Линктер

дүйшөмбү, 26-август, 2019 Бишкек убактысы 09:15

Парламентте депутаттын макамы талашка түштү


Парламентте “Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизилүүдө.

Мыйзам толук кабыл алынса депутаттардын фракциялардан сырткары топторго биригүүсүнө мүмкүнчүлүк берилет. Бирок депутаттык топтордун статусу кандай болоору белгисиз.

Кыргызстан Конституциясынын 70-беренесинде депутаттар фракцияларга биригет деп гана жазылган. Башка депутаттык топ, группалар жөнүндө сөз жок. Бирок буга карабай Жогорку Кеңештин биринчи жыйындарында эле фракциялардын чечимине баш ийбеген депутаттар чыккан.

Парламенттик шайлоодон кийин КСДП, “Ата-Журт” жана “Республика” фракциялары биринчи коалиция түзгөндө “Ата-Журттан” шайланып келген депутат Марат Султанов жана Садыр Жапаров фракциянын чечимине баш ийүүдөн баш тартып, коалицияга кирбей коюшкан. Андан кийин бул тенденция уланып отуруп, “Ар-намыс”, “Ата Мекен” жана “Ата-Журт” фракцияларында ири жаңжалдарга алып келди. “Ата Мекен” фракциясы андай жаңжалдын айынан Равшан Жээнбеков жана Өмүрбек Абдырахмановду катарынан чыгарууга барса, “Ар-намыс” жана “Ата-Журт” фракциялары ушул кезге чейин өз депутаттарын тартипке сала албай келатат.

Мына ошол өз фракциялары менен тил табыша албаган депутаттар, депутаттардын өзүнчө топторго бириге алуусун мыйзамдаштырууга аракет жасоодо. Маселен, “Депутаттардын статусу жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү “Ата-Журттан” шайланган, бирок фракция лидерлери менен келише албаган Хаджимурат Коркмазов сунуштаган.

Мыйзам долбоору парламентте кызуу талаш-тартыш эле эмес, парламентти таратууга алып келет деген ойлорду да жаратты.

“Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин төрайымы Айнуру Алтыбаева парламентте топтордун түзүлүшүнө жол берүү парламентаризмге терс таасирин тийгизет жана парламенттин тарашына өбөлгө түзөт дейт:

- Анткени бул мыйзам ишке кирип калса, ансыз деле де-факто топ-топ болуп бөлүнүүлөрдү, Конституцияны бузуу менен де-юре бекитип берсек, анда парламенттеги бөлүнүүчүлүк тенденцияларды күчөтөт. Парламенттин тарашына шарт түзөт.

Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасынын орун басары, “Республика” фракциясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов фракциялардан сырткары депутаттык топторду түзүүнү саясий себептери бар деп эсептейт:

- Азыркы кырдаалда максат эмнеде экени түшүнүктүү. Азыр эптеп коалицияны сактап калыш керек. Же болбосо жаңы коалиция түзүүгө келгенде бир фракциянын депутаттары бир партиядан шайланып келген менен көпчүлүк мезгилдерде ойлору башкача болуп жатат. Ошондон улам өзүнүн фракциясы менен коалицияга киргенге, же чыкканга мүмкүнчүлүк ала албай эле түрдүү варианттарды сунуштап жатышат.

Бекматовдун айтымында, депутаттык топторду түзүүгө уруксат берүү бөлүнүп-жарылууну ого бетер күчөтөт.

Депутаттар Курманбек Дыйканбаев, Каныбек Иманалиев, Равшан Жээнбеков жана КСДПнын бир катар мүчөлөрү депутаттык топтордун түзүлүүсүн жакташууда.

Равшан Жээнбековдун айтымында, фракция лидерлеринин басымына каршы болгон депутаттар топторго биригүүгө аргасыз. Демократиялык өлкөлөрдө депутаттардын өз фракцияларынан кетип, башка топторду түзүүсү кадырэсе көрүнүш, дейт Жээнбеков.

Фракция лидерлеринин көпчүлүгү болсо мыйзамга кескин каршы чыгууда.

Парламентте кызуу талаш-тартышты жараткан мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Эми экинчи окууга коюла турган мыйзамда депутаттык топтун статусу, ыйгарым-укуктары кандай болоору аныкталган эмес дейт Равшан Жээнбеков:

- Азырынча муну биз так билбейбиз. Бирок Конституцияда жазылуу да, коалицияны фракциялар гана түзө алат деген.

Демек депутаттык топтордун фракция катары коалиция түзүүгө катышуусуна юридикалык негиз жок, деп кошумчалады Жээнбеков.

Мына ушундай талаш-тартыштарды жараткан мыйзамдын экинчи окуудагы тагдыры кандай болушун так айтуу азырынча татаал.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (18)

XS
SM
MD
LG