Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:37

Парламент өкмөттүн жаңы курамын бекитти


Кыргызстандын жаңы өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов "Азаттыктын" интернет-эрөөлүндө. 13-октябрь, 2011-ж.
Кыргызстандын жаңы өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов "Азаттыктын" интернет-эрөөлүндө. 13-октябрь, 2011-ж.

Жогорку Кеңеш премьер-министр Өмүрбек Бабанов башында турган өкмөттүн жаңы курамын бекитти.

Парламенттин кезексиз отурумунда өкмөттүн жаңы курамы үчүн 113 депутат добуш берди. Оппозициядагы "Ата Журт" фракциясы добуш берүүнүн алдында тыныгуу алган. Андан кийин фракция лидери Камчыбек Ташиев "Ата Журт" өкмөттүн жаңы курамын колдоорун, Бабановго 3 ай убакыт берип, ошондон кийин гана өз баасын беришерин билдирди.

Өмүрбек Бабанов сунуш кылган өкмөттүн программасы үчүн 116 депутат добуш берди.

Бабановдун программасы үч баскычка бөлүнөт. Программада өлкөдөгү туруктуулукту сактоо, реформаларды ишке ашыруу, Кыргызстан өзүн өзү камсыздай ала турган экономикага жетишүү жана негизги өнүгүү багыттары камтылган. Жаңы өкмөттүн курамында 15 министрлик жана бир мамлекеттик комитет бар.

Өкмөттүн жаңы курамы төмөнкүдөй болду:

Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев (КСДП)
Экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев (“Ата Мекен”)
Социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Гүлнара Асымбекова ("Ар-намыс")
Өкмөттүн аппарат жетекчиси Төрөгул Беков ("Республика")

Каржы министри Акылбек Жапаров ("Ар-намыс")
Экономика жана антимонополдук саясат боюнча министр Темир Сариев (Ак-Шумкар-КСДП)
Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов ("Ата Мекен")
Энергетика жана өндүрүш министри Аскар Шадиев ("Республика")
Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев (КСДП)
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов ("Республика")
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев ("Республика")
Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева (КСДП)
Билим берүү жана илим министри Канатбек Садыков (КСДП)
Транспорт жана жол министри Калыкбек Султанов ("Ата Мекен")
Социалдык жактан коргоо министри Равшан Сабиров ("Ата Мекен")
Жаштар министри Алиасбек Алымкулов (КСДП)
Айыл чарба министри Сапарбек Тынаев ("Ар-намыс")
Маданият министри Ибрагим Жунусов (“Ата Журт”).

Коргоо министрин президент дайындайт.

XS
SM
MD
LG