери төраганын орун басары. Буга чейинки чакырылыштагы парламентте да депутат болгон. Кесиби боюнча айыл чарба адиси жана экономист. Анын бир тууган агасы Сооронбой Жээнбеков ушул эле партиянын атынан Ош облусунун губернатору. Асылбек Жээнбековдун ысмы канткен менен коомчулукка көп деле белгилүү эмес. Ага караганда экөө бир муундан болсо да өкмөт башчылыкка тандалган Өмүрбек Бабановду эл жакшы билет.

Кандай болгон күндө да башкаруучу коалициянын бүгүнкү тандоосунан кийин бул эки талапкер тең көрсөтүлгөн орундарга биротоло шайланаарынан көпчүлүк күмөн санабай калды.

Өкмөт башчылык үчүн тандоодо алдыга чыккан Өмүрбек Бабанов азыр биринчи вице-премьер жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Бабановдун саясаттагы жылдызы 2005-жылдан тарта жана баштаган. Ага чейин ишкерлик менен шугулданып келген Өмүрбек Бабанов бул жылы андагы президент Акаевдин бийликтен кетишине себеп болгон ызы-чуулуу парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. 2006-жылы президент Бакиевдин бийлигине оппозиция болгон “Реформа үчүн” кыймылынын алдыңкы катарында туруп, ошондогу айтылуу ноябрь митингдеринде бийликке каршы катуу сөздөрү менен көпчүлүктүн көзүнө түшкөн.


Кийин Бакиев бийлиги бекемделип, ал парламент таратылган соң, 2007-жылкы партиялык тизме менен өткөн парламенттик шайлоого Кыргызстан социал-демократтар партиясынын тизмеси менен катышкан. Анда Бабановдун Казакстандын жараны экени айтылып, а түгүл Бишкектин Биринчи май райондук соту аны шайлоо тизмесинен чыгарып салган. Бирок Жогорку Сот мындай чечимди кайра жокко чыгарып, талашка чекит койгон.

Бирок шайлоодон кийин тизме башындагы ордун кийин өткөөл мезгилдин президенти болгон Роза Отунбаевага бошотуп берген.

Бир аз убакыттан кийин, 2009-жылы Бабановдун ташы кайра өйдө кулап, Курманбек Бакиевдин өкмөтүндө биринчи вице-премьер болду. Бирок бул кызматта бир жылга жетпеген убакыт - январдан октябрга чейин гана иштеди. Коомчулукта анын ошол кезде президенттин уулу Максим Бакиев менен жакшы мамиледе болгону тууралуу да кеп тараган.

2010-жылы апрелде бийлик алмашып, Бакиевдер өлкөдөн куулгандан кийин Бабанов кайра саясатка аралашат. Бул жолу ал “Республика” партиясын түптөп, октябрдагы парламенттик шайлоого катышат. Анын партиясы бул шайлоодо парламентке өткөн беш партиянын ичинен үчүнчү орунду камсыз кылган.

Башкаруучу коалиция түзүү боюнча алгачкы аракеттер үзгүлтүккө учураган соң андагы президент Роза Отунбаева бул милдетти “Республика” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго тапшырып, “Республика”, КСДП, “Ата-Журт” фракцияларынын ортосунда коалиция түзүлгөн. Ошол эле жылы декабрда биринчи вице-премьерликке шайланган. Быйыл 1-декабрдан бери премьер-министрдин милдетин аткарууда.

Өмүрбек Бабанов 41 жашта, 1970-жылдын 20-майында Таластын Кара-Буурасындагы Чимкент айылында туулган. 1993-жылы Москвадагы Тимирязев атындагы айыл чарба академиясын аяктаган. Үй бүлөлүү, үч баланын атасы.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG