Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:30

Бийлик сунуштаган шайлоо эрежеси өтпөдү


Парламенттик шайлоо ушул жылдын соңунда өтүшү керек.
Парламенттик шайлоо ушул жылдын соңунда өтүшү керек.

Парламенттеги башкаруучу эки фракциянын лидерлери сунуштап, андагы үчүнчү фракция лидери, атургай президент колдогон шайлоо тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушу Жогорку Кеңеште колдоо тапкан жок.

КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков менен “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов шайлоо босогосун жогорулатууну сунуштаган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке алып кирген. Анда партия шайлоого катышкан шайлоочулардын 10 пайыздан кем эмес добушун алалбаса парламентке кире албай турганы көрсөтүлгөн.

Ошол эле сунуштун дагы бир пунктуна ылайык, парламентте төрттөн кем эмес партия өкүлдөрү келүүсү шарт экени жазылган. Бул тууралуу "Ар-намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов мындай дейт:

- Кандай гана болбосун 4 партия келиши керек. Бир партия 10 же 50 пайыз добуш алса, калган үч партия 1 пайыздан добуш алса да парламентке келет. Алардан аз добуш алган бешинчи партия парламентке кире албайт. Бул демократиялык, жакшы вариант.

Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Өткөн парламенттик шайлоодо 5 пайыздык босогону 5 гана партия басып өткөнүн эске алсак, он пайыздык ченди андан көп партия өтүшү күмөн. Мыйзамдын негизги максаты да парламентке келе турган партиялардын санын чектөө болчу.

Бул сунушту “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев, атургай саясий туруктуулук үчүн Жогорку Кеңешке үч-төрт гана партия келиши керек деп эсептеп, президент Алмазбек Атамбаев да кубаттаган.

Бирок көпчүлүк депутаттар, анын ичинде Мирлан Бакиров мындай босого жаш партиялар үчүн бийиктик кылат деп каршы чыгышты:

- Ар бир партияга мүмкүнчүлүк бериш керек. Бүгүнкү 7 пайыздык босого эң оптималдуу. Ошондо жаш партиялар да, аксакал партиялар да бирдей шартта күч сынашат. Күчтүү партиябы, же башка партиябы, 7 пайызды багындырдыбы - ал парламентке келиш керек. Канчалык көп шайлоочулардын пикири эске алынса, ошончо жакшы. Демек босого мындан да төмөн түшүш керек.

Ошентип, жалпы жыйындагы добуш берүүдө сунуш колдоо тапкан жок. Жогорку Кеңештеги Регламент жана депутаттык этика боюнча комитет төрайымы Айнуру Алтыбаева сунуш ушуну менен актуалдуулугун жоготконун билдирди:

Айнуру Алтыбаева
Айнуру Алтыбаева

- Бул Конституциялык мыйзам болгондуктан 80 добуш менен өтүшү керек эле. Бирок 50 депутат макул, 49у каршы болуп, сунуш өтпөй калды. Регламент боюнча жалпы жыйынга алты айдан кийин алып келе алат. Башкача айтканда бул мыйзам алдыдагы шайлоого кечигип калды. Кийинки чакырылыштагы депутаттар караса болот эми.

Мыйзам долбоору өлкөдөгү эң үлкөн төрт саясатчынын колдоосуна ээ болсо да өтпөй калганы башкаруучу коалициянын ичинде ача пикир арбындыгынан кабар берет дейт саясат талдоочу Марс Сариев:

- Шайлоого жакындап калганда ушундай сунуштар жараянды көзөмөлдөп, атайын долбоор менен кайсы бир партияларды парламентке келтирүүгө аракет кылды деген шекти туудурат. Эртерээк болсо да бир жөн эле. Негизинен мыйзам өтүшү керек болчу. Өтпөй калганы - көпчүлүк коалиция ичинде ойлогондой ынтымактын жоктугунан болду.

Марс Сариев
Марс Сариев

Парламенттик шайлоо ушул жылдын соңунда өтүшү керек. 2011-жылы депутаттар шайлоо тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизип, парламентке келүү босогосун 5тен 7 пайызга көтөрүшкөн. Бул мыйзам менен Жогорку Кеңешке шайлоо өтө элек.

Бирок мында дагы талаштуу жактары көп дегендер бар. Алсак, шайлоо мыйзамдарына ылайык, бир партия канчалык көп добуш алса дагы парламентте 65тен көп орун ала албайт.

Мындай шартта 7% бир гана партия багындырса кандай болот? Ал эми эки гана партия босогодон өтө алса бийликти белгилүү, аз гана адамдар тобу ээлеп калбайбы деген чочулоо бар. Бул боюнча эгер өзгөртүү киргизебиз десе, депутаттарда азырынча убакыт бар.

XS
SM
MD
LG